Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Эмнеге цемент кымбаттап кетти?


Бишкекте цементтин бир тоннасы 7000 сомго чыкты. Бир ай мурда эле ал 4000 сомдон сатылып жаткан. Цементтин кыска мөөнөттө кескин кымбатташы курулуш иштеринин токтошуна алып келип, карапайым калкты бир топ кыйын абалда калтырды. Баанын көтөрүлүшүн көпчүлүк ортомчулардан көрүүдө.

Бишкек шаарындагы Көк-Жар жаңы конушунда орун алган соода жайында цемент жок жана ага болгон суроо талап деле байкалбайт. Мунун себеби баа өтө эле жогорулап кеткендигинде. Мындан эки жума мурун бир мүшөк цемент 230 сом турган, бүгүн болсо ал 370 сомго сатылып жатат. Курулуш иштерине эң керек болгон цементтин баасынын өсүшү, бул тармакта кызмат көрсөткөн жумушчуларды ишсиз калтырса, карапайым калктын чөнтөгүн жукартууда.

- Мен цемент алайын деп келсем, баасы асмандап кетиптир. Акчам жетпей, албай калдым. Эми курулушту токтотуп, цементтин арзандаганын күтөм. Азыр курулуш материалдарынын баарынын наркы төмөндөп жатат, цемент болсо, тетирисинче, кымбаттап, түшүнүксүз абал жаралууда. Арзандаса соода жакшы жүрүп, ишканага да пайда келмек. Эки мүшөк цементтин акчасына, бир кап ун алсам мага пайдалуу болот экен, - деди жаңы конуштун тургуну Азиз Мусаев.

Канттагы Цемент-шифер комбинатында бир тонна цементтин баасы, кошумча нарк салыгын кошпогондо, 2945 сомду түзөт. Бул нарк монополияга каршы күрөшүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик Агенттик тарабынан бекитилген. Бирок жер-жерлерде цементтин баасы өкмөттүн наркынан эки эсеге кымбат болуп, 7000 сомду түзүүдө. Мунун себеби сырьелордун камбаттагандыгына байланышуу, дейт монополияга каршы күрөшүү агентигинин өкүлү Райым Рустамов.

- Цементтин баасынын көтөрүлгөндүгү сырьелордун наркына байланыштуу болууда. Асбест Казакстандан алынып келинет. Анын баасы жогорулады. Эсептешүүлөр доллар менен жүрөт, бул валютанын дагы наркы өсүүдө. Газ кымбаттап, заводду ишетүү мазутка өткөн эле. Ал дагы чоң чыгымдарга алып келүүдө. Бул чыгашаларды биз эске алып, заводдон чыккан продукциянын наркын 20% көбөйткөнбүз.

Кант цемент-шифер комбинатынан аталган продукцияны сатып алып, кайра Бишкекке алып келип саткан Айбек “Баанын кымбатташына ортомчу фирмалар күнөөлүү” дейт.

- Цемент кымбаттагандыгына байланыштуу соода болбой калды. Заводдо цементтин баасы 2950 сом, бирок бул баа менен бизге сатышпайт. Алар ортомчуларга гана беришет. Себеби алар акчасын жарым жыл мурун төлөшөт. Биз ортомчулардан 6500 сомдон алып, аны мүшөктөп ар-бир кабын 350 сомдон өткөрүп жатабыз. Мурда беш күндө 14-15 тонна цемент сатчубуз. Азыр аны жарым айда араң өткөрүп жатабыз.

Кант цемент-шифер комбинатынан алдын ала төлөө жолу менен “Гранит”, “Кум-Шагыл”, “Аска-Таш” сыяктуу фирмалар цементти бир нече ай мурун сатып алып коюшат. Мындай ортомчу фирмалар заводдо ондоп саналат. Аларды ооздуктаган эч ким жок өңдөнөт. Анткени 3000 сомдон алган цементин алар жөнөкөй элге эки эсе кымбат баада сатышууда.

XS
SM
MD
LG