Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:34

Борончу кантип банкрот болду?


"Быйылкы туристтик сезонду ачуу максатында көлгө барып, Ысыккөл районунун акими Турусбек Мансуровдун кесепетинен 172 800 сом карыз мойнума илинип калды", деп куудул Борончу Кудайбергенов маалымат каражаттарына банкрот болгонун билдирди. Ал эми Ысыккөлдүн акими Борончу жөн гана догурунуп жатат, деп чыгымдарды эч кандай төлөп берүүгө келишим болбогонун, эч кандай карызы жоктугун маалымдады.

"Куйручук" маданий борборунун жетекчиси Борончу Кудайбергенов жакшы тилек менен "Ысыккөл-2007" аталыштагы көлдүн туристтик сезонунун ачылыш аземин өткөрүү демилгесин көтөрүп чыгат. Аталган демилгени аттуу-баштуу куудулдар, белгилүү ырчылар колдоого алышып, элүүгө жакын маданий ишмер 28-июнда борбордон Чолпонатага барышат.

29-30-июнда Чолпоната шаарынын ат майданында көлдүн ачылыш аземи болуп, ага жергиликтүү жетекчилер да келишет.

"Куйручук" маданий борборунун жетекчиси Борончу Кудайбергеновдун айтымында, Ысыккөл районунун акими Турусбек Мансуров “150дөй кишинин билетин мен төлөп берем “деп концертке бекер киргизип жиберген. Калган эл “эмне үчүн биз акы төлөшүбүз керек” дешип, эшик тоскондор ээлик кылалбай баары бекер кирип кетишкен.

- Биздин концерт койгонго көп чыгым кетет дегенибизге түшүнбөй, элдин көпчүлүгү сүрмө топ болуп, "аким отвечает" деп бекер кирип кетишти.
Ошентип, акимдин бир эле сөзүнөн мен банкрот болуп калдым. Тактап айтканда, 172 800 сом карыз мойнума илинип калды. Керек болсо, артисттердин төрт саат ырдап бергениңерге ырахмат деп, курсагын тойгузмак түгүл, жаткызганга жерим жок кыйналдым. Артисттерди аксакалдаштыра эптеп пансионатка жаткырып, батпаганын автобуска жаткырдым. Техникалык кызматкерлер эшикте калып калды. Алардын тамак-ашы жүрөгүмдү өйкөп, ыңгайсыз абалда болдум. Анткени, элдин баары бекер кирип, колубузда "живой" акча жок болуп калды. Себеби, аким Турусбек мырза көлдүктөрдү бекер киргиз дебегенинде койгон концертибиз өзүн-өзү актамак. Мен мындай ыңгайсыз абалда калмак эмесмин. Учурдан пайдаланып, ал кишиге кайрылгым келет.


Бул окуяга күбө болгон “Бешилик” куудулдар театрынын жетекчиси Рахман Разыковдун пикиринде Борончу 80ге жакын артистерди көлгө алып барып, “концертти бекер койгула” деген акимдин айынан көп чыгым болгон.

Бул жагдайдын чын-бышыгын билүү үчүн Ысыккөл районунун акими Турусбек Мансуровго телефон аркылуу кайрылганымда Борончу Кудайбергенов менен эч кандай концерт коюу тууралуу келишим болбогонун, колунда жок 150 кишини бекер кийирип, жардамчылары алардын ачкасын төлөп бергенин, концертке кетирген чыгымын жаба албай Борончу догурунуп жатканын, ага эч кандай карызы жоктугун билдирди.

Ал эми Борончу Кудайбергеновдун айтымында негизи чыгым 201 миң 400 сом болгон.

Анын 28 миң 700 сомун "Замандаш" ассоциациясы жардам катары төлөп берген. Эмдиги жылы туристтик сезондун ачылышында көлдүк ишкерлер бардык чыгымдарды төлөп берүүгө убадасын беришсе, эл аралык деңгээлдеги концерт, ат оюндарын өткөрүүгө кудуретибиз жетет.

Аким убадасын аткарбагандыктан маалымат каражаттарына кайрылуу аргасыз болдук, дейт Борончу Кудайбергенов.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG