Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:16
Форумдун катышуучулары. Сан-Марино, 12-апрель, 2013.
Форумдун катышуучулары. Сан-Марино, 12-апрель, 2013.

LIVE BLOG: Кыргыздар Сан-Маринодо

Сан-Маринодо дүйнөдөгү кыргыз диаспораларынын II форуму аяктады. Эки күндүк талкуулардын соңунда атайын резолюция кабыл алынды.

Кыргызстандыктардын Kyrgyz Club эл аралык бирикмеси уюштуруп жаткан бул иш-чара эки күнгө созулат.

Анын башкы максаты - дүйнөнүн чар тарабында жүргөн кыргыз жарандарынын башын бириктирүү, тажрыйба алмашуу жана өлкө келечеги үчүн биргелешип иштөө. Форум туурасында ал жерде катышып жаткан “Азаттык” радиосунун жетекчиси Венера Сагындык кызы жана “Kyrgyz Club” эл аралык бирикмесинин Калифорниядагы өкүлү Жаныш Осмонов айтып берди.

“Азаттык”: - Венера айым, Сан-Марино кандай таасир калтырды?

Венера Сагындык кызы: - Форумдун Сан-Маринодо уюштурулушу баарыбызга таңгалычтуу болду. Биз Прагадан кетип жатып, чет өлкөлүк тааныштарыбызга “кыргыздардын Сан-Маринодогу эл аралык форумуна баратабыз” десек, “ой, кыргыздар аябай байып кеткенсинер го!” деп күлүштү. Анткени бул жер байлар жашаган аймак болуп саналат экен. Бир дөңсөөдө жайгашкан аябай кооз жер экенине күбө болдук. Уюштуруучулар балким, Европадагы эң кооз жана Кыргызстанга окшош тоолуу аймакты тандаса керек.

Биз түндө келип түштүк. Ошол учурда уюштуруучулар “мына Кыргызстандан бир микроавтобус менен келишти ” деп элди тосуп алып жаткан экен. Ал жерде белгилүү ишкер Табылды Эгембердиев, ырчы Саламат Садыкова, дагы бир машине менен Германиядан келген кыргыз музыканттары, догдур болуп иштеген кыргыз жигиттери келип түшүп, кымгуут болуп жатышты. Анда мен сөздү “Kyrgyz Club” эл аралык бирикмесинин Калифорниядагы өкүлү Жаныш Осмоновго узатайын.

“Азаттык”: - Жаныш мырза, быйылкы форумдун өзгөчөлүгү эмнеде болот?

Жаныш Осмонов: - Биринчи форум былтыр Нью-Йорк шаарында өткөн. Күндөн күнгө биздин мекендештер чет мамлекеттерге чыгып, диаспоралар чоңоюп жатат. Ошолордун башын кошуп, курч суроолорду талкуулоо үчүн форумду баштаган элек. Быйылкы иш-чара ошол форумдун уландысы болуп саналат. Мындан ары жылда өткөрүп туралы деп ойлоп жатабыз.

“Азаттык”: - Форумду Европадагы эң кичине көз карандысыз мамлекет болуп саналган Сан-Маринодо өткөрүүнүн бир сыры барбы?

Жаныш Осмонов: - Биз былтыртан бери жалаң эле АКШда эмес, башка мамлекеттердеги мекендештердин да башын кошуп, ал жерлерде “Kyrgyz Club” бирикмесинин жергиликтүү өкүлчүлүктөрүн ачып келе жатабыз. Италиядагы кыргыздар бизге былтыр кошулуп, экинчи форумду Сан-Маринодо өткөрүүнү сунуштаган. Италиянын өзүндө биздин уюмдун өкүлчүлүгү жок. Сан-Маринодо болсо ачканбыз. Сан Марино өтө кичинекей шаар экен, 30 миң адам жашайт. Римден 400 километр аралыкта жайгашкан.

“Азаттык”: - Форумга катышуучулардын активдүүлүгү кандай? Мисалы, салыштырып жатсаңыз керек, былтыр кандай келишти эле? Быйыл келгендер
көппү?

Жаныш Осмонов: - Быйыл деле көп. Болжол менен 70-80 киши катталды. Менин оюмча, акыркы жылдары чет жерлерде кыргыз форумдары көп өтүүдө. Былтыр Түркияда кыргыз бизнесмендеринин форуму болду, Кыргызстанда да уюштурулду. Элдин активдүүлүгүн бизге келген көптөгөн каттар, сунуштардан улам билсе болот.

“Азаттык”: - Форумдун негизги максаты кандай жана бул жолу эмнеге басым жасалат?

Жаныш Осмонов: - Бүгүнкү форум үч секцияда өтөт. Анда кыргыз диаспоралары кайсы мамлекет болбосун жергиликтүү бийлик менен кандай иш-чараларды уюштурса болорун аныктап, анан жалпы эле кыргыз мигранттарынын суроолоруна ар бир диаспора атайы платформа түзүп, ошол негизде иштесекпи деп ойлоп жатабыз. Чет өлкөгө жаңы келген мекендештерге билим алуу, бизнес ачуу жагынан жардам берүү боюнча бир канча платформаларды түзөлү деген да ой болууда.
18:01 14.4.2013
Кийинки форум Орусияда өтөт

Ишембиде кечки 6га дейре кызуу талкуудан кийин ар кайсы мамлекеттерден келген 10 делегаттан куралган Жумушчу топ түзүлдү. 10 чакты жободон турган резолюция кабыл алынды. Жалпы чечимдер тууралуу кийинчерээк өзүнчө макалада кабарлайбыз.

Кыргызстандыктардын Италиядагы бирикмеси кечинде мыкты сый тамак уюштуруп, Эл артисти Саламат Садыкова, германиялык кыргыз музыканттары Тимур Бектурган, Нури Садыгаалы эки сааттан ашуун созулган чыгармачыл концерт беришти. Баарынан да коштошуу кыйын болду, чет жерлерде өз жерин, элин сагынып калган жердештер далайга маектешип, чер жазышып отурушту.

Аягында айтаарым, бул жыйынга эч ким расмий түрдө чакырылган эмес. Интернеттен жарыяны окуп, биз да өз ыктыярыбыз менен, өз каражатыбызга келип катыштык. Баары тең ошентишти. Эки күн аябай кызыктуу баарлашуу, талкуу болду. Чынында эмгекчил, кара жанын карч уруп бутуна туруп келаткан мекендештер чогулушту. Эмки форум 2014-жылдын апрель айында Орусияда өтмөй болду. Ал жакка да каалагандардын баары барып катыша алат.

"Күч бирдикте!" деген ураан алдында чогулуп жатан кыргыз диаспоралары буюрса, келечекте коомдук бир чоң кыймылга айланышы ажеп эмес деген ишенич жаралды. Билимдүү, элине пайда келтире турган жаштарды көрүп, сөзсүз ошондой болот деп ишене туралы.
20:09 13.4.2013
Болот Отунбаев, Кыргызстандын Германиядагы элчиси:

Федерациябы, айтор ортодо бир расмий каттала турган жалпы уюм түзүү керек. Бир катар диаспоралардын коомдук уюмдары бар, бирок алар эч жерде расмий катталган эмес. Катталбаса, аларды расмий мекемелер тааныбайт. Ушул форумдун бардык чечимдерин, резолюциясын маалымат каражаттарында жарыялагыла. Мындан ары да бардык проблемаларды онлайн аркылуу талкуулагыла. Эл аралык форум - чет өлкөлөрдөгү диаспораларды бириктирип, баарын талкуулаган аянтчага айланды. Бирок андан ары да иш жүргүзүү керек. Резолюцияда кыргыз өкмөтү менен биргелешип иштей турган бир катар жоболор бар экен. Мисалы, чет өлкөлөрдө билим алып, тажрыйба топтогон жаш адистердин тизмесин түзүп, аларды Кыргызстанда жумушка орноштуруу демилгеси. Ушундай планыңар тууралуу өкмөткө кат жазып кайрылдыңарбы? Ушул иштердин баарын турмушка ашыра турган орток уюмбу, же кеңешпи, шайлоо керек.
20:04 13.4.2013
Кыргыз диаспораларынын орток федерациясын түзүү азырынча ишке ашчудай эмес. Уюштуруу, иш жүргүзүү, көзөмөлдөө жагы аябай көп талаш-тартыш жаратты. Федерация түзүүгө колдоо көрсөтө турган жумушчу топ түзүү сунушу талкууланып жатат. Былтыр Нью-Йорктогу форумда кабыл алынган резолюцияда жазылган жоболордун дээрлик баары аткарылган эмес. Бул ирет жок дегенде реалдуу резолюция кабыл алуу сунушу көп айтылууда. Кезектешип улам бир диаспора жоопкерчиликти өзүнө алып, бир жылдан орток федерациянын ишин жүргүзүү сунушу колдоо тапкан жок.

"Азаттыктын" түз эфиринде Айбек Сарыгул Кыргызстан-Түркия достук жана маданият Кеңешинин төрагасы маек курду:

Бүгүн кыргыз диаспоралардын өкүлдөрү канткенде бир орток уюм же кеңеш түзө алабыз, канткенде ортодогу көйгөйлөрдү биргелешип чече алабыз деген маселени кызуу талкуулап жатышат. Бул талкууларга кечээтен бери Кыргызстандын Германиядагы элчиси Болот Отунбаев дагы катышууда. Ал өкмөттүн өкүлү катары дүйнөнүн чар тарабынан чогулган кыргыз диаспоралардын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берүүдө.

Социалдык жана маданий секциядан кыргыз мигранттары топтошуп жашаган жерлерде кыргыз тилин окутууну уюштуруу, жумуш орундары тууралуу маалымат борборун түзүү сунушу айтылды.

Кыргызстан-Түркия достук жана маданият Кеңешинин төрагасы Айбек Сарыгул, "Азаттык" радиосунун директору Венера Сагындык кызы, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Болот Отунбаев, Шоро" компаниясынын жетекчиси Табылды Эгембердиев, Финляндияда турган эркин журналист Асыран Айдаралиев, Кыргыз клабдын Италиядагы жетекчиси Жанатбек Шаршеев
Кыргызстан-Түркия достук жана маданият Кеңешинин төрагасы Айбек Сарыгул, "Азаттык" радиосунун директору Венера Сагындык кызы, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Болот Отунбаев, Шоро" компаниясынын жетекчиси Табылды Эгембердиев, Финляндияда турган эркин журналист Асыран Айдаралиев, Кыргыз клабдын Италиядагы жетекчиси Жанатбек Шаршеев

Сүйлөгөндөр Кыргыз клабдын Италиядагы жетекчиси Жанатбек Шаршеевге жана анын жардамчыларына быйылкы форумду уюштуруп бергени үчүн ыраазычылык сөздөрүн айтышууда.
19:41 13.4.2013
Жаңыл Турганбаева, Бишкектен келген ишкер:

Бардык кыргыз диаспораларын бириктире турган, форумда кабыл алынган резолюцияны турмушка ашыра турган аткаруу органын да түзүү керек. Болбосо ушинтип чогулуп алып сүйлөп-сүйлөп алып кетип калабыз. Былтыркы Нью-Йорктогу форумда кандай резолюция кабыл алынды эле? Аны көзөмөлдөгөн киши барбы? Система болбосо, расмий катталган орток бир уюм болбосо, Кыргызстандагы мамлекеттик мекемелер менен иштешүү кыйын болот. Ошондуктан буга чейинки форумдан жыйынтык чыккан эмес. Келгиле, ошондой бир федерация түзөл.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG