Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40
Форумдун катышуучулары. Сан-Марино, 12-апрель, 2013.
Форумдун катышуучулары. Сан-Марино, 12-апрель, 2013.

LIVE BLOG: Кыргыздар Сан-Маринодо

Сан-Маринодо дүйнөдөгү кыргыз диаспораларынын II форуму аяктады. Эки күндүк талкуулардын соңунда атайын резолюция кабыл алынды.

Кыргызстандыктардын Kyrgyz Club эл аралык бирикмеси уюштуруп жаткан бул иш-чара эки күнгө созулат.

Анын башкы максаты - дүйнөнүн чар тарабында жүргөн кыргыз жарандарынын башын бириктирүү, тажрыйба алмашуу жана өлкө келечеги үчүн биргелешип иштөө. Форум туурасында ал жерде катышып жаткан “Азаттык” радиосунун жетекчиси Венера Сагындык кызы жана “Kyrgyz Club” эл аралык бирикмесинин Калифорниядагы өкүлү Жаныш Осмонов айтып берди.

“Азаттык”: - Венера айым, Сан-Марино кандай таасир калтырды?

Венера Сагындык кызы: - Форумдун Сан-Маринодо уюштурулушу баарыбызга таңгалычтуу болду. Биз Прагадан кетип жатып, чет өлкөлүк тааныштарыбызга “кыргыздардын Сан-Маринодогу эл аралык форумуна баратабыз” десек, “ой, кыргыздар аябай байып кеткенсинер го!” деп күлүштү. Анткени бул жер байлар жашаган аймак болуп саналат экен. Бир дөңсөөдө жайгашкан аябай кооз жер экенине күбө болдук. Уюштуруучулар балким, Европадагы эң кооз жана Кыргызстанга окшош тоолуу аймакты тандаса керек.

Биз түндө келип түштүк. Ошол учурда уюштуруучулар “мына Кыргызстандан бир микроавтобус менен келишти ” деп элди тосуп алып жаткан экен. Ал жерде белгилүү ишкер Табылды Эгембердиев, ырчы Саламат Садыкова, дагы бир машине менен Германиядан келген кыргыз музыканттары, догдур болуп иштеген кыргыз жигиттери келип түшүп, кымгуут болуп жатышты. Анда мен сөздү “Kyrgyz Club” эл аралык бирикмесинин Калифорниядагы өкүлү Жаныш Осмоновго узатайын.

“Азаттык”: - Жаныш мырза, быйылкы форумдун өзгөчөлүгү эмнеде болот?

Жаныш Осмонов: - Биринчи форум былтыр Нью-Йорк шаарында өткөн. Күндөн күнгө биздин мекендештер чет мамлекеттерге чыгып, диаспоралар чоңоюп жатат. Ошолордун башын кошуп, курч суроолорду талкуулоо үчүн форумду баштаган элек. Быйылкы иш-чара ошол форумдун уландысы болуп саналат. Мындан ары жылда өткөрүп туралы деп ойлоп жатабыз.

“Азаттык”: - Форумду Европадагы эң кичине көз карандысыз мамлекет болуп саналган Сан-Маринодо өткөрүүнүн бир сыры барбы?

Жаныш Осмонов: - Биз былтыртан бери жалаң эле АКШда эмес, башка мамлекеттердеги мекендештердин да башын кошуп, ал жерлерде “Kyrgyz Club” бирикмесинин жергиликтүү өкүлчүлүктөрүн ачып келе жатабыз. Италиядагы кыргыздар бизге былтыр кошулуп, экинчи форумду Сан-Маринодо өткөрүүнү сунуштаган. Италиянын өзүндө биздин уюмдун өкүлчүлүгү жок. Сан-Маринодо болсо ачканбыз. Сан Марино өтө кичинекей шаар экен, 30 миң адам жашайт. Римден 400 километр аралыкта жайгашкан.

“Азаттык”: - Форумга катышуучулардын активдүүлүгү кандай? Мисалы, салыштырып жатсаңыз керек, былтыр кандай келишти эле? Быйыл келгендер
көппү?

Жаныш Осмонов: - Быйыл деле көп. Болжол менен 70-80 киши катталды. Менин оюмча, акыркы жылдары чет жерлерде кыргыз форумдары көп өтүүдө. Былтыр Түркияда кыргыз бизнесмендеринин форуму болду, Кыргызстанда да уюштурулду. Элдин активдүүлүгүн бизге келген көптөгөн каттар, сунуштардан улам билсе болот.

“Азаттык”: - Форумдун негизги максаты кандай жана бул жолу эмнеге басым жасалат?

Жаныш Осмонов: - Бүгүнкү форум үч секцияда өтөт. Анда кыргыз диаспоралары кайсы мамлекет болбосун жергиликтүү бийлик менен кандай иш-чараларды уюштурса болорун аныктап, анан жалпы эле кыргыз мигранттарынын суроолоруна ар бир диаспора атайы платформа түзүп, ошол негизде иштесекпи деп ойлоп жатабыз. Чет өлкөгө жаңы келген мекендештерге билим алуу, бизнес ачуу жагынан жардам берүү боюнча бир канча платформаларды түзөлү деген да ой болууда.
19:25 12.4.2013
Сан-Маринодо дүйнөдөгү кыргыз диаспораларынын II форуму башталды. Kyrgyz Club эл аралык бирикмеси уюштуруп жаткан бул иш-чара эки күнгө созулат.

Сан-Маринодогу кыргыздардын форуму
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00

​Анын башкы максаты - дүйнөнүн чар тарабында жүргөн кыргыз жарандарынын башын бириктирүү, тажрыйба алмашуу жана өлкө келечеги үчүн биргелешип иштөө. Форум туурасында ал жерде катышып жаткан “Азаттык” радиосунун жетекчиси Венера Сагындык кызы жана “Kyrgyz Club” эл аралык бирикмесинин Калифорниядагы өкүлү Жаныш Осмонов айтып берди.

“Азаттык”: Венера айым, Сан-Марино кандай таасир калтырды?

Венера Сагындык кызы: Форумдун Сан-Маринодо уюштурулушу баарыбызга таңгалычтуу болду. Биз Прагадан кетип жатып, чет өлкөлүк тааныштарыбызга “кыргыздардын Сан-Маринодогу эл аралык форумуна баратабыз” десек, “ой, кыргыздар аябай байып кеткенсинер го!” деп күлүштү. Анткени бул жер байлар жашаган аймак болуп саналат экен. Бир дөңсөөдө жайгашкан аябай кооз жер экенине күбө болдук. Уюштуруучулар балким, Европадагы эң кооз жана Кыргызстанга окшош тоолуу аймакты тандаса керек.

Биз түндө келип түштүк. Ошол учурда уюштуруучулар “мына Кыргызстандан бир микроавтобус менен келишти ” деп элди тосуп алып жаткан экен. Ал жерде белгилүү ишкер Табылды Эгембердиев, ырчы Саламат Садыкова, дагы бир машине менен Германиядан келген кыргыз музыканттары, догдур болуп иштеген кыргыз жигиттери келип түшүп, кымгуут болуп жатышты. Анда мен сөздү “Kyrgyz Club” эл аралык бирикмесинин Калифорниядагы өкүлү Жаныш Осмоновго узатайын.

“Азаттык”: Жаныш мырза, быйылкы форумдун өзгөчөлүгү эмнеде болот?

Жаныш Осмонов: Биринчи форум былтыр Нью-Йорк шаарында өткөн. Күндөн күнгө биздин мекендештер чет мамлекеттерге чыгып, диаспоралар чоңоюп жатат. Ошолордун башын кошуп, курч суроолорду талкуулоо үчүн форумду баштаган элек. Быйылкы иш-чара ошол форумдун уландысы болуп саналат. Мындан ары жылда өткөрүп туралы деп ойлоп жатабыз.

“Азаттык”: Форумду Европадагы эң кичине көз карандысыз мамлекет болуп саналган Сан-Маринодо өткөрүүнүн бир сыры барбы?

Жаныш Осмонов: Биз былтыртан бери жалаң эле АКШда эмес, башка мамлекеттердеги мекендештердин да башын кошуп, ал жерлерде “Kyrgyz Club” бирикмесинин жергиликтүү өкүлчүлүктөрүн ачып келе жатабыз. Италиядагы кыргыздар бизге былтыр кошулуп, экинчи форумду Сан-Маринодо өткөрүүнү сунуштаган. Италиянын өзүндө биздин уюмдун өкүлчүлүгү жок. Сан-Маринодо болсо ачканбыз. Сан Марино өтө кичинекей шаар экен, 30 миң адам жашайт. Римден 400 километр аралыкта жайгашкан.

“Азаттык”: Форумга катышуучулардын активдүүлүгү кандай? Мисалы, салыштырып жатсаңыз керек, былтыр кандай келишти эле? Быйыл келгендер
көппү?

Жаныш Осмонов: Быйыл деле көп. Болжол менен 70-80 киши катталды. Менин оюмча, акыркы жылдары чет жерлерде кыргыз форумдары көп өтүүдө. Былтыр Түркияда кыргыз бизнесмендеринин форуму болду, Кыргызстанда да уюштурулду. Элдин активдүүлүгүн бизге келген көптөгөн каттар, сунуштардан улам билсе болот.

“Азаттык”: Форумдун негизги максаты кандай жана бул жолу эмнеге басым жасалат?

Жаныш Осмонов: Бүгүнкү форум үч секцияда өтөт. Анда кыргыз диаспоралары кайсы мамлекет болбосун жергиликтүү бийлик менен кандай иш-чараларды уюштурса болорун аныктап, анан жалпы эле кыргыз мигранттарынын суроолоруна ар бир диаспора атайы платформа түзүп, ошол негизде иштесекпи деп ойлоп жатабыз. Чет өлкөгө жаңы келген мекендештерге билим алуу, бизнес ачуу жагынан жардам берүү боюнча бир канча платформаларды түзөлү деген да ой болууда.
19:26 12.4.2013
Кубанычбек Кожоев, Орусиядагы Кыргыз Конгресстин жетекчиси:

- Биз Орусиядагы бардык кыргыз диаспораларын бириктирип, Конгресс түзүп, ал жакта жүргөн 1 миллиондой мекендештерге ар тараптан жардам көргөзө баштадык. Ал үчүн атайын телефон номурун ачтык. Каалагандар чалып, түрдүү суроосуна жооп алып, сунуш-пикир айта алышат. Бул жердеги уюштуруучуларга айттым, эмки Эл аралык форумду Москвада өткөрөлү, аябай көп киши келет. Географиялык жактан да ыңгайлуу. Бардык өлкөлөрдөгү кыргыз коомдорунун орток байланыш системасын түзүп, маалымат алмашып, мезгил-мезгили менен жыйындарды өткөрүп туруу сунушун колдойм.
19:32 12.4.2013
Бакытбек Көбөгөнов, Кыргыз клабдын Германиядагы жетекчиси:


- Чет мамлекеттерде жүргөндөрдүн көбү жаш, ишке тойбой турган курактагы адамдар. Кыргыз өкмөтү кечиктирбей атайын программа кабыл алып, ушунча билимдүү, ар түрдүү баалуу тажрыйбасы бар кыз-жигиттерди Кыргызстандын пайдасына иштетүү жолун табышы керек. Мындай форумдарды жалаң жыйналыш формасында өткөрбөй, спортту рекламалоо максатында спорттук мелдештерди уюштурсак болот. Эмки форумду Москвада өткөрөлү деп чечтик.
19:35 12.4.2013
Айбек Хакимов, Кыргыз клабдын президенти:

(Скайп аркылуу кайрылды)

- Эң башкы максатыбыз - чет мамлекеттердеги кыргыз диаспораларын бириктирип, ар кандай иш-чара, программаларын координациялоо. Такай маалымат алмашып турсак, баарыбыз биригип Кыргызстандагы жардамга муктаж адамдарга туура багытта жардам бере алабыз. Кыргыз клаб 2005- жылы түзүлгөн, азыр 9 мамлекетте бөлүмдөрү бар.

Эң башкы максаттарыбыз: Күч бирдикте деген ураан алдында биригүү, жашаган жерлерибизде кыргыз маданиятын, каада-салтын таанытуу жана өз мекенибизге кайрымдуулук акцияларын уюштуруу.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG