Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:07
Форумдун катышуучулары. Сан-Марино, 12-апрель, 2013.
Форумдун катышуучулары. Сан-Марино, 12-апрель, 2013.

LIVE BLOG: Кыргыздар Сан-Маринодо

Сан-Маринодо дүйнөдөгү кыргыз диаспораларынын II форуму аяктады. Эки күндүк талкуулардын соңунда атайын резолюция кабыл алынды.

Кыргызстандыктардын Kyrgyz Club эл аралык бирикмеси уюштуруп жаткан бул иш-чара эки күнгө созулат.

Анын башкы максаты - дүйнөнүн чар тарабында жүргөн кыргыз жарандарынын башын бириктирүү, тажрыйба алмашуу жана өлкө келечеги үчүн биргелешип иштөө. Форум туурасында ал жерде катышып жаткан “Азаттык” радиосунун жетекчиси Венера Сагындык кызы жана “Kyrgyz Club” эл аралык бирикмесинин Калифорниядагы өкүлү Жаныш Осмонов айтып берди.

“Азаттык”: - Венера айым, Сан-Марино кандай таасир калтырды?

Венера Сагындык кызы: - Форумдун Сан-Маринодо уюштурулушу баарыбызга таңгалычтуу болду. Биз Прагадан кетип жатып, чет өлкөлүк тааныштарыбызга “кыргыздардын Сан-Маринодогу эл аралык форумуна баратабыз” десек, “ой, кыргыздар аябай байып кеткенсинер го!” деп күлүштү. Анткени бул жер байлар жашаган аймак болуп саналат экен. Бир дөңсөөдө жайгашкан аябай кооз жер экенине күбө болдук. Уюштуруучулар балким, Европадагы эң кооз жана Кыргызстанга окшош тоолуу аймакты тандаса керек.

Биз түндө келип түштүк. Ошол учурда уюштуруучулар “мына Кыргызстандан бир микроавтобус менен келишти ” деп элди тосуп алып жаткан экен. Ал жерде белгилүү ишкер Табылды Эгембердиев, ырчы Саламат Садыкова, дагы бир машине менен Германиядан келген кыргыз музыканттары, догдур болуп иштеген кыргыз жигиттери келип түшүп, кымгуут болуп жатышты. Анда мен сөздү “Kyrgyz Club” эл аралык бирикмесинин Калифорниядагы өкүлү Жаныш Осмоновго узатайын.

“Азаттык”: - Жаныш мырза, быйылкы форумдун өзгөчөлүгү эмнеде болот?

Жаныш Осмонов: - Биринчи форум былтыр Нью-Йорк шаарында өткөн. Күндөн күнгө биздин мекендештер чет мамлекеттерге чыгып, диаспоралар чоңоюп жатат. Ошолордун башын кошуп, курч суроолорду талкуулоо үчүн форумду баштаган элек. Быйылкы иш-чара ошол форумдун уландысы болуп саналат. Мындан ары жылда өткөрүп туралы деп ойлоп жатабыз.

“Азаттык”: - Форумду Европадагы эң кичине көз карандысыз мамлекет болуп саналган Сан-Маринодо өткөрүүнүн бир сыры барбы?

Жаныш Осмонов: - Биз былтыртан бери жалаң эле АКШда эмес, башка мамлекеттердеги мекендештердин да башын кошуп, ал жерлерде “Kyrgyz Club” бирикмесинин жергиликтүү өкүлчүлүктөрүн ачып келе жатабыз. Италиядагы кыргыздар бизге былтыр кошулуп, экинчи форумду Сан-Маринодо өткөрүүнү сунуштаган. Италиянын өзүндө биздин уюмдун өкүлчүлүгү жок. Сан-Маринодо болсо ачканбыз. Сан Марино өтө кичинекей шаар экен, 30 миң адам жашайт. Римден 400 километр аралыкта жайгашкан.

“Азаттык”: - Форумга катышуучулардын активдүүлүгү кандай? Мисалы, салыштырып жатсаңыз керек, былтыр кандай келишти эле? Быйыл келгендер
көппү?

Жаныш Осмонов: - Быйыл деле көп. Болжол менен 70-80 киши катталды. Менин оюмча, акыркы жылдары чет жерлерде кыргыз форумдары көп өтүүдө. Былтыр Түркияда кыргыз бизнесмендеринин форуму болду, Кыргызстанда да уюштурулду. Элдин активдүүлүгүн бизге келген көптөгөн каттар, сунуштардан улам билсе болот.

“Азаттык”: - Форумдун негизги максаты кандай жана бул жолу эмнеге басым жасалат?

Жаныш Осмонов: - Бүгүнкү форум үч секцияда өтөт. Анда кыргыз диаспоралары кайсы мамлекет болбосун жергиликтүү бийлик менен кандай иш-чараларды уюштурса болорун аныктап, анан жалпы эле кыргыз мигранттарынын суроолоруна ар бир диаспора атайы платформа түзүп, ошол негизде иштесекпи деп ойлоп жатабыз. Чет өлкөгө жаңы келген мекендештерге билим алуу, бизнес ачуу жагынан жардам берүү боюнча бир канча платформаларды түзөлү деген да ой болууда.
19:50 12.4.2013
Эмил Калыков, Кыргыз Клабдын Дубайдагы өкүлү:

- Акырындап Бириккен Араб Эмираттарында иш ачкан, иштеп жашап аткан кыргызстандыктар көбөйүп баратат. Бул форумга 3 киши өкүл болуп келдик. Дубайда англисче, же арапча билсеңиз, бизнес баштоо абдан жеңил. Фирма ачууга эки күн кетет. Дубайга барып иштейт элем дегендер болсо, тил билбесеңер да бизге кайрылгыла. Колдон келген жардамды беребиз.
19:52 12.4.2013
Болот Отунбаев, Кыргызстандын Германиядагы элчиси:


- Чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыздар биригип, өз өлкөңөргө жардам бергиле - жалан акчалай эмес, билимиңер, үйрөнгөн акылынар аркылуу өлкөбүздү өнүктүрүгө салым кошкула. Баарыңар болбосо да, көбүңөр кайтып барасыңар. Башка өлкөлөрдүн паспортун ала бергиле, баары бир Кыргызстандын жараны бойдон каласыңар. Биз силерди баары бир кыргызстандык деп эсептейбиз. Бутуна турган кыргыздар, ата-энесин, туугандарын багып, Кыргызстанга инвестиция жасап жатат. Андан да жакшы өнүгүп, Кыргызстандын өнүгүүсүнө андан да бараандуу инвестиция жасай аласыңар деп ишенем.
19:53 12.4.2013
Асел Назарманбетова, Жапониядагы кыргыз коомунун өкүлү:


- Жапониядагы биздин коом 150дөй кыргызстандыкты бириктирет. Биз Жапониядан биздин мекенибиз үчүн пайдалуу нерселердин баарын үйрөнүп, аларды кайра өз жердештерибиз менен бөлүшүү жагында иштеп жатабыз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ушул жерде отурган ишкерлерге кайрылам, жапондордон кандай иш-тажрыйба үйрөнгүңөр келет, бизге жазсаңар, биз силердин келип-кетишиңерге жардам бере турган жапон уюмдарын таба алабыз. Көптөн бери жапон тааныштар "кыргыз ресторанын ачкылачы" деп суранып келатышат. Кимдир-бирөөңөр ошондой кафе, же ресторан ачам десеңер биз ар тараптуу жардам берүүгө даярбыз.
19:55 12.4.2013
Максат Кошоев, Түркиядагы кыргыз коомунун кеңешинин мүчөсү:

Түркиядан келген форумдун катышуучулары
Түркиядан келген форумдун катышуучулары

- Түркияда кыргыздардын биримдиги, ынтымагы баарынан мыкты го деп ойлойм. Анткени биз, мисалы, былтыр эле 4 форум өткөрдүк, анын баары кыргыз-түрк алакаларын жакшыртуу, кызматташтыгын арттырууга багытталган. Быйыл Кыргызстан менен Түркиянын мамилелерин кеңири талкуулай турган чоң симпозиум өткөрөлү деп турабыз. Мен өзүм ишкермин, азыр Түркияда бизнес жасаган мекендештер көбөйдү. Биз Нооруз, Кыргызстандын эгемендиги күндөрүндө сөзсүз чогулуп, майрамдап, спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүп турабыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG