Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:13
Форумдун катышуучулары. Сан-Марино, 12-апрель, 2013.
Форумдун катышуучулары. Сан-Марино, 12-апрель, 2013.

LIVE BLOG: Кыргыздар Сан-Маринодо

Сан-Маринодо дүйнөдөгү кыргыз диаспораларынын II форуму аяктады. Эки күндүк талкуулардын соңунда атайын резолюция кабыл алынды.

Кыргызстандыктардын Kyrgyz Club эл аралык бирикмеси уюштуруп жаткан бул иш-чара эки күнгө созулат.

Анын башкы максаты - дүйнөнүн чар тарабында жүргөн кыргыз жарандарынын башын бириктирүү, тажрыйба алмашуу жана өлкө келечеги үчүн биргелешип иштөө. Форум туурасында ал жерде катышып жаткан “Азаттык” радиосунун жетекчиси Венера Сагындык кызы жана “Kyrgyz Club” эл аралык бирикмесинин Калифорниядагы өкүлү Жаныш Осмонов айтып берди.

“Азаттык”: - Венера айым, Сан-Марино кандай таасир калтырды?

Венера Сагындык кызы: - Форумдун Сан-Маринодо уюштурулушу баарыбызга таңгалычтуу болду. Биз Прагадан кетип жатып, чет өлкөлүк тааныштарыбызга “кыргыздардын Сан-Маринодогу эл аралык форумуна баратабыз” десек, “ой, кыргыздар аябай байып кеткенсинер го!” деп күлүштү. Анткени бул жер байлар жашаган аймак болуп саналат экен. Бир дөңсөөдө жайгашкан аябай кооз жер экенине күбө болдук. Уюштуруучулар балким, Европадагы эң кооз жана Кыргызстанга окшош тоолуу аймакты тандаса керек.

Биз түндө келип түштүк. Ошол учурда уюштуруучулар “мына Кыргызстандан бир микроавтобус менен келишти ” деп элди тосуп алып жаткан экен. Ал жерде белгилүү ишкер Табылды Эгембердиев, ырчы Саламат Садыкова, дагы бир машине менен Германиядан келген кыргыз музыканттары, догдур болуп иштеген кыргыз жигиттери келип түшүп, кымгуут болуп жатышты. Анда мен сөздү “Kyrgyz Club” эл аралык бирикмесинин Калифорниядагы өкүлү Жаныш Осмоновго узатайын.

“Азаттык”: - Жаныш мырза, быйылкы форумдун өзгөчөлүгү эмнеде болот?

Жаныш Осмонов: - Биринчи форум былтыр Нью-Йорк шаарында өткөн. Күндөн күнгө биздин мекендештер чет мамлекеттерге чыгып, диаспоралар чоңоюп жатат. Ошолордун башын кошуп, курч суроолорду талкуулоо үчүн форумду баштаган элек. Быйылкы иш-чара ошол форумдун уландысы болуп саналат. Мындан ары жылда өткөрүп туралы деп ойлоп жатабыз.

“Азаттык”: - Форумду Европадагы эң кичине көз карандысыз мамлекет болуп саналган Сан-Маринодо өткөрүүнүн бир сыры барбы?

Жаныш Осмонов: - Биз былтыртан бери жалаң эле АКШда эмес, башка мамлекеттердеги мекендештердин да башын кошуп, ал жерлерде “Kyrgyz Club” бирикмесинин жергиликтүү өкүлчүлүктөрүн ачып келе жатабыз. Италиядагы кыргыздар бизге былтыр кошулуп, экинчи форумду Сан-Маринодо өткөрүүнү сунуштаган. Италиянын өзүндө биздин уюмдун өкүлчүлүгү жок. Сан-Маринодо болсо ачканбыз. Сан Марино өтө кичинекей шаар экен, 30 миң адам жашайт. Римден 400 километр аралыкта жайгашкан.

“Азаттык”: - Форумга катышуучулардын активдүүлүгү кандай? Мисалы, салыштырып жатсаңыз керек, былтыр кандай келишти эле? Быйыл келгендер
көппү?

Жаныш Осмонов: - Быйыл деле көп. Болжол менен 70-80 киши катталды. Менин оюмча, акыркы жылдары чет жерлерде кыргыз форумдары көп өтүүдө. Былтыр Түркияда кыргыз бизнесмендеринин форуму болду, Кыргызстанда да уюштурулду. Элдин активдүүлүгүн бизге келген көптөгөн каттар, сунуштардан улам билсе болот.

“Азаттык”: - Форумдун негизги максаты кандай жана бул жолу эмнеге басым жасалат?

Жаныш Осмонов: - Бүгүнкү форум үч секцияда өтөт. Анда кыргыз диаспоралары кайсы мамлекет болбосун жергиликтүү бийлик менен кандай иш-чараларды уюштурса болорун аныктап, анан жалпы эле кыргыз мигранттарынын суроолоруна ар бир диаспора атайы платформа түзүп, ошол негизде иштесекпи деп ойлоп жатабыз. Чет өлкөгө жаңы келген мекендештерге билим алуу, бизнес ачуу жагынан жардам берүү боюнча бир канча платформаларды түзөлү деген да ой болууда.
20:53 12.4.2013
Асыран Айдаралиев, журналист, Финляндия:

- Финляндияда башка кыргыздарды жолуктура элекмин. Ошондуктан "Кыргыз көчү" аттуу онлайн кыймыл аркылуу пикирлеш-сааналаштар менен чогуу-чаран иш жүргүзүп атабыз. Чет элдеги мекендештер чогулат экен деп угуп, ортодогу маселелерди талкуулап, байланыштарды бекемдейли деген максатта атайын келдик.
20:52 12.4.2013
Бакыт Көбөгөнов, Германия:

- Биз элчиликти башыбызга иш түшкөндө гана эстейбиз. Жүгүрүп барабыз. Ага чейин эле ортодогу байланышты бекемдеп, мисалы, кийин Кыргызстанга барсак, саясатка аралашсак болобу, пенсия алабызбы, ал үчүн азыртадан кандай аракет кылсак болот деген маселелерди жалпылап чечпейлиби.
20:51 12.4.2013
Нургүл Осмоналиева, Болонья, Италия:

- Биз Кыргызстанга барганда аэропортто паспортубузду текшерип, элчиликте консулдук каттоодо жок экенсиң деп айыппул салышат. Италияда элчилик жок, биз Швейцариядагы элчиликке документтерди салып, акча которуп турганга убакыт кетет. Ортодо үзгүлтүк болуп калса, Кыргызстанга барганда чек арачыга жалдырайсың, акча төлөйсүң. Элчилик жок болгондон кийин бизге ушул маселеде жеңилдик берсе болбойбу?
20:33 12.4.2013
Азамат Айтбаев, "Замандаш" ассоциациясынын Бишкектен келген өкүлү:


- Бизге Орусияда паспорт алган мекендештер такай кайрылып келатышат. Алар орус паспортун алаарда орус бийликтери кыргыз жарандыгынан баш тартуусун талап кылат. Ошону чечип берсек жакшы болмок. Кыргызстан кош жарандуулукту тааныганы менен, Орусия жана башка өлкөлөр аны тааныбайт. Ушул маселени форумдун резолюциясына киргизүүнү сунуштайм. (добуш беруу аркылуу кабыл алынды).

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG