Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

АФК Кубогун Кыргызстан кайтарып алабы?


“Дордой-Динамо” эки жыл мурда АФК президентинин Кубогун утуп алган
“Дордой-Динамо” эки жыл мурда АФК президентинин Кубогун утуп алган

Азия Футбол Конфедерациясынын президентинин Кубогуна арналган мелдештин чечүүчү бөлүгү сентябрда болот. А тобунан Түркменстандын “Ашхабад”, В тобунан Тажикстандын “Регар-ТадАЗ” клубу суурулуп чыгып, финалдык бөлүккө бет алышты. Ал эми С тайпасындагы беттешүүлөр Бишкек шаарында өткөнү турат. Мында ким алдыга озуп чыкса, АФК президентинин кубогу үчүн таймаштын финалына бет алмакчы.

С тайпасында оюндар 10-14-июнь күндөрү Бишкекте өткөнү турат. Бул тандап алуу турнирине Кыргызстандын, Мьянманын, Бутандын жана Камбоджанын чемпиондору катышат.

Тайпа ичиндеги оюндар Комбоджанын “Пномпень”, Бутандын “Йедзен”, Кыргызстандын “Дордой-Динамо” жана Мьянманын “Канбауза” клубдарынын ортосунда өтмөкчү. Кыргызстандын чемпиону бул таймашка кандай даярдыктарды көрдү?

Дордой-Динамо клубунун вице-президенти Улукбек Салымбеков:

- Бул Кубокту биз эң негизги мелдештердин катарына коюп келебиз. Бул турнирге даярдыктар кыш мезгилинен бери жүргүзүлүп келет. Москвадагы “Шериктештик” кубогуна катыштык. Анталияда бир айлык машыгууларды өткөрдүк. Азыркы биздин милдетибиз - тайпа ичиндеги оюндарда алдыга озуп чыгуу.

Бишкекте өтө турган мелдешке келген өлкөлөрдө футбол кандай деңгээлде өнүккөн?

Азыркы тапта Камбоджанын курамасы ФИФА рейтингинде 179-орунду ээлеп турат. Бул өлкөдө профессионалдык лигасы жок, бирок ага карабай 10 команда чемпиондук наам үчүн күч сынашып келет. 2008-жылдын чемпиону аталган “Пномпень” командасы АФК президентинин кубогунун тандап алуу турниринде күч сынашканы турат. Клубдун машыктыруучусу Эпестит “Жеңишке жетсек деген максатыбыз бар” деп билдирди.

- Биздин клуб быйыл биринчи ирээт бул чемпионатка катышууда. Кандай болбосун, биз жеңишке жетүү үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз. Эгер командабыз менен ийгиликке жетип, жарым финалдык бөлүккө чыксак, анда биздин күйөрмандар кубанычка бөлөнмөк. Ал эми оюнчулар үчүн бул жакшы көрсөткүч болмок.

С тайпасында мелдешке чыкканы турган Мьянма өлкөсүндө 14 футбол командасы профессионалдык лигада оюн көрсөтүп келет. Эл аралык футбол Ассоциациясынын рейтингинде өлкө курамасы 155 орунда турат. Канбауза командасынын алты оюнчусу курама командага мүчө. Бул тандап алуу оюндары биз үчүн чоң сынак дейт клубдун машыктыруучусу Именджи.

- Биздин Канбауза командабыз өткөн жылы Мьянманын чемпиону болгон. Ошондуктан биз бул тандап алуу турнирине катышып отурабыз. Жакындан тарта бизде профессионалдык лига ачылып, 14 команда чемпиондук наам үчүн таймашууда. Өткөн жылы биздин футболчулар жакшы оюндарды көрсөтүшкөн. Быйылкы таймаштар андан оор болот, бирок ага карабай жакшы ийгиликтерге жетебиз деген үмүттөмүн.

Бул тандап алуу турниринин дагы бир катышуучусу - Бутандын футболчулары. Бул өлкө ФИФАнын тизмегинде 192-орунду ээлейт. Чемпиондук наамдын ээси “Йедзин” клубу 10-июнда “Дордой-Динамо” командасы менен оюн талаасына чыгат. “Кандай атаандаштар болбосун, биз аларды баалашыбыз керек”, - дейт “Дордойдун” машыктыруучусу Сергей Дворняков.

- “Дордойдун” оюнчуларына жеңишке жетүү керек деген тапшырма коюлган. Бул өлкөлөрдүн футболчулары жыл сайын АФК турниринде күч сынашып келишет. Байкашымча, Мьянманын оюнчуларынын көрсөткүчү жакшы. Ага салыштырмалуу Бутан менен Камбоджанын деңгээли төмөнүрөөк. Бирок футболду баардыгы ойной алышат. Ошондуктан атаандаштарыбызды алсыз деп айтуудан алыспыз. Кандай болбосун, биз финалдык бөлуккө чыгууга аракет кылабыз.

Бишкек шаарындагы “Спартак” футбол талаасында беш күн ичинде алты оюндун өтүшү күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG