Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 13:39

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун окумуштуулары "Кыргызстандын тарыхынын" үч томдугун чыгарышты. Академиялык изилдөөдө кыргыз элинин калыптанышы, таш доорунан берки узак мезгилге созулган тарыхы камтылган.

Жаңы эмгекте Энесай кыргыздары, Кыргыз советтик республикасынын түзүлүшү боюнча буга чейин ачык айтылбай келген бир топ маалыматтар берилди. Совет мезгилинде үч ирет чыккан Кыргызстан тарыхы орус тилинде жарыяланып келсе, бул ирет кыргызча жазылды. Автордук жамааттын жетекчиси, белгилүү тарыхчы, профессор Рыскул Жолдошев жаңы илимий эмгек тууралуу айтып берди.

“Азаттык”: Рыскул мырза, “Кыргызстандын тарыхынын” үч томдугу жарыкка чыкты. Бул эгемендик тушундагы тарыхка жаңыча көз караштан, илимий жетишкендиктин жаңы бийиктигинен карап туруп жазылган эмгек. Таш доорунан азыркы учурга чейинки мезгилди чагылдырган эмгекте кандай проблемалар камтылды?

Тарых тактыкты сүйөт

Улуу кыргыз каганаты Барсбек өлгөндөн кийин, Х кылымдын 840-жылы пайда болгон. Бул мезгилде кыргыздар Уйгур каганатынын курамынан чыгып, өз алдынча кубаттуу державаны негиздеген.

Жолдошев: Жакында Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институту тарабынан “Кыргызстан тарыхы” деген үч томдуктан турган китеп басылып чыкты. Бул көлөмү жагынан 500–600 беттен турган ири эмгек. Болжол менен 150 басма табакты түзгөн көлөмдүү китеп болду. Мунун баштагылардан айырмасы – мурда фундаменталдуу илим, Кыргыз ССРинин тарыхына арналган эмгектер орус тилинде чыкчу. Социализм заманында андай академиялык томдуктар үч жолу жарык көргөн. Акыркысы 1984-жылдан тарта беш томдук болуп чыгып, орус тилинде чыккан. Совет мамлекети кыйрагандан кийин кыргыздар өз алдынча мамлекет болуп, ушул 25 жыл аралыгында Кыргызстан тарыхынын академиялык басылышы чыга элек болчу. Мына эми ошол тарыхтын үч томдугу жарык көрдү.

“Азаттык”: Ушуга улай дагы бир суроо. Жакында парламентте кыргыздардын VII кылымга чейинки тарыхын изилдөөчү институт ачуу демилгеси көтөрүлдү. Ага көп деле акча талап кылынбай тургандыгы айтылды. Сиздердин институтка ошончолук акча бөлүнөбү?

"Кыргызстандын тарыхы" жыйнагы.
"Кыргызстандын тарыхы" жыйнагы.

Жолдошев: Депутаттардын жаңы демилгесин абсурддук идея деп айтсак болот. Анткени кыргыздардын байыркы замандан азыркыга чейинки тарыхын иликтеген Улуттук илимдер академиясынын Тарых институту турат. Бул институтта VII кылымга чейин эмес, тээ таш доорунан баштап бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы изилденет. Эгерде ошондой институт ачылса, ага каражат которсо деле кадрларды даярдоо бир топ убакытты талап кылат. Илим - бул ар кайсы жактан адамдарды чогултуп келип, бир столго отургузуп коюш эмес. Ошол изилдөө иштериндеги адистерди калыптандырыш керек. Бери болгондо 15–20 жылдын ичинде бир адис калыптанат. Анча акчаны коротуп убара болбой эле, ал акчаны Илимдер академиясына беришсе изилдөөлөр азыркысынан да жакшы болмок.

Анча акчаны коротуп убара болбой эле ал акчаны Илимдер академиясына беришсе изилдөөлөр азыркысынан да жакшы болмок.

Академияга жарыбаган эле акча берилет. Академиянын кызматкерлерине гана айлык төлөнөт, ал эми илимий кызмат сапарларына, талаа иштерин уюштурганга, архивге барганга эч кандай акча төлөнбөйт. Акыркы ирет качан андай акча беришкенин унутуп деле калдык. Академияга акча бөлүү жагы өтө төмөнкү деңгээлде деп айтсак эле болот. Ошого карабай академия иштеп атат, мынабу үч томдук ошол иштин натыйжасы. Бирок бардык эле иштер сыяктуу муну да идеалдуу эмгек деп айтыш кыйын. Бардык иште кемчилик болбой койбойт. Академиялык үч томдук чыкты.

“Азаттык”: Рыскул мырза, Кыргыз ССРинин тарыхында “улуу кыргыз державасы”, “улуу кыргыз дөөлөтү” деген маселелер көбүнчө четке кагылып калчу эле. Ошол маселе кандай чечилди? Анан кыргыз тарыхында аябай карама-каршылыктуу проблемалар бар. Мисалы, басмачылык кыймылдын жаралышы, кыргыз тоолуу автоном облусун түзүү аракети, Кокон автономиясы, дагы башкалар. Ушундай проблемалар бул эмгекте кандай чечилди?

Кыргыз элинин калыптанышы боюнча ар бир окумуштуунун көз карашы ар башка болуп, чаржайыт чагылдырылып келген. Аларды биз жөнгө салдык десек болот.

Жолдошев: Жаңы басылмада бул эмгектер кийинки көз караштар менен, жаңы табылган булактарга таянып жазылды. Үч томдукка көптөгөн авторлор катышты. Ага академияда иштеген авторлордон тышкары башка жактарда иштеген, жогорку окуу жайларда сабак берген тарыхчы адистердин баары катышты. 1-томдукта байыркы мезгилден, таш доорунан XVII кылымга чейинки учур камтылды. 2-томдук болсо XVII кылымдан XIX кылымга чейинки үч кылымды камтыды. 3-томдук болсо XX кылым, анан жаңы кылымдагы биздин мезгилге чейинки тарых жазылды. Совет мезгилиндеги тарыхта Энесай кыргыздары идеологияга айланып, алар менен азыркы кыргыздар бирби же бөлөкпү деген маселе болуп келген. Кыргыз элинин калыптанышы боюнча ар бир окумуштуунун көз карашы ар башка болуп, чаржайыт чагылдырылып келген. Аларды биз жөнгө салдык десек болот. Алгачкы адам изи – таш доорунан баштап алгачкы мамлекеттик түзүлүшкө чейинки маселелер каралды. Андан тышкары байыркы кыргыздар – кыргыз деген атты алып жүргөн элдер тууралуу бөлүм киргизилди. Байыркы кыргыздар тууралуу кеп кылганда ал Енисей бою эмес, Ысык-Көлдүн чыгыш тарабындагы Чыгыш Тянь-Шань аймагы болгондугу жөнүндөгү маалыматтарга таянып, толугу менен берилди. Андан тышкары буга чейин академиялык изилдөөлөргө кирбей келаткан Енисей кыргыздары, алардын мамлекеттүүлүгү жөнүндө өзүнчө чоң бөлүм кирди. Аны ушул теманы изилдеп келаткан тарыхчы илимпоз Муратбек Кожобеков жазды. Кыргызстандын аймагында пайда болгон каганаттар – карлук, түргөш, караханиддерге чейин айтылып, анан Чыңгызхандын жортуулдары боюнча маселелер каралды. Кийинки ири маселе кыргыздардын Тянь-Шанга келип келип Могулистанды өзүнө каратып, азыркы Кыргызстандагы жерлерди, Батыш Тянь-Шанды өздөштүрүп, Памирге чейин жеткендиги камтылды. Акыркы бөлүмдө кыргыз элинин калыптанышы, пайда болушу, башкача айтканда, этногенез маселеси каралды. Бул мурункулардан таптакыр айырмаланган, таптакыр жаңыча көз караш. 1-томдо айтылгандар жалпысынан ушундай. Ал эми 2-томдо кыргыздардын Тянь-Шанга келгенден кийинки жашоо абалы, Моголистанды өзүнө сиңирип, уруулук-мамлекеттик деңгээлде түптөлүшү, андан кийинки Жунгар хандыгы менен болгон мамилелер, Кокон хандыгы менен болгон мамилелер каралды. 3-томдо совет мезгили жазылды. Мурун тарыхты идеологияга байланыштырып карачу. Бул жолу андай чектөө жок, басмачылык кыймылы, советтик түзүлүш каралды. Репрессия, совет бийлигинин кыйрашы, диндин таралышы, илим-билимдин өнүгүшү, анан азыркы эгемен мамлекет болгондогу тарыхы каралды. Байыркы мезгилден азыркыга чейинки негизги маселелер каралды.

“Азаттык”: Кыргыз элинин калыптанышы тууралуу маселе кандай чагылдырылды?

Кыргыздардын азыркы этностук компоненттеринин өзөгү - орто кылымдардагы байыркы кыргыздар экени көрсөтүлдү.

Жолдошев: Баарын толук айтсам чоң маселе болуп кетет. Кызыккандар аны китептен окуш керек. Азыркы кыргыздар дүйнөдөгү башка элдердей эле көптөгөн элдик компоненттерден турары аныкталды. Таптаза, эч кимге аралашпаган эл болбойт. Эл болуп жаралгандан башка элдер менен аралашып, этностук компонент деп коет, ошол компоненттердин негизин түзгөн өзөгү болот. Кыргыздардын азыркы этностук компоненттеринин өзөгү - орто кылымдардагы байыркы кыргыздар экени көрсөтүлдү. Аларга тарыхый жолунда көптөгөн элдер аралашып, жуурулушуп азыркы кыргыз эли калыптанганын, анын уруулук курамы, алардын качан пайда болгондугу тууралуу сөздөр болду дагы, кыргыздар түбү Енисейден Тянь-Шанга чейин келгендиги айтылды.

“Азаттык”: Маегиңизге ырахмат!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG