Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Ноокат окуясы: Бала үмүтү өчкөндө


Ноокатта азыр 100гө жакын бала күн сайын ата-энесин күтүп, эшикти карайт
Ноокатта азыр 100гө жакын бала күн сайын ата-энесин күтүп, эшикти карайт

Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар «Ноокат балдары - 2009» корун түзүштү. Алар былтыр Орозо айт учурундагы тополоңдон кийин камалган 32 адамдын 97 баласы ата, же эне мээриминен ажырап калганын, учурда материалдык камкордукка да муктаж экендигин белгилешүүдө.

Минавар апа: "Жүргүлө, акыйкат жашообузду көрүп кеткиле. Бул балдардан тоюп бүттүм, эртеден кечке жетелеп жүрөм".

Жашы 60 жакындап калган Минавар апанын жалгыз келини Зарипанын абакта жатканына сегиз айдын жүзү болду. Апасы абакта, атасы Орусияда жүргөн бул үй-бүлөнүн төрт баласы азыр Минавар апага берилчү өкмөттүн жарыбаган пенсиясын күтүп жашашат. Чоң энесинин этегин кармаган төрт тестийер болсо, ар күнү апам качан камактан чыгат, деп ыйлашат экен.

- Биз эмне тамак ичсек, булар да ошону ичишет. Пенсия келээри менен, унга чуркайм. Ал аз келгенсип булар тынбай ооруп калчу болушту. Апасын сагынып ыйлашат. Өкмөттөн бир тыйын жөлөк пул албайбыз. Буларды мен жети жыл бакпайм, түрмөгө кошуп берем. Тойдум бала багыштан.

“Азаттык”: - Бул балдар азыр апасы кайда экенин билишеби?

-
Билишет. Сурап көргүлө.

“Азаттык”: - Кудурет, апаң кайда азыр?

- Камакта. Милиция камап койгон.

Жети жылга соттолуп, учурда борбордогу абактардын биринде жаткан Зарипанын тун уулу Абдулла азыр 15 жашта. Бир канча ирет апасына жолугайын деген аракетинен майнап чыккан эмес. Абдуллага көчөдө же мектепте өзү теңдүү балдар «апаң каякта» деп атайылап шылдың суроо менен да кайрылышат экен.

- Инилерим ыйлашканы аз келгенсип, дарыгерлер да акча дешет. Мектепте же көчөлөрдө балдар, аялдар апаң каякта деп суроо узатышат. Апам камалгандан бери көрө элекмин.

Балдары ата-апасынан, же ата-эне балдарынан узак жылга кол үзгөн мындай трагедияга Ноокатта 32 үй-бүлө дуушар болду. Бул жердеги тургундардын айтымында, соттун оор өкүмүнөн кийин катуу оорууга чалдыккан эки адам каза тапты. Нурмухаммед кечээ эле апасын акыркы сапарга узатты.

- Апам жан берип жатып да: “Кулмухаммедим, Кулмухаммеддим” деп өттү. Ден-соолугу мыкты эле. Агамды 17 жылга кесилди деп угуп, ошондон тарта төшөктө жатып калды. Агамдан сарсанаа болуп жүрүп сегиз ай дегенде көз жумду.

Абактагы Кулмухаммеддин алты жашар баласы Сирожидин атасы намаз окуганы үчүн камалды деп ойлойт экен.

“Азаттык”: - Сирожидин, атаң азыр каякта?

- Бишкекте. Камакта.

“Азаттык”: - Сага атаңды эмне үчүн камалды деп атышат?

- Намаз окуганы үчүн камашты. Атам мага ат мингизет эле. Базарга ээрчитип барып, кийим алып берчү.

«Ноокат окуясынын» кесепетинен азыр Сирожидинге окшогон 97 бала атасынын эркелетүүсүнө зар болуп, же эне мээримине суусап турган чагы. Алардын жакындарынын айтымында, бул балдарга өкмөттөн жөлөк пул берүүнү да токтотуп коюшкан. Анын себебин сурап кайрылышса: «Силерге жөлөк пулду Халифат берсин» деген жооп алышканын айтышты.

17 жыл түрмөдөгү жолдошторун күтүүдөн айрым аялдар баш тартып, 4-5 үй-бүлө бузулганы маалым болду.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG