Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Жекшенкуловго каршы кылмыш иши козголду


Башкы прокуратура мурдагы тышкы иштер министри А.Жекшенкуловдун тушунда аталган министрликте мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген иштер жасалган деген жүйө менен кылмыш ишин козгоду.

Ошол эле учурда оппозиция өкүлдөрү “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев менен “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмил Каптагаевди камоого бийлик тараптан буйрук берилди деген маалымат таратышты. Оппозиция өкүлдөрү муну айдан ачык куугунтук, бийликтин чектен чыккан кадамы катары баалап жатышат. Бийлик өкүлдөрү бардык иштер мыйзам чегинде болуп жатканын айтышууда.

“Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго карата кызмат абалынан кыянат пайдаланган, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген макулдашууларды ишке ашырган деген жүйө менен кылмыш иши козголду. Генералдык прокуратура берген маалыматка ылайык, А.Жекшенкулов тышкы иштер министри болуп турган кезинде Кытай өкмөтү грант түрүндө берген 73 миллион сомду туура эмес пайдаланган.

Азыркы тапта бир катар оппозиция өкүлдөрү менен бирге АКШда жүргөн А.Жекшенкулов бул тууралуу пикирин билдире элек. Аны менен бирге АКШнын расмий өкүлдөрү менен жолугушуп жүргөн белгилүү саясатчы Равшан Жээнбековдун айтымында, бул маселе боюнча АКШдагы оппозиционерлер эртең кеңешме өткөрүп, А.Жекшенкуловду Кыргызстанга жиберүү же жибербөө маселесин талкуулашат. “Кыргыздын башкача ойлонгон, азамат жигиттерин бийликтин жалган жол менен жайылган торуна салып бергибиз келбейт. Ошол себептүү А.Жекшенкуловдун Кыргызстанга кайтып барышы маселесин карайбыз”,- дейт ал:

- Бардыгыбызга кылмыш ишин козгой албайт. Бардыгыбызды камап же атып сала алышпайт. Булар эмне кылар айласын таппай, оппозиция лидерлерине кылмыш ишин козгоп, алардын оозун басып, элди көзөмөлдөп турууну гана ойлоп жатышат.

Мындан мурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин мурдагы төрагасы, “Ата мекен” партиясынын лидерлеринин бири Равшан Жээнбековго карата да Генералдык прокуратура кылмыш ишин козгогон. Кылмыш ишинде ал кызматта турган кезинде мамлекетке 6 миллион сом зыян алып келгендиги айтылат. Муну АКШда окууда жүрүп уккан Равшан Жээнбеков жалган жалаа катары баалап, Кыргызстанга азырынча келбей турууну чечкен.

Андан тышкары бүгүн оппозиция өкүлдөрү бийлик “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев менен “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмил Каптагаевди камоого камынып жатканын жар салды. Мындан эки күн мурда “Жашылдар” партиясынын Бишкектеги баш кеңсесин коопсуздук кызматкерлери тинтүү жүргүзгөн болсо, андан мурдараак Эмил Каптагаевге карата 2004-жылы Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары болуп турганда кызмат абалынан пайдаланган деген жүйө менен ачылган кылмыш иши сотко тапшырылган.

Пландалган камоолор тууралуу маалыматты расмий тараптар тастыкташпаганы менен Революциялык кыймылдын улуттук кеңешинин төрагасы Азимбек Бекназаров өз булактарынан билгенин жарыялады:

- Бизге түшкөн маалыматтарга караганда, “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевге каршы кылмыш иши козголуп, аны камакка алуу күтүлүүдө. Ошол себептүү Революциялык кыймыл чечим кабыл алдык. Ал - Э.Бөлөкбаевди бийликтин ушундай мыйзамсыз иш-аракеттерине байланыштуу Бишкекке келбей турсун деген чечим. Мындайча айтканда аны биз жашырып, келбей турушун өтүндүк.

Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, тартип сактоо жана соттук-укуктук реформа боюнча комитеттин төрага орун басары, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Асанбек Байтиковдун айтымында, оппозиция тарап ушундай окуялар болгон учурларда аны ашыкча эле көбүртүп-жабыртып жиберишүүдө:

- Орустардын макалы бар эмеспи. “Чымындан пил жасашат” деген. Ошол сыяктуу кичинекей бир нерсе болсо эле алар аны бурмалап, көбүртүп-жабыртып, коомдук пикирди туура эмес жакка бурганга аракет кылышат. Ал эми далилдеп келгенде алар туура эмес экендиги көрүнүп атат. Менимче бардыгы эле мыйзам чегинде болуп атса керек.

XS
SM
MD
LG