Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:13

Аз эл чоң ызы-чууну көтөрө албайт


Гезит саткан күркө.
Гезит саткан күркө.

“Фабула” гезити 1-апрелдеги санын Баратбай Аракеевдин “Оңолбойбуз!” деген макаласы менен ачты.

"Фабула" гезитиндеги макаласында Баратбай Аракеев "тазабыз, эл үчүн иштеп жатабыз" деп шайланып келген депутаттар канча жылдан бери жакындарын, тууган-туушканын, жоро- жолдошторун, андан да убагында куйругу булганган, кылмышка, жеп-ичкенге малынган, жалган-жасалма документ жасап соттолгон, шыпшайдар-шылуун, айтор, бир мандеми бар адамдарды кызматка сүйрөп келе берип, мамлекеттин "маңкасын" кантип чубап келатканына жийиркенген макаласын жарыялады.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошев “Жаныш Бакиевден баарын күтсө болот” деп интервью берип, Ош шаарында азыр абал тынч экенин, бирок Украинадан кийин улут аралык араздашууга тамызгы таштап, тынчтыкты бузгусу келген күчтөр пайда болуп жатканын жашырууга болбостугун, айрыкча кечээги чоң кызматынан айрылып, бийликке кайра жеткиси келип жүргөндөр ызасын ызы-чуу менен чыгаргысы келерин, бирок баары милициянын көзөмөлүндө турганын айтты.

Мелис Карыбековдун чакан маеги “Чүйлүктөрдүн “кара тизмесинде” кимдер бар?” деп аталып, азыркы оппозиция Кыргызстанды Украинанын акыбалына алып баргысы келип атканын, алар башаламандык уюштуруп коюп, жеп-ичкендерин жашырып, түрмөгө олтурбай кутулгусу келип жүргөнүн, эгерде биз Украинанын абалына барсак, анда Кыргыздардын “правый секторун” чүйлүктөр түзөрүн, анткени баарынын байлыгы, үй-мүлкү Чүйдө экенин, тополоң салгысы келип аткандар ушуну унутуп коюшканын, ошондуктан бизге деги эле ызы-чуу, митингдин кереги жоктугун, мисалы саруулуктар жолду бууп, азабын Көл эли тартканын, ошентип саруулуктар өз айылында митинг өткөрсө зыяны жалпы Көл элине тийерин, Чүйдө митинг өтсө зыяны Чүй элине тийерин, демек кичинекей кыргызга чоң ызы-чуунун кереги жоктугун, бала-чаканын, аны менен өлкөнүн келечегин ойлоно турган мезгил эбак жеткенин айтты.

“Алиби” гезити саясат иликтөөчү Марс Сариевдин “Жоомарт Оторбаев мыкты премьер-министр болом десе анын үч бети болушу керек” деп интервью берип, Жоомарт Оторбаевге караганда Марат Султанов өкмөт башчылыкка көбүрөөк ылайыктуу болмогун, анткени Оторбаев кыргыз элинин жашоо-турмушун Султановчолук биле бербестигин, сыягы Текебаевдер Жоомарт Оторбаевди Орусия менен мамиле жакшырып, Батыш менен начарлап кеткендиги үчүн алып чыгышты окшойт деп ойлоп атканын белгиледи. Марс Сариев эгер Жоомарт Оторбаев элдин колдоосуна ээ болом, жогору жактагылардын мактоосуна татыйм десе анда анын үч бети болушу керектигин, биринчи бети Жантөрө Сатыбалдиев, 2-бети Амангелди Муралиев, 3-бети өзүнүн артыкчылыгын көрсөткөн өз бети болушу керектигин билдирди. Крым тууралуу сөз кылган политолог бүгүн Орусия менен Батыш бири-бирине карама-каршы деген ойго азгырылбаш керектигин, анткени Батышта орустарды колдогон чоң топтор барын, маселен, ошол эле Обаманын тобу Орусияны колдой турганын, демек, биз позициябызды тактап, Орусияга, же Батышка, же Кытайга ыкташыбыз зарылдыгын билдирди.

Ушул эле санга КТРКнын “Ала-Тоо” маалыматтык программасынын продюсери Нарын Айып “Оторбаев редакциялык саясатты бузганы үчүн каршы чыктык” деп маек куруп, Кубат Оторбаев өз деңгээлине жараша иштеп, “Ала-Тоо” маалымат программасын даярдагандардын пикирин эске албай койгон учурлары болуп атканын, кээде эптеп эле бийликке каршы пикирибизди билдирели деген таризде акылга сыйбаган нерселерди айтып, “эфирден бергиле” дей берерин, ич-ара ыйкы-тыйкынын баары тынч эле чечилет деп ойлогон менен эми кырдаал барган сайын татаалдап, акыры продюсерлер арыз жазганга чейин жеткенин кеп кылды.

“Кыргыз туусу” гезити окумуштуу Курманбек Абакировдун “Эгиздер” же жайсаңчы-теңирчилер жөнүндө эки ооз сөз” деген макаласынын корутунду бөлүгүн окурмандарга тартуулады. Автор “Манас” баш болгон кыргыз эпостору теңирчиликтин окуу китептери боло албастыгын, бүгүн кыргыздын патриотмун дегендери да, кыргызга пейли бузуктары да “Манасты” ала чуркап жүрүшкөнүн, Теңирчи-жайсаңчылар Нооруз майрамын “Улустун улуу күнү” деп чыкканын, кыргыз эч качан “улус” деп айтпаганын, “улус” деген жунгар-калмак сөзү экенин, дагы бир жайсаңчы Асан Жакшылыков “Манас кут” деген майрамды ойлоп тапканын, мааниси жакшы болгон менен Жакшылыковдун “кутунун” тамыры тереңде жатканын, ал “кут” Сагынбай Орозбаковдун “Манасында” : ...Латманатка сыйынып, Кытай коюп буттарын, Калмак коюп куттарын, Баары келип чокунду. Сыйынары кут экен, Кут дегенин карасак, Коргошундан эритип, Куюп алган бут экен. Сууга куюп салчу экен. Кутубуз жакшы болду деп, Кубанышып калчу экен” деген саптар эпостун 449, 652-беттеринде жазылып турганын, демек жайсаңчы-теңирчилер таңуулап жаткан “куттун” Манаска жармаштырылып жатышы бекеринен эместигин жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG