Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Цирк өнөрпоздору кайда даярдалат?


Кыргыз циркинин артисттери
Кыргыз циркинин артисттери

17-декабрда жарык көргөн айрым гезиттерге сереп.

“ПолитКлиника” гезити адилеттик издеп, аны издеген жерден таппай президент Алмазбек Атамбаевдин жардам берүүсүн өтүнүп кайрылган эки катты басты. Бири Токтогул районунан Анаркалый Абакуловдун каты, экинчиси Таластын Кара-Буура районунан Зейнеп Коконбаеванын каты.

Гезит андан ары түштөн кийин эсине келген “Эмгек” менен “Бүтүн Кыргызстан” партиялары жети айдан кийин кайрадан бөлүнүп кеткенин, 2016-жылдын 1-январынан тартып чет өлкөгө учкан ар бир жүргүнчү 15 доллардан төлөрүн, ага чейин бул сумма 10 доллар болгонун, телолог, кол салууга кабылган Кадыр Маликов айыгып ооруканадан чыкканын кабарлады.

“ПолитКлиника” ошондой эле генерал Токон Мамытовдун “Өмүр бою чекист болуп жүрсөм, жадагалса интернетте терс пикирлерди мага ким жазарын таап алам. Мамлекет мени ушуга да үйрөткөн” деген, саясат таануучу Марат Казакпаевдин “Араб мамлекеттери Кыргызстандын айыл чарбасына кызыгат” деген маектери жана “Кувейтте кыргыз элчилиги ачылды жана бир катар макулдашууларга кол коюлду” деген макала бар.

“Азия ньюс” гезити Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун “Министр болушума Бакыт Төрөбаевдин салымы зор” деген маегин басты. Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын башчысынын орунбасары, полковник Раим Салимов маегин “Өлкөбүздө динди саясый максаттарга колдонуу күчөдү. Бул жакшылыкка алып келбейт” деп атап, эл менен элдин ортосундагы карама-каршылыктар диндин саясатташуусунан келип чыгарын, диндин саясатка аралашканы эч качан жакшылыкка алып келбегенин, ар түрдүү башаламандыктар, кан төгүлгөн согуштардын эң жаманы дин саясатчылардын куралына айланганда чыкканын, “Таблиги жамаат” деп аталган диний уюм Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн баарында экстремисттик диний уюм катары таанылып жабылганын, түштүктө экстремисттик иштерди жүргүзгөн бир канча имамдардын ишмердүүлүгү токтотулганын айтып берди.

Экс-министр Аликбек Жекшенкуловдун маеги “Түркия бизге Россиядай жакын өнөк эмес” деген ат менен тартууланды. Кыргызстандын укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундун макаласы “Жаш балдардын укугу тебеленип, алар өлтүрүлүүдө” деп аталды. Белгилүү укук коргоочу макаласында “Жаш балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөн кылмышкерлер өзгөчө жазаланып, өзүнчө кармалып, жалпы коомчулук тарабынан андай мыкаачылыкка баргандарга карата жек көрүү жана жийиркенүү сезимин күчөтүү аракетин көрүшүбүз керек” деп билдирди.

“Мекен инфо” гезити “Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор” деген аталыш менен белгилүү дин аалымы Чубак ажынын окурмандардын телефон аркылуу ага берген суроолоруна жоопторун жарыялады.

Журналист Олжобай Токтосуновдун баяны таланттуу кинорежиссер Темир Бирназаровдун чыгармачылыгына арналды.

Мамлекеттик цирктин башкы директору Курмангазы Исанаев маегин “Республикада цирктин артисттерин даярдай турган бир да окуу жай жок” деп атап, чоң союз ыдырагандан кийин ушундай болуп, жалпы элге түшкөн кыйынчылык цирктин жамаатына да түшкөнүн, эми алардын көбү артта калып, азыр цирктин өзүнүн студиясы ачылып, 4-5 жылдан бери 30дан ашуун цирк артисттери даярдалганын, Кыргызстанда бардыгы 27 оюн-зоок мекемеси болсо, ошонун алдынкыларын бири цирк болуп саналарын, өлкө боюнча оюн-зоокко 4 миллионго чукул көрүүчү келсе, анын 52% цирктин көрүүчүлөрү түзөрүн да айта кетти.

XS
SM
MD
LG