Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

Бишкек кыштакка айланганда...


Жаңы конуш, Бишкек
Жаңы конуш, Бишкек

Шейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Эркин Тоо” гезити жаңы санын “Маданиятты өксүтүү мамлекетти жоготууга барабар” деген баштема менен ачты. Анда президент тарабынан Улуттук маданиятты өнүктүрүү жана сактоо боюнча түзүлгөн кеңештин 1-жыйыны өтүп, Алмазбек Атамбаев азыр биринчи кезекте өз элинин маданиятын, тарыхын аздектей билген, билимдүү, дени сак, өлкөгө эл үчүн күйгөн адамдарды тарбиялоо керектигин айтканын, Эл Баатыры Бексултан Жакиев “Элибиздин табиятына каршы, сырттан таңууланып жаткан, элдин салтын талкалай турган жат көрүнүштөрдөн баш тартуу керек, рухий өксүк орду толгус жоготууга апкелет” деп айтса, Эл артисти Түгөлбай Казаков “Мамлекет өлкөнүн маданияттык коопсуздугун камсыздоо чараларын көрүү керек” деп айтканын кабарлады. Басылмада “Эркин Тоо” гезитинде жетекчилик алмашканын, премьер-министрдин буйругу менен гезиттин башкы редактору болуп белгилүү журналист Курманбек Рыспаев дайындалганын окуйсуздар. “Эркин Тоо” гезитине ошондой эле Арабаев атындагы университеттин профессору Акүпү Мураталиеванын “Кыргыздын чыгаан кызынын тагдыры” деген ат менен профессор Рахат Ачылованы эскерүү макаласы жана башкалар жарык көрдү.

“Кыргыз туусу” гезитине салык адиси Насирдин Абыдыновдун ”Салыктын көптүгү же аздыгы эмес, адилеттүүлүк маанилүү” деген макаласы тартууланды. Автор мугалимдер менен медиктердин айлык акылары ашып кетсе 10-15 миң сом болорун, алар 10% киреше салыгын жана ошончо социалдык камсыздандыруу салыгын төлөшөрүн, ошол эле учурда расмий кирешелеринин булагы болгон миллиондогон дивиденддерден турган байлар эч кандай салык төлөбөстүгүн, анткени 2001-жылдын 26-июлунун тартып дивиденддерден салык төлөмдөрү алынып салынганын, бул идея ошол кездеги өкмөт башчы болуп турган миллионер Данияр Үсөновдуку экендигин, андан бери 15 жыл өтсө дагы биздин байлардын бири да дивиденддерден салык төлөө демилгесин көтөрбөгөнүн, эгер миңге жетпеген байлардын 100 миллиондогон дивиденддерине 10% киреше салыгы салынганда бюджетке миллиарддаган сом түшмөгүн, мындан тышкары пайдадан алынуучу салыктын ставкасы 20%, кошумча нарк салыгы 16% болсо жогорудагы дивиденддерге салыкты кошкондо жылына бюджетке кошумча 20 миллиарддай сом түшмөгүн, бүгүнкү Салык кодекси Бакиевдин “акжолчул” парламенти тарабынан 2008-жылдын 17-октябрында кабыл алынган бойдон өзгөрүүсүз келатканын, салыктагы коррупция салыкчылардан башталарын, андыктан ушул макаланын автору Насирдин Абыдынов салык маселесин жакшы билген адис катары президент Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариевге түз кайрылып жатканын, эгер маселени ага тапшырчу болсо салык инспекцияларындагы салык төлөөчүлөрдүн декларацияларын карап чыгып, бюджетке миллиарддаган сомдорду түшүрүүгө кепилдик берерин билдирди.

“Фабула” гезити “Үй менен машинаны камсыздандыруу керекпи?” деген суроого бир катар адамдардын ой-пикирлерин жарыялады. Токтогул Какчекеев: Камсыздандыруу ар бир адамдын өз эрки, аны мамлекет күчкө салып камсыздандыра албайт,- деп, Чолпонбек Абыкеев:- Мамлекет кепилдик бериш керек. Менчик фирмалар акчаны топтоп алып качып жоголсо ким жооп берет? Демек ишенич жок,- деп, Чолпон Осмонова: - Кыргызстан буга даяр эмес. Мен үйүмдү дагы, машинамды дагы камсыздандырууга каршымын, - деп, Клара Сооронкулова: - Элге алып чыгып кеңири талкуу болбогондуктан бул баягы эле Жогорку Кеңеш жана өкмөт тарабынан бирөөлөрдүн кызыкчылыгын чечүүчү аракет катары бааласа болот. Мындай маселелер кандай чечилип келатканын айтпаса да билебиз. Эл кыйынчылык тартып турган мезгилде мындай кадамдар канчалык туура болсо дагы баары бир кыжырды келтирет. Анткени ар бир мыйзам жашоону жеңилдеткенге, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн өз убагында кабыл алынышы керек, - деп жооп берди.

“Вечерний Бишкек” гезити Бишкек мэриясынын коллегиясына биринчи жолу өкмөт башчысы Темир Сариев катышып, шаар башчысына бир катар сындарды айтканын, алар: борбордун архитектуралык көрүнүшү купулга толбой тургандыгын, Бишкек шаар эмес эле туш келди салынып жаткан курулушка айланып калганын, тамтыгы чыккан жолдор, жарыгы жок көчөлөр, эс ала турган парктардын жүдөгөн кебетеси, баса турган жолдун баары башаламан соода кылгандарга толгонун, Кубанычбек Кулматов чынында эле иштин көзүн табалбай койгондугун жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG