Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

"Ушактолог" эксперттер пайда болду


Кыргыз гезиттери
Кыргыз гезиттери

Бүгүн Мекенди коргоочулардын rүнү.

“Кыргыз Туусу” гезити буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун басты. Анда мындай деген сөздөр бар. “Урматтуу мекендештер! Өз үйүн, Мекенин коргоо – ыйык парз. Өлкөдөгү азыркы тынчтык, туруктуулук жана биримдик – бул элибиздин энчиси. Тынчтык болсо экономика өнүгөт, адамдар бейкут жашап, эмгектенип, бакубат турмушту курушат. Эр жүрөк, тайманбас адамдардын майрамы болгон ушул күнү сиздерге ар дайым ачык асман жана кучак толо кубаныч каалайм!”.

Гезиттин өз кабарчылары Күмөндөр Усуптегиндин “Жаратылыш корголбой эле жаакташуу көп болду” деп Нарындан жазган, Козубек Иманкуловдун “Жакында жаз жарыш, бирок дыйкандарда көйгөй көп” деп Таластан жазган, Азамат Дүйшөнбай уулунун бала бакча жана балдар маселеси тууралуу макалалары басылды. Нарынкүл Назаралиеванын макаласы “Кыргыз киносу “Курманжан даткадан” тажырыйба алды” деп аталды. Бул санга вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиеванын “Улуттук иш-чараларды өткөрүүгө жаңыча мамиле керек” деген аталыштагы маеги бар.

“Фабула” гезити “Миллиондогон карызы бар эс алуу жайларына жаза жокпу?” деген чакан макаласында жөнөкөй жарандар электр энергияга карыз болуп калса шыр эле барып зымын кесип саларын, ал эми беш жылдан бери жарыкты жаккандыгынын акысын төлөбөй келаткан пансионаттар барын, маселен, “Рохат” пансионаты 15 498 447 сом, “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионаты 2 120 921 сом, балдардын “Достук” ден соолук борбору 2 501 141 сом, “Лаззат” пансионаты 4 149 198 сом, “Витязь” пансионаты 6 144 264 сом карыз экендигин маалымдоо менен 13 пансионаттын тизмесин жарыя кылды.

Ушул эле гезит “Журналисттердин сабалышы боюнча жеке пикириңиз кандай?” деген суроо менен журналисттер Темирбек Алымбеков, Жеңишбек Эдигеев, Султанбек Жумагулов, Дамирбек Нарматов, Шайырбек Абдрахманов, Бактияр Тукеевдин ой-пикирлерин ортого салды.

Журналист Үсөн Касыбеков макаласын “Бапке талаш-өнөкөт оору” деп атап, кийинки кездери жоромол-божомол боюнча адистешкен, ушактология менен азыктанган, ким алаканын кубантып койсо ошонун камчысын чапкан примитивдүү аналитик-эксперт сөрөйлөр көбөйгөнүн, мына ушундайлар Бишкек шаар башчысына талапкерлиги коюлган Албек Ибраимовду туш-тараптан таламайга алышканын, мисалы бийлик десе эле тырышпаган жери тырышканды өнөкөт оору кылып алган коомдук ишмерлер Ибраимовго күнөө тагып, адатынча эч бир конкреттүү факты келтирбегенин, кыскасы мэр дегенге жарыбаган Бишкек калаасында балким эми жылыш болор деген үмүттөр да жок эместигин жазып чыкты.

“Эркин Тоо” гезити Бактыбек Имамадиевдин “Аскердин өлүмү үчүн офицердик курам жооп бериши керек” деген, Асел Барктабасованын “Мамлекеттин бүтүндүгүн сактоодон өткөн бакыт жок” деген, “Соттор адилеттүү болсо коом өнүгүүгө багыт алат” деген макалалары бар. Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиеванын маеги “Мааракелер мазмундуу иш-чаралар менен коштолот” деген аталыш менен тартууланды.

“Вечерний Бишкек” гезити “Журналистке кол салууга буйрукту ким берди?” деген ат менен “Акча жана бийлик” гезитинин башкы редактору Турат Акимовдун сабалгандыгы боюнча тергөө иштерин президент Алмазбек Атамбаев өз көзөмөлүнө алганын, иликтөө иштерин жакшылап жүргүзүп, журналистке кол салган кылмышкерди тез арада таап чыгып жазага тартуу тапшырмасын ички иштер министри Мелис Турганбаевге тапшырганын, Турат Акимов болсо өзүнүн сабалганына министрди күнөөлөп, тергөө иштерин Улуттук коопсуздук комитетине тапшырууну суранганын, ал эми Турат Акимовдун Турганбаевди күнөөлөп жатканы өтө олуттуу нерсе экенин, бирок Ички иштер министрлиги Турат Акимовдун айыптоосу боюнча сотко кайрылбастыгын, азыркы учурда кылмышкерди издөө жүрүп жатканын, кылмышкер кармалгандан кийин бардыгы өз ордуна келерин министрликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдиргенин жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG