Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Төө буурчак кант диабетине миңдин бири


Апта башындагы кыргыз гезиттеринe Шайлообек сереп.

“Кыргыз туусу” гезити “Азыр Кыргызстанга митинг, пикеттин кереги барбы?” деген суроо менен айрым адамдарга кайрылды.

Техника илимдеринин доктору, академик Карыпбек Алымкулов: - Элди митингге алып чыккандар “Азыркы бийликке Акаевдин, Бакиевдин тушунда иштегендер чогулуп алды” деп кине коюп жатышат. Айтканына кошулайын десең, элди көчөгө алып чыгууну көксөп аткандардын өзү ошол жылдары бири министр, бири башкы прокурор, бири мамлекеттик катчы, бири спикер болуп иштебеди беле? Ошондо алар мамлекет үчүн көзгө көрүнөрлүк эмне жасады эле? - деп, Кыргызстан аялдар комитетинин төрайымы Шаткүл Кудабаева, - Коомдо биримдик жана ынтымак болмоюн бир дагы жакшы нерселер жаралбай турганы далай ирет далилденген, бизге тынчтыктан өтөрү жок,- деп, акын Атантай Акбаров: - Митинг боло берет, ал демократиянын шарты, бирок ток этерин айтканда, бизге үчүнчү революциянын кереги жок. Эл Сириянын тагдырындай абалга туш болууну каалабайт,- деп, жаш активист Бакыт Смаилов: - Мамлекеттүүлүктү туу тутуп, эскирген кыйкырыктарды таштасак гана жылыш болот,- деп, экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов:- Митингдерди уюштуруп жаткандар элди дүрбөтүп, кайрадан башаламандыкты баштоодон мурда дыйкандарды жазгы жумуштарга үгүттөп, талаа иштерин жакшылап бүтүрүп алганга жардам беришсе болмок, - деген ойлорун айтышты.

Гезиттин бул санынан медицина илимдеринин доктору, республикага эмгек сиңирген врач, профессор, Энелерди жана балдарды коргоонун улуттук борборунун башкы директору Камчыбек Узакбаевдин “Төө буурчак белоктуу, сапаттуу азык” деген маеги басылып, ал төө буурчак деген жүрөк-кан тамыр, аз кандуулук ооруларына миңдин бири экенин, богок оорусунан да алдын алууга жардам берерин, кант диабетине да пайдасы зор экенин айтты.

“Эркин Тоо” гезити бүгүнкү санын журналист Асел Барктабасованын “Ишембилик ишти илгерилетет” деген макаласы менен ачты. “Сот реформасы улантылууда” деген макалада президентке караштуу Сот реформасы боюнча кеңештин тогузунчу жыйыны өтүп, аны президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязов алып барганы, анда соттор боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Качыке Эсенканов баяндама жасаганы кабарланды.

“Билим берүү тармагында башталган чоң өзгөрүүлөрдү 2016-жылы аягына чыгарабыз” деген аталыш менен Билим жана илим министри Эльвира Сариеванын түз байланыш аркылуу суроолорго жообу жарыяланды.

“Фабула” гезити сандан-санга жазуучу Чолпонбек Абыкеевдин “Мародерлор” деп аталган детектив чыгармасын баса баштады.

Ушул эле гезит 11-март күнү соттук коллегияга төрагалык кылган Ирина Воронцова Акматбек Келдибековду “үлгүлүү жүрүш-турушун эске алып, 10 миллион сом айып пулга жыккан өкүм чыгарганын, демек Келдибеков бир үйдүн пулун төлөп берүү менен финасылык кылмыш кылбаган, мамлекетти ичип-жебеген, таза адам катары бардык күнөөлөрдөн арылып чыкканын маалымдады.

Журналист Үсөн Касыбеков “Кел, кел, революция” деген макаласында Азимбек Бекназаров башында турган “революционерлер” үчүн “элдик курултай” деп аталган куу сүрөөн жыйын канчалык чыр-чатакка тамызгы болсо ошончолук жакшы болорун, алардын каалаган түпкү максаты да элди көчөгө алып чыгып, тополоң салуу экенин, прессада көп жазылып келгендей чаң-тополоң менен келген төңкөрүш Бекназаров үчүн ар дайым бизнес болуп келгенин, төңкөрүш ал үчүн кесипке айланганын, анткени ал ушундан улам финансылык жагынан мантып турарын, ал эми анын шыкакчылары бийлик креслосунан ажырап калган ич күптүлөр экенин белгиледи. Үсөн Касыбеков макаласында курултайга барандуу саясатчылар катары чакырылган Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Субаналиев, Акматбек Келдибеков ж.б. саясий куугунтукка кабылып, кор болуп, ыза көргөндөр, чындык үчүн чырылдап күйүп жаткандар эместигин, ошондуктан эл буларга боор тартат деп айтууга болбостугун, тескерисинче булардын баары саясий салмагын таразалай албаган, эл ичиндеги баа-баркы жоктугуна карабастан караөзгөйлүккө салып бийликке жулунуп жаткандар катары белгилүү экенин, көбү алдым-жуттумдугу менен аты чыккандар болорун белгилеп: “Баары саясий ресурстарын түгөтүп бүткөн “саясий шлактар” курсүрөөндөр менен куучирендер болуп саналат” деп жазып чыкты.

Журналист Тынчтык Алтымышев даярдаган “Келдибековдун куну-бир үйдүн пулу” деген, “Түндүкэлектрдеги” түбү жок коррупция” деген макалаларды да ушул “Фабуладан” окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезити бүгүнкү санын “Жеңиш аянты, анын эртеңки тагдыры эмне болот? Ушул аянтка автомобилдерди токтотчу жер астындагы жай курууну каалагандар чыгууда. Шаардын мэри Албек Ибраимов буга эмне дейт?” деген суроолор менен ачты. Зинаида Сорокинанын ушул маселеге арналган макаласы жана бир катар адамдардын ой-пикирлери басылды. Азамат Касыбековдун макаласы Ысык-Көлдөн табылган белгисиз жаныбардын сөөгү тууралуу болду.

XS
SM
MD
LG