Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Келдибековду эки машине куткарабы?


Келдибековдун жол тоскон тарапташтары. Алай. 29-май, 2014-жыл
Келдибековдун жол тоскон тарапташтары. Алай. 29-май, 2014-жыл

“Багыт” гезити Баратбай Аракеевдин “Байлар, эми бир аз топук кылбайсыңарбы?” деген ат менен өткөн санда жарык көргөн макаласынын уландысын басты.

Автор соттордун соттомуш этип жатканына жаны кашайып: “бир аз мурун 10-12 жылга кетет деген Нарымбаев менен Коркмазовду кесимиш этти, Келдибеков дегенди биротоло бошотуп таштады, буга чейин далай мандемдүү байлык топтоп келген Чудинов, Жумалиев дегендер “бизди эл шайлаган” деп парламентте отурат го. Бул эмне деген айбанчылык?” деп суроо коюп, азыр коррупционерлерди табуу үчүн кенедей да изилдеп-иликтөөнүн кереги жоктугун, алар жаныңда эле чардап жатышканын, четинен эле кармап түрмөгө тыга берсе болорун, милийса аларды бирден кармап келсе, ал шүмшүктөр соттордун тамагына тыга берип бошонуп кетип жатканын, “Сотторду тандоо кеңеши” деген менен канча тандаган күндө дагы бул кылымда ыйманы таза сот табылбай калды окшойт, айланайын коррупционерлер, элиңерди жеп-ичкенди бир азга токтото туруп, эс алсаңар болбойбу?" - деп үшкүрүгү таш жарды.

Эл баатыры Мамбет Мамакеев быйыл октябрда 90 жашка чыгарын, академик Какиш Рыскулова 98 жашка чыкканын, кудай сактасын, ден соолугу тың экенин, жыйындарга, той-топурга үзбөй катышып, койкоюп келип олтуруп кетерин, жаш боюнча аялдардын арасынан рекорд койгой эле деп тилеп келатканын, дагы бир профессор Кыдык Сулайманов 97ге чыкканын, баскан-турганы тың экенин, Эл баатыры, атактуу Сүйүнбай Эралиев 95ке чыкканын, карылык улуу согушта кан кечип келген бул адамды каптап келип, бели ооруп, буту жакшы басалбай калганын, анткен менен акыл-эси тунуктугун, дагы бир баатырыбыз Корчубек Акназаров 94кө чыкканын, койкоюп тың басып жүргөнүн кубанып кеп кылып, касиеттүү карыларыбыз калк ичинде караандарын калдайтып аман-соо жүрө беришин тиледи.

Мамбет абабыз андан ары ачкөз, сараң адамдар узакка жашабастыгын, көп учурда андан “адамдын көзү көр дүйнөгө качан тоёт?” деп сурап калышарын, врач катары да, көптү көргөн адам катары да айтары, адамдын көзү өлгөндөн үч күндөн кийин тоёрун, анткени өлгөн адамдын көзү үч күндөн кийин соолуп, жашоосун токтоторун билдирди.

“Келдибеков 10 миллион сомдук айып пулдан эки машинасын сатып туруп, кутулуп кетет!” деген макала тартууланды. Келдибековдун иши боюнча пикирин билдирген саясатчы Өмүрбек Текебаев: - Келдибеков бүтүндөй Кыргызстандын башын айланткан. Мен 25 жылдан бери парламенттемин жана мындай чечимдин жасалма жол менен өзгөртүлүшүн биринчи жолу көрдүм, - деп айтты.

Коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов Азимбек Бекназаров Аксы окуясына чекит койгондун ордуна канкорлорду, жемкорлорду өз колу менен жазадан куткарып чыгарганын, анын ырасташынча, кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы аталган Рыспек Акматбаев, казынадан 18 миллион долларды кымтып алган Шалкар Жайсаңбаев, миңдеген пенсионерлерди алдап кеткен “Рентон Групптун” кожоюну Пакты, дагы башкаларды өз колу менен эркиндикке чыгарганын, Бакиевдердин баары Бекназаров Кыргызстандын күч кызматтары боюнча вице-премьер болуп турган кезде кылмышка тартылбай аман-эсен кое берилгенин, Бекназаров башкы прокурор болуп турган кезинде Аксы алааматында кан төккөндөрдү жазаламак турсун иштерин сотко өткөрбөй койгонун айтканын маалымдап чыкты.

Айбек Шамшыкеевдин “Криматалык Рыспек Акматбаев” аттуу макаласынын уландысы басылды. Мурат Мусакеевдин журналисттик иликтөөсү “Садырова напсисин тыя албайбы же чын эле акылы кемби?” деген ат менен жарык көрдү. Дагы бир макалада кыргыздын мыкты аялдары тууралуу сөз болду. Азамат Кангелдиев белгилүү окумуштуу, БГУнун ректору, кезинде Билим министрлигин да ийгиликтүү башкарган, “Түгөлбай Ата” жана академик Карасаев атындагы сыйлыктардын лауреаты Абдылда Мусаев 60 жашка чыкканын жакшы сөздөр менен баяндады. Мурдагы министр, азыр Улуттук госпиталдын башчысы Динара Сагынбаева “Дарыгерлердин айлыгын көтөрмөйүн медицина тармагында коррупция жоюлбай тургандыгын айтып маек курду.

Мына ушул айтылгандардын баарын сиздер бүгүн жарык көргөн “Багыт” гезитинен окусаңыздар болот.

“Көк асаба” гезити БГУнун ректорунун кеңешчиси, профессор, Жапониядан Кыргызстанга 25 жашында келип, кыргыз кызына үйлөнүп, үч уулдуу болуп, быйыл 50 жашка чыккан Ита сан Хироноринин кызыктуу маеги “Жапондордо да кудалашуу, калың берүү, тушоо кесүү салты бар” деп аталып, келин келгенде чачыла чачуу салты аларда да барын, кыргыздагы “тай”, “кой” деген аталыштар менен алар балыктарды атарын, эгер чоң тойлордо той ээси дасторконго “тай” деген балыкты койбосо уят болорун, бул өтө сыйлуу конокторго тартыларын, балдары менен үйүндө кыргыз жана жапон тилдеринде сүйлөшөрүн айтып берди. Аталган маек бүгүн жарык көргөн “Көк асаба” гезитинде.

Эльвира Темирдин макаласы “Премьердин антикризистик аракеттери” деп аталып, Темир Сариев өкмөттүн антикризистик программасын Жогорку Кеңештин СДПК, “Кыргызстан” , “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекен” фракциясындагы депутаттардын сынына койгонун жазып чыкты.

Айжан Мамбеталиеванын макаласы “Биздин үндү угуп жатасыңарбы?” деген ат менен жарык көрүп, ушундай аталыштагы акция Улуттук университетте өткөнүн, ал аялдар менен кыздарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө каршы өткөрүлүп жатканын баяндады. Кыргызстандын экономикалык чама-чаркын, ички жана тышкы карыздарын сөз кылган Александра Василькованын, “Мас өлкө” тууралуу сөз кылган Нина Ничипорованын, айыл чарбасынын абалы жөнүндө сөз кылган Вячеслав Аникиндин макалалары бар. Булардын сиздер бүгүн жарыкка чыккан “Вечерний Бишкек” гезитинен окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG