Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:40

Таштанды сорттоочу завод курулат


Бишкек таштандысы.
Бишкек таштандысы.

Апта башындагы басылмаларда чек ара маселеси, Нооруз майрамы, тарых менен маданият жылына арналган материалдар арбын жарыяланды.

“Чек арачылардын күжүрмөн даярдыгын күчөтүү зарыл” президент Алмазбек Атамбаев Чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшөмбиевди кабыл алып, чек ара кызматындагы жоокерлердин күжүрмөн даярдыгын жогорулатууну тапшырганын, өкмөт башчысы Темир Сариев 18-мартта чек араларды чыңдоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө арналган кеңешме өткөрүп, чек ара аймактарында жашаган жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмаларды бергенин бүгүн жарык көргөн “Эркин тоо” гезити кабарлады.

Гезиттин калган макалалары Нооруз майрамына арналды. Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Султан Раевдин, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаковдун, банкир Эдил Эшалиевдин маектери, журналист Азизбек Чамашевдин “Кыргызстан туруктуу өнүгүп жаткан өлкө” деген, Айчүрөк Макешованын “Тазарууга бет алдык” деген макалалары “Эркин тоо” гезитинин бүгүнкү санында.

“Нооруз - улуу тилектер менен үмүттөрдүн ширелишкен майрамы” деген аталышта “Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын президент Алмазбек Атамбаевдин кыргызстандыктарды Нооруз майрамына байланыштуу куттуктоосу менен ачты.

Нарында бюджеттик мекемелерде иштегендер үчүн 60 батирлүү үй куруларын, Бишкекте заман талабына ылайык таштанды полигону, жанына таштандыларды сорттоочу завод салынарын шаардын мэри Албек Ибраимов билдиргенин, 20-мартта Чолпон-Ата шаарында Алыкул Осмоновдун эстелиги тургузулганын, диний адис Кадыр Маликовго кол салган деп шектелип, Түркиядан кармалгандардын бири Тилек Алибек уулу Бишкектин убактылуу кармоочу жайына алынып келип, ушу күндө сурак берип жатканын кабарлады.

Профессор Темир Эсенгелдиевдин “Кыргыз туусу” гезитинин 19-февралдагы санына жарыяланган “Өлүм жазасынын жоктугу-кылмышкерлерге гана жакшы” деген жана журналист Мырзакат Тыналиевдин “Өлгөндүн жазасы көмгөн болгондо... же адам өлтүргөндөр жазасыз кала беришеби?” деген макалаларын окугандан кийин оюн билдирген барскоондук мугалим Осмон Дүйшембиевдин пикири жарыяланды. Автор адам өлтүргөндөрдү, балдарды жана кыздарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу керектигин, мындай кылмыш жасагандарды адам деп атоого ооз барбастыгын, мындайларды түрмөгө отургузуп мамлекеттин эсебинен багуу да туура эместигин, дал ушундай айбанчылыктын, канкорлуктун токтомок турсун көбөйүп жатышынын башкы себеби бизде өлүм жазасынын жоктугунан болуп жатканын, өлүм жазасын мамлекетти жеп-ичкен коррупционерлерге карата колдонуу дагы коомду бул илдеттен алда канча тазартмагын, ошондуктан өлүм жазасын кайрадан киргизүү бүгүнкү күндө өтө зарыл болуп турганын айтты.

Айтылуу жазуучу Насирдин Байтемиров быйыл 100 жашка толмогун унутпоо керектигин Жазуучулар союзунун эсине салган жазуучу Өмүрбек Караевдин “Чыгармачыл тегирменге бир кылым” аттуу макаласы жарык көрдү. Тарыхычы Дөөлөтбек Бекиш уулу Сапаралиевдин “Каган Барс бек–Орхон-Енисей тарыхый булактарында алгачкы ирет ысымы даана кездешкен кыргыз мамлекет башчысы” деген макаласынын корутунду бөлүгү басылып чыкты. Сиздер булардын баарын бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезитинен окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезити өкмөт башчысы Темир Сариевдин өткөн жумада тарых жана маданият жылынын алкагында 1916-жылкы Үркүндө курман болгондор үчүн “Ата Бейитте” эскерүү мемориалы тургузуларын Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетте өткөн илимий-практикалык конференцияда айтып чыкканын журналист Александр Тузовдун макаласынан окуйсуздар.

Журналист Азамат Касыбековдун макаласы чек арадагы маселеге арналды. Журналист Эльвира Темирдин макаласы “Мамлекеттик кызматкерлер үчүн арзан квартиралар” деп аталды.

Бүгүн Күн менен Түндүн теңелген күнү.

XS
SM
MD
LG