Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Эркиндиктин баасы 60 миллиондон ашты


Нариман Түлеев.
Нариман Түлеев.

“Канча жыл өтсө да 9-Май-Жеңиш күнү эң ыйык майрамдардын бири. Биз бүгүн эли-жерибизди баскынчылардан коргоп калган, согушта жана оорукта Жеңишке салым кошкон ардагерлерге башыбызды ийип таазим кылабыз. Жер шарында тынчтыктан ашкан дөөлөт жок. “Баатырдын өмүрү кыска, атагы узак” деген сөз бар. Быйыл Кыргызстандын эгемендигине 25 жыл толот. Дүйнө тарыхында эң кандуу согушта жер жазданган жана азыр да арабызда жүргөн ардагерлердин аты эч качан унутулбашы керек! Кудайым сиздерге узак өмүр, чың ден соолук берсин!“ деген каалоо тилеги айтылган президент Алмазбек Атамбаевдин Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына байланышттуу согуш ардагерлерин куттуктоосу бүгүн жарык көргөн “Эркин тоо” гезитине басылды.

Ушул эле санда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун согуш ардагерлерин куттуктагандары кабарланды. “Эркин тоо” гезитинин жаңы санынан Ак-Суу районундагы Боз-Учук орто мектебинин мугалими Жыпар Бакашованын Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун эрдиги тууралуу, Кемин шаарындагы Насыр Давлесов атындагы орто мектептин директору Кыдыр Маккамбаевдин артиллерист Нурлан Бозоев тууралуу, журналист Мундузбек Тентимишовдун Асанбай Иманалиев тууралуу, Бактыгүл Култаеванын “Согуштан дайынсыз кайтпагандарга издөө иши уланат” деген макалаларын окуйсуздар.

Ольга Дядюченконун “Вечерний Бишкек” гезитинин биринчи бетиндеги макаласы “Эркиндикке чыгыш үчүн миллиондор” деген ат менен жарык көрүп, өткөн 7-май күнү күтпөгөн окуя болгонун, 47-колониядан Бишкектин мурдагы мэри, “Ата Журт” фракциясынын мурдагы депутаты Нариман Түлеев эркиндикке чыкканын, Жаза аткаруу кызматынын ырасмий билдирүүсү боюнча Түлеев коррупциялык кылмыш менен өз өлкөсүнө келтирген зыянды же 60 млн. 671 миң 304 сомду же 900 миңге жакын долларды мамлекеттин казынасына төгүп бергенин жазып чыкты. Эсиңиздерде болсо, Нариман Түлеев 11 жылга түрмөгө кесилип, Түлеевдин өзүнүн гана эмес анын жакындарынын кыймылсыз үй-мүлкүнөн бери конфискацияланган болчу. Коррупциялык кылмыш менен күнөөлөнүп, бирок рак менен ооруп же үй түрмөгө жата калбай түрмөгө чындап олтуруп чыккан жогорку кызматтагы чиновниктердин да, жеп-ичкендерин мамлекетке кайта төлөп бергендердин да биринчиси Түлеев болду. Журналист макаласын аяктап баратып, тоталдык конфискациянын шартына ылайык Түлеев ыштансыз калганын, бирок боштондук деген ич кийимден да кымбат экендигин кошумчалады.

“Вечерний Бишкек” гезитинин бир топ макалалары Улуу Ата Мекендик согушта каармандык көрсөткөн баатыр мекендештерибизге жана Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына арналды.

Эл аралык кинопресса федерциясынын мүчөсү Гүлбара Төлөмүшованын Ош шаарында Орусия киносунун жумалыгы өткөнүн, белгилүү киноактриса Людмила Чурсина менен белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаров СССР доорундагы маданий байланыштарды, ошол кездеги кино дүйнөнү, достукту, маданий алакалардын жакшы болгондугун эскеришкенин Оштогу кино күн мыкты өткөнүн макаласында баяндады.

Тарых жана маданият жылына байланыштуу Бишкекте “Дүйнө боектору” деген ат менен Эл аралык 14-балдар фестивалы болуп өткөнүн, ага 140 өлкөнүн балдары катышканын, балдардын Гала концерти Кожомкул атындагы спорт сарайында болуп, вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева, маданият министри Алтынбек Максүтов куттуктап сөз сүйлөшкөнүн, концерттин финалдык бөлүгүндө сахнага чыккан белгилүү кинорежиссер, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шернияз дүйнөнүн төрт тарабынан кыргыз жергесине чогулган балдардын өнөрүн даңазалоо мыкты өткөнүн белгилеп ийгиликтерди каалаганын Бермет Маликованын “Дүйнө боектору” Бишкекте” деген макаласынан таанышасыздар.

XS
SM
MD
LG