Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Жалал-Абад бананы


Банан.
Банан.

Жайдын биринчи күнүндөгү кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Багыт” гезити бүгүнкү санын Баратбай Аракеевдин “Накта профессионалды кетиришти” деген макаласы менен ачты. “Мелис Турганбаевдин кетиши күтүүсүз болду. “Кашкар Жунушалиев болот экен, ал Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы экен” деп көптөн бери эле айтылып келатпады беле, мына ошол имиш турмушка ашты. Эми мындан чоң саясатты издештин кереги жок, адамзат турмушунда чоңдор өз жакындарын кызматка коймою эзелтен келаткан тапталган жол,-” деп жазган Аракеев андан ары Бакиевдин тушунда “кесилген кулак” операциясын ачып чыккан Мелистин көөп турган Бакиевдерден аман калганы эле өзүнчө эрдик болгонун, ал министр болуп турганда толгон милийса үйлүү болгонун, Жаныш Бакиев “оптом” алып келген түрдүү “калибрдеги” милийса жетекчилиги тазаланганын, бийлик ага иштегенге дагы мүмкүндүк берсе болмогун, бизде дайым ушундай болорун, иштеп баштаган профессионалдарга күтүүсүз сокку уруп турарын, бул ит оору башкаруу системасынын тамтыгын кетирип бүткөнүн айтып келип, жаңы министр айкырып алдыга чаппаган, бүжүрөп артта калбаган, орто туштун ыңгайлуу жеринен орун алган, баягы министр болуп кеткен Суранчиевдин “көчүрмөсү” сындуу адис деп баа берип, эми ал журналист журтунун жакшы эрмеги болуп берерин жазды.

“Багыт” гезити милийсадагы орун которуулар тууралуу маалыматын улантып, Кашкар Жунушалиевдин ордуна Ички иштер министринин мурдагы 1-орунбасары Бакыт Жусубалиев барат деп атып андай болбой калганын, ал ишке Жусубалиевден тажырыйбасы аз адам барганын, бир жарым жылдан бери ишсиз жүргөн чыныгы профессионалдардын бири генерал Жусубалиевди ошол жерге алып барса туура болмогун кабарлады.

Ушуга улай эле генерал-майор Бактыбек Жусубалиевдин өзү туулуп өскөн Ат-Башы районунун 85 жылдыгына карата толкундануу менен жазган тууган жерине болгон ыраазылыгы, сыймыктануусу ар бир сабынан сезилип турган куттуктоосу жарык көрдү. Ал “Азыр жетип баргым келет...” деп аталды.

“Талгарбековду камап койсоң жата берет, кыргызга коркунуч башка жакта” деген Аракеевдин дагы бир макаласында бийлик ойлоно турган, башкалар акыл калчай турган көп нерселер тууралуу сөз болду.

Журналист Назгүл Осмонованын Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук драма театрында иштеп акыйкаттык таппай келаткан Нурсия Жантаева менен маеги жарыяланды. Анда театрдагы чырдуу маселелер баяндалат.

“Багыт” гезитинин ушул эле санына Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Садык Шер-Нияздын маеги жарык көрдү. Депутат маегинде Элвира Сариева билимдүү, мыкты менеджер, мыкты уюштургуч экени жакшы экенин, бирок кыргыз сөзүнүн маанисин түшүнбөгөндүгү бир эле Сариеванын эмес, азыркы кыргызмын дегендердин трагедиясы болорун, эгер ушинтип өз тилибизди өзүбүз жоготуп олтурсак 15-20 жылдан кийин тилибизди таптакыр унутуп саларыбызды, кээ бирлер кедей мамлекетпиз деп айтканды жакшы көрүшөрүн, бирок бир кезде бир айылда араң бир машине болсо азыр Бишкек машинадан чарчап, каякка батырарын билбей турганын, ресторандан көп неме жоктугун, бирок көкүрөгүбүз көрбөй сокур болуп баратканын Айбек Шамшыкеевге берген маегинде кенен кеп кылды.

“Кашкайган жазуучу Сейит Жетимишов” деген рубрикада атактуу жазуучу, акын Сейит Жетимишов менен Назгүл Осмонова маектешти. Жумагүл Барктабасованын макаласы “Жети-Өгүздүктөр жерсиз калабы?” деген ат менен тартууланды.

“Вечерний Бишкек” гезити бүгүн балдарды коргоонун эл аралык күнү экенин эске салуу менен жаңы санын “Балдарды сактагыла!” деген чакырык менен ачты. Александр Тузовдун “Президенттер экономика менен алектене баштады” деген макаласында Евразиялык экономикалык биримдиктин Астанада өткөн кезектеги кеңешмеси тууралуу баяндады. “Кичинекей бизнестеги чоң акчалар” деген макалада Орус-кыргыз фонду тууралуу Бермет Маликова жазып чыкты. Журналист Азамат Касыбековдун кызыктуу макаласы “Жалал-Абаддагы банандар менен лимондор” деп аталып, экзотикалык бул өсүмдүктөрдү биздин кыргыздар Жалал-Абадда кантип өстүрүп жатканын баяндады.

XS
SM
MD
LG