Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

 Р. Момбеков: “Эки президентти жазалай албасак тарых бизди жазалайт”


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

“Кыргызстандын сыймыгы жана эң ири инвестициялык долбоору болуп кала турган “Кумтөр” тетирисинче эмне себептен эл арасында “эң ири алдамчылык”, “эки үй-бүлөлүк-кландык режим үчүн жемкордук акыр” жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына саткынчылык катары кабыл алынып келгенин адамдар билүүгө тийиш”.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын президент Алмазбек Атамбаевдин ушул сөздөрү менен ачты. Өмүрбек Асан уулунун “Боогачы–тунгуч обончу” деген, Жыпар Исабаеванын “Жамийла менен Сейит” деген макалалары, Уулкан Камбаралиеванын “Кыргыз тили функционалдык өнүктүрүүгө муктаж” деген маеги басылды.

“Эркин тоо” гезитинен Ошто 1-эл аралык этномаданият фестивалы өткөнүн, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин “Элеттик аялдарга ишкердик чөйрөсүндө жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт” деген маегин, Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамдирекциянын башчысы Султан Раевдин маегин, Абдимухтар Абиловдун композитор Бегалиев тууралуу “Муратбектин мунарасы” деген макаласын окуйсуздар.

“Де-факто” гезити “Өзгөндүн жаңы мэри ойноп атабы?” деген, Нургазы Айтмырзаевдин “Сарыбагыштын “ханы” Кеңешбек Дүйшөбаевди тыйып койчу жан барбы?” деген, “Абдыгуловдун “акуланыкындай” аппетити” деген, “Жунушалиев жумшак киши эмеспи?” деген, “Абибилланын “алласы” оозунан түштүбү?” деген маалыматтарды жарыялады. Бул сандан Жумгалдын Таш-Төбө айлындагы мектептин курулушу башталганын жана ага демилгечи болгон депутат Автандил Кулбараков тууралуу, эксперт Максатбек Ишенбаевдин “Алтын-валюталык резервге кол салып жатышат” деген жана Чубак ажы Жалиловдун “Карызды муктаж адам сурайт” деген, жаңы министр Кашкар Жунушалиевдин “Беш жыл мурдагыга салыштырганда ИИМде өсүштөр бар” деген жана Кыргыз эл артисти Калыйча Сейдалиеванын “Эки нерсени туура тандоо керек: кесип жана өмүрлүк жар” деген маектерин окуйсуздар.

“Фабула” гезитине “Кумтөр” боюнча маек курган депутат Рыскелди Момбеков: “Эгер биз элибиздин элүү жылдык байлыгын эңшерип кеткен мурдагы эки президентти эл алдында жазалай албасак, анда бизди тарых жазалайт” деп айтып, президент өзү киришкен “Кумтөр” боюнча алдамчылык иште эми аябагандай чоң ачылыштар болорун, аты чыкпаган “акционерлердин” атын угарыбызды, Кыргызстандын чыныгы чыккынчылары кимдер болгонун билерибизди кошумчалады.

Депутат Жылдыз Мусабекова гезиттеги маегинде парламенттеги депутаттар кыйын болсо баарын таштап кол тийбестиктен баш тартууга барышы керектигин, эгер ушундай сунуш киргизилсе ал жандили менен колдой тургандыгын билдирди.

“Фабуланын” бүгүнкү санында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовдун “Жер-суу аттарын кыргызчалатканга мен каршы эмесмин” деген жана белгилүү обончу, Эмгек сиңирген артист Сыймык Бейшекеевдин чыгармачылыгы боюнча маектери бар. Айдаркен шаарынын жана анын тегерегиндеги үч айылдын жашоочуларынын президентке кайрылган каты, Жангороз Эсенгелдиевдин “Дүйнө жүзүн жөө кыдырган 66 жаштагы Абдулазиз” деген баяны да ушул санда.

“Жаңы агым” гезити Сабира Токтоболотованын “Жазасын алып, мунапыска кабылгандар дале камакта” деген апрель соту боюнча макаласы, Жамила Нурмамбетованын “Уктап, ойноп, интернет чукулап олтурган депутаттар” деген, Темирбек Алымбековдун жайыт саясатын кеп кылган, Наргиза Козубаеванын Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдар кантип иштеп жатканын баяндаган макалалары тартууланды. Бегайым Байбосунова жайында балдар эс ала турган лагерлер тууралуу толук маалымат жарыялады. Белгилүү төкмө Азамат Болгонбаев кызыктуу маек курду.

“Супер инфо” гезити Ысык-Көлдө эс алуу маалы келгенин эскертип, пансионаттар, менен мейманкалардын дайын-даректерин, баасы канча турарын, телефон номурларын жазып чыкты. Гезиттен ырчы Алтынай Нарбаеванын кош бойлуу экенин кеч билгенин, быйыл кандай бут кийимдер мода болуп жатканын, бала уурдаган аял кармалганын, нике түнүндө уктап калган бир куудулдун жоругун жана башка кызыктуу маалыматтар менен таанышасыздар.

“Вечерний Бишкек” гезити ушул жумада Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 29 миллион кубометрге жеткенин, бул кубанта турган көрүнүш экендигин, анткени өткөн жылдын 14-июнунда суу сактагычтагы суунун көлөмү болгону 8,9 миллиард гана куб болгонун маалымдады.

Дүйнөлүк филологияда жеке энциклопедиялардын жарык көрүп келатканы салттуу көрүнүш экенин, мисалы Шекспирдин, Пушкиндин, Лермонтовдун, Абайдын энциклопедиялары барын, казактар азыр Жамбул менен Мухтар Ауэзовдун энциклопедияларын даярдап жатканын, бизде да кубана турган жагдай, Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институту “Манас” эпосуна жана Токтогулга, Сагымбайга, Саякбайга арналган энциклопедияларды жарыкка чыгарганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG