Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Казактар суу албаса Токтогулга 18 миллиард куб суу толтуруп алабыз


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

“Эркин Тоо” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандын мусулмандарын бүгүнкү Орозо айт майрамы менен куттуктоосун басты. Анда “Ислам - тынчтыкка, ынтымакка данакер дин. Бул дин таңуулоого муктаж эмес. Болгону ар ким ишенимге өз жолу менен келиши, Кудайды өз ыктыяры менен таанышы керек деп эсептейм. Ар бир үй бакыт менен ырыскыга толсун, Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге береке берсин!” деп айтылат.

“Кыргыз туусу” гезити журналист Жыпар Акунованын республиканын эмгек сиңирген куруучусу, “Имарат-Строй” курулуш компаниясынын президенти, “Кыргыз тили” коомунун президенти Бейшенбек Иманалиев жөнүндө макала жарыялады. Журналисттин баяндамасында атактуу куруучу алгачкы эмгек жолун “Тянь-Шань” комсомолдук курулуш отрядын түзүүдөн баштап, прораб, бригадир болуп далай жыл иштеп, союз кулагандан кийин 96-жылы “Имарат-Строй” курулуш компаниясын уюштурганын, ошондон бери бул компания АКШнын Бишкектеги Ганси авиабазасын, Улуттук банктын имаратын, ”Калипсо” аквопаркын, №8 балдар музыкалык мектебин, көптөгөн сапаттуу турак жайларды курганын, “Сапат боюнча Европалык Гран При” номинациясында XII эл аралык Швейцария конкурсунун жеңүүчүсү болгонун, өткөн жылы Бейшенбек Иманалиев жетектеген компания кайрымдуулук үчүн 1 млн. 300 миң сомдук жардам көрсөткөнүн, жакында эле Минск шаарында өткөн курулуш компанияларынын XI эл аралык конкурсунда мыкты курулуш компаниясы аталып, жеңиш менен кайтканын, мындан тышкары “Тил жана маданият” гезитин каржылап, кыргыз тили үчүн кызмат кылып келатканын жазып чыкты.

Нарынкүл Назаралиеванын макаласы “Борбор Азиядагы ачык-айкын иш жүргүзгөн парламент” деп аталып, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков сегиз айдын жыйынтыгын чыгарганы тууралуу баяндады.

“Фабула” гезити жазуучу Нуралы Капаровдун “Мен билген Салижан Жигитов” аттуу сандан санга жарыяланып жаткан макаласынын уландысын басты. Салижан агабыздын ким экендигин ушул макаладан дагы бир жолу даана билсеңиздер болот. Академик Абдылдажан Акматалиев бул жолу Ормондун образы тууралуу кеп кылды. Журналист Венера Наркеева Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова менен маектешти. Журналист Тынчтык Алтымышевдин макаласы “Уулунун өлүмүн саясатташтырган Умаровду тыйчу жан барбы?” деп аталды. Журналист Меңдибек Асылбековдун “Улутубуз кыргыз деп сыймыктаналы” деген макаласында паспорттогу элди талашка алып келген маселени талдоого алды.

Тынчтык Алтымышевдин дагы бир макаласы “Казакстан өз башына муш тилебесе” деген ат менен жарык көрүп, жакындагы бир жыйында Түштүк Казакстан облусунун акими Бейбут Атамкулов суу маселеси боюнча Тажикстан менен сүйлөшүп жатканын айтса, Казакстандын вице-премьер-министри Бакытжан Сагинтаев тажик тарап “эгер ушул жол менен барсаңар, бизден электр энергиясын сатып алып турсаңар, кыргыздар менен байланышпай деле койсоңор болот” деп айтканын мисалга тартып, ошол схеманы иштеп чыккыла” деп тапшырма бергенин жазып, эгер казактар чындап эле кыргыз суусунан баш тарта турган болсо, анда Токтогул суу сактагычына азыркыдай 14 эмес, 18 миллиард куб суу толтуруп аларыбызды эске салды. Бул боюнча Кыргызстандын вице-премьери Олег Панкратов үн катып: “Тажиктер бизге электр энергиясын сатууну сунуштап жатат. Келишим боюнча биз аларга суу берип, бирок, свет түрүндө алабыз. Бирок ал жерде алар сууну бизден алып, экинчи өлкөгө сатарын айтышкан эмес. Эгер эле ушундай болсо биз сүйлөшүүнү жокко чыгарабыз. Анткени биз деле ошол тажиктер саткан баада өз кардарларыбызды таап сата алабыз” деп айтты.

“Вечерний Бишкек” гезитинен сиздер Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы маданиият күндөрү Токтогул атындагы улуттук филармонияда, 1-июль күнү орустун “Терема” оркестри жана кыргыздын “Камбаркан” ансамблинин биргелешип аткарган музыкалык чыгармасы аркылуу ачылганын, эки өлкөнүн маданият министринин орунбасарлары сөз сүйлөшкөнүн, Орусиянын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү экс-президент Роза Отунбаевага гүл тапшырганын жазып чыкты.

Бишкектин жолдору оңдолуп жатканы Сергей Швецтин макаласында сөз болду.

XS
SM
MD
LG