Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Жаза аткаруу жетекчилери жоопкерчиликке тартылабы?


Кримтөбөлдөр.
Кримтөбөлдөр.

Айт майрамына байланыштуу бүгүн кыргыз тилдүү гезиттер жарык көргөн жок. Жалгыз орус тилдүү басылма кандуу окуянын чоо-жайын баяндады. Шайлообек сереп.

“Вечерний Бишкек” гезити 50-абактан качкан террорчулардын тирүү калган үчөөнө Бишкектин Свердлов райондук соту өкүм чыгарганын жазып чыкты.

Соттун жүрүшү алты айдан ашуун созулганын, 50-абактан андагы кызматкерлерди өлтүрүп качкандардан тирүү калган үчөөнөн сырткары соттолгондордун арасында кылмышкерлерди жаап-жашырган Максат Абдыракманов менен Нурсият Рыспекова да барын, булардын бири абактан качып чыккан тогуз кылмышкердин анабашы Алтынбек Итибаевге жардам бергенин далилдөө менен качууну уюштургандардын бири Эдил Абдыракманов болгонун, 30 жаштагы диний экстремист Көк-Жарда туулуп-өскөн менен Орусиянын жараны экенин, Ички иштер министрлигинин мүнөздөмөсү боюнча “Жайшуль Махди” аттуу ишмердигине тыюу салынган салтсыз исламдын активдүү мүчөсү болгонун, Бишкектеги апрель, Оштогу июнь окуяларына да катышканын, 2011-жылкы террордук операция учурунда Беш-Күнгөйдө колго түшүрүлгөнүн, ал эми 2013-жылы диний экстремизмди үгүттөгөндүгү жана үч милийсаны өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылганын, аталган кылмышкер качып кеткенден 10 күндөн кийин “Ала-Тоо” совхозунун жанынан кармалганын жазды.

Тирүү калгандардын калган экөөнүн бири Музаффар Уринов кылмышкер кыргыздардын ичиндеги жалгыз өзбек. Алгач таксисти өлтүргөндүгү үчүн 20 жылга кесилип, түрмөдө олтуруп мунапыска туш келип, бошогондон кийин террорчулук кылгандыгы үчүн кайрадан соттолгон кылмышкер болуп саналарын, үчүнчүсү Болот Курбанахунов ага дейре сотто 11 жыл олтурганын, абактан кутулуп чыгууга шарт түзүлгөн соң качып чыкканын, эч кимди өлтүрбөгөндүгүн айтып кылмышын жашырган менен булардын баары тыюу салынган террордук “Жайшуль Махди” уюмунун активдүү мүчөлөрү болгондугун сот далилдегенин жазды.

Сотто кылмышкерлердин түрмө кызматкерлерин эмне себептен өлтүргөндүктөрү да аныкталды. Кылмышкерлердин качып чыгышына шартты 50-абактын кызматкери Туратбек Садыбакасов түзгөн. Ал түрмөдөгү Алтынбек Итибаев менен жакын мамиле түзүп, андан акча алып, дайыма машинесин оңдотуп турган. Кылмышкерлер качып бараткан кезде чөнтөк телефондордун баарын кытайдын “заглушителдери” менен “тумчулап” үнүн иштеттирбей койгон, бирок кылмышкерлердин телефондору кадимкидей эле иштеп турган. Эң кейиштүүсү, так ушул түрмөдө көптөн бери иштебей, бузулуп турган видеокамераларды оңдотуп коюу Жаза аткаруу кызматынын түшүнө да кирбегендиги таң калтырат. Түрмөдөгү ички уставдык эрежелер сакталбагандыгы демейдеги эле көрүнүштөрдүн бирине айланып калган. Видеокамералардын көптөн бери иштебегендигинен улам түрмө кызматкери Туратбек Садыбакасов кылмышкерлердин баарын бир убакта бир аз убакыт аркы-терки басып эс алып келе турган атайын жайга чыгарган, алар чогулары менен качып чыгууну, Кыргызстанда теракттарды уюштуруп, анан ИГИЛга барып отчет берүүнү пландашкан.

Ошентип качуу 2015-жылдын 11-октябрына, дем алыш күнгө даярдалган. Туратбек Садыбакасов Итибаев менен Мүсүралиевдин камерасын ачып беркилерге кошору менен Садыбакасовдун өзүн кармап таңып салышкан да, чыгып баратып өлтүрүп кетишкен. Андан соң СИЗОнун начальнигинин жардамчысы майор Өмүрзаков менен ага текшерүүчү Орозбек уулу Фархадды муунтуп өлтүрүшкөн. Качып бараткан зектердин бири Кадыралиев дежур бөлмөдө жападан жалгыз олтурган подполковник Тилек Абылгазиевди бир канча жолу балка менен башка чапкылап, кийин ал ооруканада жан берген.

“Вечерний Бишкек” гезити мына ушул жүрөк титиреткен окуяны баштан аяк жазып чыкты. “Кылмышкерлердин тирүү калган үчөө өмүр бою кесилди. Бирок эң негизгиси–ушул күнгө чейин эч ким жооп бербей келаткан бир катар суроолор ошол бойдон калды. Эмне үчүн Жаза аткаруу кызматындагы эң эле заманбап деген техникалык каражаттар менен жабдылган башкы түрмөнүн керектүү видеотехникалары иштебей калат? Эмне үчүн өз иштерине ушунчалык кайдыгерликти, ушунчалык шалаакылыкты жасаган, өзүнүн үч кызматкеринин өлүмүнө апкелген оор кылмыш үчүн Жаза аткаруу кызматынын жетекчилери жоопкерчиликке тартылбайт? Күнөөнүн баарын 50-абактын начальниги Иманкул Телтаевге жүктөп туруп 1-СИЗОГО камагандын эртеси анын муунуп өлгөн денеси табылды, ошол бойдон иш да жабылды. Эмне үчүн? Буга жоопту кимдер берет?” деп жазды бүгүн жарык көргөн “Вечерний Бишкек” гезити.

XS
SM
MD
LG