Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

Каримовдон кат калды


Бейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Азия ньюс” гезити Замир Эдилбековдун “Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнөн уйку качтыбы?” деген макала менен бүгүнкү санын ачып, президент Алмазбек Атамбаев 31-августта Кадыржан Батыровду качыргандарды, мародерчулукту жана банк уячасын тоногондорду айтып, бул иштер жакында ачыла тургандыгын билдиргенин, мамлекеттин башында турган адам жөнсалды эле сүйлөй бербестигин эске салып, мына ошондон тартып күч органдары 7-апрелден кийинки талап-тоноочулукту иликтей баштаганын, депутат Өмүрбек Текебаевдин мародерчулукка шектелген жан-жөкөрлөрү суракка чакырылганы каңкуулана баштаганын кабрлады. Саясатчы Эдил Байсаловдун маеги “Тургуналиевдин жер тепкилегенине карабай Отунбаева ага министрлик кызматты бербей койгон” деп аталса, Акылбек Бекчороевдин макаласы “Отунбаева жакшылыкты унутуп, Атамбаевди сатып кеткенин билбейсиңерби?” деп аталды. Карыбай Турусбеков макаласын “Эки жүздүүлүктүн чеги болуш керек го Роза айым” деп атады.

Журналист Сабыр Муканбетов “Иттин ээси болсо, кабыландын кудайы бар” аттуу макаласында “Отунбаева Европага кетиптир, качыптыр, келбейт экен. Өмүрбек Текебаев, Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков жана башкалар камалат экен” деген өңдүү маалыматтарга оппозициялык көз караштагылардын каршы аракеттери байкалбагандыктан, мындай кеп-сөздөргө ишенгендердин саны арбып баратканын, анын үстүнө оппозициянын жалпы элдик колдоого ээ эместиги да ушундай ишенимди бекемдеп жатканын жазып чыкты.

Журналист Дайырбек Орунбеков “21-сентябрда сот болот, тагдыр сыноосунда турам” деген ат менен маек берип, аны артынан аңдып жүргөн күч орган кызматкерлери жөнүндө сөз кылды. Жеке ишкер Болот Дыйканбаев “Көчмөндөр оюнунун чыныгы автору менмин” деп маек берип, идея аныкы экенин, биринчи жолу аны ишке ашыруу үчүн Өзгөндө чоң иш чара өткөргөндөрүн, ага 30-40 миңдей киши катышканын, өткөртпөш үчүн ошондогу бийлик тоскоолдук кылганын, Мадумаров келип көргөн соң таңкалганын айтып берди. Сурат Жылкычиевдин көчмөндөр оюндарынан тарткан сүрөттүү баяны да ушул гезитте. Ушул эле автордун белгилүү парапсихолог Мелис Карыбеков менен маеги “Азыр Ай жаңырды, кооптуу абал эмес” деген ат менен жарык көрдү.

“ПолитКлиника” гезити курамына уйгурлар кирген, Кытай элчилигин жардырууга шектелген беш киши колго түшкөнүн, төрт адамга издөө салынганын кабарлады. Журналист Дилбар Алимованын “Уңгар-Тоо чатагынын чыры менен сыры” деген макаласында чууга айланган жердин СССРден берки тарыхына токтолду. Аталган гезит “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин “Атамбаев келечегин тобокелге салып жатат” деп аталган, эки беттен турган маегин басты. Маегинде Текебаев Каримовдун зыйнатына Кыргызстандан кимдер барса болмогун айтуу менен Убактылуу өкмөттүн айланасындагы сөздөргө, Башмыйзмага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, ага каршы экендигине токтолду. Кабарчынын: -Сиз былтыр эле “Конституциялык өзгөртүүлөргө каршы эмесмин” деп чыктыңыз эле. Быйыл эмне өзгөрдү?-деген суроосуна Текебаев:- Мен азыр деле каршы эмесмин. Бирок Атамбаев киргизип жаткан өзгөртүүлөр авторитардык бийликке жол ачып жатпайбы? Бирок биз Кыргызстанда 3-революция болушун каалабайбыз. Анын кесепеттери катуу болушу мүмкүн. Атамбаев өз мөөнөтүнүн аягына чейин олтурушу керек,--деп жооп берди. Ал андан ары президент менен мамилеси, сот реформасы тууралуу кеп кылды. “ПолитКлиника” гезити бул санга “Каримовдун акыркы каты жана анын кыздарына кандай байлык калды?” деген ат менен Каримовдун байлыктарынын тизмелерин жана анын ыр менен жазылган акыркы катын жарыялады. Гезиттин эки бети дүйнөнүн дүңгүрөтүп жаткан Көчмөндөр оюнуна, эки бети кыргыздын атактуу кинорежиссеру Болот Шамшиевдин маеги менен чыгармачылык эрдигине арналды.

“Ачык сөз” гезити Эл артисти наамын татыктуу алган Элмирбек Иманалиевди куттуктап, Рыскелди Момбековдун сессиядагы, качан болсо сөзүн көк желкеден чыгара айткан акыйкаттыгын белгилеп, Жора Сулаймановдун “Эчким кеменгер болуп төрөлбөйт, аны мезгил жаратат” аттуу макаласына окурман көңүлүн бурду. Макалада акырындап кыргыз көчү түзөлүп баратканын баяндап, качан болсо эле кайсыл өкмөт качан кулаганын, кайсыл спикер качан, кантип кеткенин, качан болсо эле интригаларды сөз кылып, кызматынан ажырагандарды саясатка айлантып келаткан оппозициянын оозунан 25 жылдан берки жылыштар, жакшылыктар, өзгөрүүлөр жөнүндө сөз чыкпай келатса, кыргыздын байларынан акча чыкпай келатканын кеп кылуу менен элдин колдоосуна ээ болуп турган кезинде президент Атамбаев президенттиктен кеткенче Камбар Ата ГЭСин куруп кетсе эң сонун эрдик болмогун жазып чыкты.

Журналист-педагог Жыргалбек Турдукожоевдин “Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинде” деген кызыктуу баяны да ушул "Политклинка” гезитинин бүгүнкү санында. Ошондой эле филология илимдеринин доктору А. Турдугуловдун “Азаптын астанасын аттап” аттуу акын Тынчтыкбек Нурмамбетовдун чыгармачылыгын даңазалаган эмгеги, Адылжан Жажановдун ооз комуздун устазы Акай Сейдалиев тууралуу баяны жана белгилүү жазуучу Тойчубай Субанбековдун “Мамык кандын ажайып түшү же чөккөн көңүл чалкыганда” аттуу романынан үзүндүнү окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG