Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Айтматовдун сүрөтү түшүрүлгөн алдамчы сом чыкты


Айтматовдун сүрөтү түшүрүлгөн жасалма акча.
Айтматовдун сүрөтү түшүрүлгөн жасалма акча.

Шейшембиде "Кыргыз туусу", "Вечерний Бишкек", "Фабула" гезиттери жарык көрдү.

“Вечерний Бишкек” гезити Кыргызстанды аралап жасалма сом жүргөнүн, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы “Айбек” базарында 300 сомдук акча менен майда бергендиги өткөн жумада интернетке чыгып кеткендигин, көрсө бул жасалма акчанын бетине Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү түшүрүлгөндүгүн, ошондуктан буга байланыштуу Улуттук банк кыргыз валюталары 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 миң сомдон гана турарын, ал эми 300 сомдук акча чыгарылбаганын, чыгаруу тууралуу ой да жок экендигин, мындай жасалма акча менен аракеттенгендер Кылмыш кодексине ылайык үй-мүлкү тартылып алынып 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертти.

Тубаса оорукчан төрөлгөн балдардын ата-энелери “Умай эне” аттуу борбор ачуу менен наристелеринин какыс айыгып же жакшы болуп кетишине өзүлөрү кирише баштаганын, борбордун өзөгүн ушу тапта аны негиздеген Марис Аширбеков, сыдыргыч-реаблитолог Фатима Аширалиева жана балдардын жандүйнөсүн калыбына келтирүү боюнча адис Мария Небога түзөрүн, борбордун имаратына кеткен чыгымдарды төлөө оңой болбогондуктан жанына анча чоң эмес, акчасы да анча кымбат эмес жеке бала бакча уюштурушканын, мындан түшкөн акча “Умай эне” борборунун коммуналдык төлөмдөрүнө жумшаларын, бирок эң башкысы оорукчан балдардын айыгып кеткени баарынан кымбат экендигин борбордун уюштуруучулары айтышууда, деп жазды журналист Надежда Хохлова макаласында.

“Вечерний Бишкек” басылмасы мындан тышкары “Келдибеков үчүн 10 миллион акчабы?” деген макала басып, акыры Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун Жогорку Кеңештин экс-спикери кызмат абалынан кыянат пайдаланган күнөөсү үчүн мамлекеттин эсебине 10 миллион сом айып пул төлөп берсин деген өкүмүн күчүндө калтырганын, эксперттер анын оңой кутулганын айтып жатышканын, Келдибеков өңдүү байлар үчүн 10 млн. сом деген чыйт түкүрүм экендигин эске салуу менен, ал эми Башкы прокуратуранын Келдибеков деген Мамлекеттик салык кызматында турганда коррупцияга белчесинен баткан, спикер болуп турганда Москвада парламенттин өкүлчүлүгүн мыйзамсыз ачкан деген жана башка жеп-ичкен деп шилекейи көбүргөнчө айткандарынын баары суу кечпей кала бергенин, алтургай 1-Май райондук соту анча-мынча айып пул салуу менен актап чыкканын, бирок бетинде кызылы бар шаардык сот райсоттун “катасын” оңдой коюп, айып пулдун көлөмүн 10 миллион сомго көтөргөнүн, Келдибековдун соту 7 айга созулуп, ал арада ал бардык эле “коррупционерлер” сыяктуу “катуу ооруп”, айрым бир убакта чет өлкөгө чыгып да дарыланып келгенин, чет өлкөдө дарылануу деген акчасы ашып-ташкан байлардын гана колунан келбесе, “коррупционер” деген күнөөсү жок адамдардын колунан келе бербестигин жазып чыкты.

“Фабула” гезити жакында эле мамлекет башчысынан сыйлык алгандардын сыйлык алганга чейинки ишмердиги күмөн туудурарын, алардын бири “Даңк” медалын алган “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов убагында Максим Бакиевге тиешелүү делген, 2010-жылдагы революциядан кийин мамлекетке кайтарылган БНК май куйчу станциясын башкарып, аны сатууда казынага 36 млн. доллар зыян келтирди деген кеп жүргөнүн, ал эми “Эрдик” медалын алган милициянын полковниги Данияр Абдыкаров 2010-жылы Талас облусунун ички иштер башкармалыгын башкарып, Таластагы толкунду күч менен басууга аракет жасаганын маалымдады.

Мирлан Алымбаев ушул айдын тогузунда Польшада өткөн ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Кыргызстандан барган Чынарбек Изабеков менен мурдагы министр Мелис Турганбаев атаандаштарын көтөрүп чаап, байге менен келгендигин, Чынарбек 97 килограмм салмактагы балбандардын баарын утуп алтын медаль алса, Мелис коло медалга татыктуу болгонун белгилеп, Чынарбек Изибаев менен кызыктуу маек курду. Муну “Фабуланын” бүгүнкү санынан окуйсуздар. Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, илимге эмгек сиңирген ишмер Абдыкадыр Садыковдун “Күйгөндөн айтам бир сабак”, жазуучу Эркалы Өскөналиевдин “Адабият-тарых менен маданияттын жүрөгү! Адабиятсыз, тарых жана маданият жок!” деген ат менен президент Атамбаевге кайрылган макаласы басылды.

“Кыргыз туусу” гезити журналист Болотбек Таштаналиевдин “Бекер кепин табылса-өлмөк бар же 10 миң сомдук швейцариялык кол саат, ИДПнын 70 пайызына жеткен тышкы карыз, эл эсебинен сатып алынган автомашиналар жана кийим илгичтер” деген, Жээнбай Түрктүн өлбөс талант Мукай Элебаевдин 110 жылдыгына карата жазылган “Татаал тагдыр, тайгак жол” деген, Жыпар Исабаеванын “Өмүрү коркунучта турган “Алымбек датка” деген макалалары басылды. Акыркы макалада “Курманжан датка” фильминде Алымбек датканын ролун ойногон киноактер Азиз Мурадиллаевдин абалы оор экенин, президент ага 500 миң сом бөлүп бергенин, 25-октябрда кайрымдуулук концерти жакшы өтүп кетсе деп жакындары Кудайдан тилеп турганын жазды.

XS
SM
MD
LG