Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Жинди болуп бараткан коомду коргогон кимдер?


Аляскадагы кыргыз боз үйү.
Аляскадагы кыргыз боз үйү.

Бүгүн “Де-факто”, “Азия ньюс”, “Ачык сөз”, “ПолитКлиника”, “Асман плюс” гезиттери жарык көрдү.

“Асман плюс” гезити юридика илимдеринин доктору, белгилүү жазуучу Скотт Лайвлинин журналист Назира Кулболдиевага берген маегин жарыялады.

Америкалык профессор маегинде: “Бүгүн эркек эркекке үйлөнүп, аял аялга үйлөнүп, адам айбан менен турмуш куруп, кызы атасына, энеси баласына турмушка чыгып, адам баласы болуп көрбөгөндөй маңкуртка айлана баштады. Бул акыл-эси, ден соолугу таза эмес, оорукчан, жинди болуп бараткан коом. Буга каршы чыккандар АКШда да, Батышта да бар, бирок аз. Айрыкча акыркы он жыл ичинде күч алып кеткен, адам укугун коргойбуз деп чыккан өкмөттүк эмес уюмдар дал ушундай бузулган, жинди болгон коомду жактап, мактап, жиндилер менен шайтандарды коргоп, ага каршы чыккан акыл-эстүү адамдарды келесоо кылып көрсөтүп келатышат. Мен Кыргызстанга келип, кыргыздардын менталитетине суктандым. Кыргыз өтө намыскөй, күчтүү эл экен. Интернет жакшыдан жаманды көп таратууда. Мен күрөшүп жаткан ушул акыл-эси айныган, бузулган коомдон кыргыз өзүн сактап калышы керек, антпесе жок болот", - деп айтканын бүгүн жарык көргөн “Асман плюс” гезити басты.

“ПолитКлиника” гезитине Дилбар Алимованын “Коалициянын кулашы, депутаттык мандат күткөн Икрам Илмиянов менен Рысалиев” деген макалалары жарык көрдү. Гезитте “Эң ынтымактуулар “Өнүгүү-Прогресстеби?” деген, “Төрөбаев таарынычын төктү” деген, “Бабанов коалицияга кирбей калышы мүмкүн” деген, “Референдумдан кийин инвесторлор өзүн суудагы балыктай сезип калышат” деген, “Учкунду” гүлдөтүп аткан Нусувалиевге каршылар чыкты” деген майда маалыматтар бар. Депутат Каныбек Иманалиев “Бул Конституция жазында чоң чырдын башы болушу мүмкүн” деп маек курса, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев “КСДПсыз коалиция түзүү мүмкүн эмес” деп маек курду. Тамада, ырчы Жеңишбек Айтиевдин маеги “Балам бычак жеп жаткан учурда, ал баланын апасы карап туруптур” деп, бул каргашалуу окуя кандай болгонун кабарчы Арууке Мыктарбековга баштан аяк баяндап берди. Чырактай уулунан айрылган Жеңишбекке кайрат айталы.

“Де-факто” гезити бул санын “Жаңы коалицияга кимдер кирет?” деген макала менен ачты. “Сырттан сын тагуу оңой” деген ат менен “Энергохолдингдин” жетекчиси Айбек Калиев маек берди. Пианинодо ойноо менен атагы чыккан азаматыбыз Азамат Сыдыковдун “Динге жамынып алып адамгерчиликти унуттук!” деген ат менен кайрылган каты жарык көрдү.

Анда: “Арабыздан чыккан саткын душмандар элибизди, кыргызды кыркка бөлүп-жарып жатышат. Адам ким болбосун, мусулманбы, христианбы, атеиспи же светчилби, исламчыбы же теңирчиби, кыргызды кордоп, таш бараңга алып, коркутуп, кыйнап, намысын түшүрүп келаткандардын баарын “кыргыздын душмандары” деп эсептейм. Кыргыз калпагын, өз элинин бай, кымбат маданиятын, салтын, кийимин, элечеги менен бозүйүн сатып, Көктөгү Теңирин, Жердеги Умай Энесин шылдыңдап, бөлөк-бөтөн чөл элдеринин бийин бийлеп, гранттарына тойбой, КЫРГЫЗ АПАБЫЗДЫН сөөгүнө асылгандардын аттары бүткүл Кыргызстанга жарыялансын! 2010-жылдагы 7-апрель күнү жүздөгөн эр азаматтарыбыз эркиндик үчүн төштөрүн окко тосуп, ушул бийликти алып келген эле. Бүгүн ал адамдар кайра баягыдай эле казынаны тоноп, тууган-туушкандарын тойгуза албай, айланасында эмне болуп жаткандыгын көздөрү көрбөй жатат”, деп каңырыгы түтөп жазды.

“Де-факто” гезити ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун “Кытай прьемеринин келиши кыргыз-кытай ортосундагы кызматташууга жаңы дем берет” деген маегин тартуулады.

“Азия ньюс” гезити жаңы санын “Мадумаров молдо, Малиев теңирчи, Кулов баптист болсо? Үчөө кантип бирикти?” деген баш тема менен ачып, аны “Парламент тараса кайра шайлоодон “Ата Мекен”, “Өнүгүү”, “Бир бол” өтпөй калат" деген макала менен коштоду.

Саясый серепчи Марс Сариев маегин “Атамбаевдин кайсы бир жакка качуусуна негиз жок” деп атап: “Атамбаев жок эле жерден Текебаевди чоң душманына айлантып алды. Ага чейин оппозиция деле жок болчу. Эми реалдуу оппозиция пайда болду. Эсиңердеби? Атамбаев “Эски элитаны өзүм менен кошо ала кетем” деп айтпады беле? Азыр ошондой болуп жатат. Акаевден бери келаткан элита бирин бири жеп түгөтүүдө. Атамбаев президенттиктен кеткени менен Текебаевдин да, эски элитадагы башка саясатчылардын да кадыр-баркы кетип, саясый талаа тазаланат” деп айтты. Текебаев “Азия ньюстагы” маегин “Роза Отунбаева Конституциянын гаранты болду” деп атаса, генерал Зарылбек Рысалиев маегин: “Текебаев эркиндикте жүргөнү менен өзүн түрмөдөгүдөй сезет” деп атады.

“Ачык сөз” гезити “Тобокелчиликке баргандан өлкө утулбайт” деген макала менен жаңы санын ачып, Жора Сулаймановдун “Ким дзотко төшүн тосот?” деген макаласын тартуулады. Айрымдар Анвар Артыковдун тилине асылып жиберишкенин, өз тилин эжелеп сүйлөгөн кыргыздарга караганда Анвар акенин кытыгылуу тили кыйла кымбаттыгын, бүгүн ал КСДПда жүрүп, депутаттык милдетин социал-демократтардын ичинен жакшы аткарып келатканын кулак кагыш кылды. Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Абдил Сегизбаевдин ишмердигине ыраазы болгон макалада ал өзүнүн эрктүүлүгү, алысты көрө алгандыгы менен алдына камчы салдырбай иштеп жатканын жазып чыкты. Жазуучу Жумабек Токтогазиев “Залкар жазуучуга асылган кишини жөн калтырбаш керек” деген маегинде Айтматовго асылган Арып-Бек Мелис тууралуу сөз кылды.

XS
SM
MD
LG