Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:51

"АКШда жаңы президент же үгүт учурундагы кызыктар”


Шайлоодон кийин.
Шайлоодон кийин.

Бүгүн "Фабула", "Эркин тоо", "Кыргыз туусу", "Вечерний Бишкек" гезиттери жарыкка чыкты.

Бүгүн жарык көргөн “Эркин тоо” гезити “Турдакун Усубалиев өмүр бою “Кыргызстан” деген үйдү курган” деген аталыш менен Бишкектеги Кыргызстандын ишмерлер аллеясында Кыргыз Республикасынын баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясый ишмер Турдакун Усубалиевдин айкелинин ачылышына байланыштуу президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусун жарыялоо менен жаңы санын ачты.

Ушул эле санда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев президентке “Альфателекомго” байланыштуу коррупциялык иш боюнча Борбордук Америкада жайгашкан Белиз мамлекетинин расмий органдарынан траст документтери алынганын маалымдаганын, ошол эле күнү президент Башкы прокурор Индира Жолдубаевага оффшордук компаниянын Жогорку Кеңештин үч депутатынын пайдасындагы акциялары боюнча траст документтерди кылдат териштирип чыгууну тапшырганын маалымдады.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Сокулук районунун Асылбаш айлында курулган “Тарыхтан таш баян” аттуу комплекстин ачылышына катышып, Үркүн апааты тууралуу сөз кылганын, Өзгөндүн Куршаб, Кароол, жана Гүзар айылдарында курулган жаңы мектептин ачылышы болгонун, журналист Атай Алтымышевдин “Трамптын шайланышы америкалык системанын кезектеги сюрпризи” деген теманын алдындагы макалалары, Борбордук шайлоо комиссиясынын кыргызстандыктарга кайрылуусун да бүгүнкү “Эркин тоо” гезитинен окуйсуздар.

“Фабула” гезитинде Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Батырбековдун Гүлмира Шаршеевага берген маеги жарык көрдү. Мамлекеттик тил комиссиясынын кызматкери Аалы Молдокановдун “Киши китеп же залкар энциклопедиячы Закон Бейшеев” деген макаласы да ушул санда. Алгачкы жүрүшүн Бишкектин четиндеги тоолордон баштап, Балыкчы менен Бишкектин аралыгын 4 күндө басып, кийин велосипед менен Кыргызстандын 7 облусун 62 күндө басып өткөн балыкчылык Азамат Жаналиев аттуу жигит эми “Үркүн” деген каттам түзүп, кыргыздардын 16-жылдагы Кытайга качып өткөн жолун артып, Кытайдагы кыргыздарга жолугуп жүрүшкө чыксам деп турганын, андан кийинки максаты Монголия менен Тибетти беттеп, Эверестин туу чокусун мелжеп жатканын билдирди. Академик Мамбет Мамакеевдин “Мезгил жана инсан” деген китебине таасирленген врач Темирбек Бекбоевдин ыры жарык көрдү.

“Кыргыз туусу” гезити журналисттер Мырзакат Тыналиевдин “Депутаттардын, аппарат кызматкерлеринин балдары, неберелери да депутатпы?” деген, Нарынкүл Назаралиеванын “Кыргызстанда гана автоунаа ээсинин жоопкерчилигин камсыздандыруу тууралуу мыйзам иштебейт” деген, ветеринар Чолпонбек Жуматаевдин “Биз сапатсыз ветеринардык дары-дармектерге бөгөт коюп жатабыз” деген маектери басылды. "АКШда жаңы президент же үгүт учурундагы кызыктар” деген теманын алдында окуп билип ала турган кызыктуу материалдар басылды. Бала бакчанын башчысы Нурхан Жумабаеванын маеги “Кант диабетинде бала арыктап, суусайт” деген маеги да бүгүнкү “Кыргыз туусу” гезитинде. Мындан тышкары сүрөтчү Ишенбек Чалановдун булгаарыдан жасаган буюмдарын, өнөрүн баяндаган маеги, жазуучу Папан Дүйшөнбаевдин “28 баатырды каралоо эмнеден улам келип чыккан же тоталитардык мезгилдеги дагы бир ормон-опуза жөнүндө” аттуу макаласы бар.

“Вечерний Бишкек” гезити жаңы санын журналист Бермет Маликованын “Жогорку Кеңештин фонундагы күзгү сүрөттөмөлөр” деген макаласы менен ачты. Марат Искаковдун макаласы “ Атайын кызмат Текебаев, Салянова жана Шыкмаматовдун Бакиевдин компаниясындагы үлүштөрү жөнүндө аныкталган документтерди алды” деп аталса, журналист Азамат Касыбековдун макаласы “Бөйрөк сатам. Кымбат” деп аталды.

XS
SM
MD
LG