“Фабула” гезити бир кезде “Акаевдин аткошчусу” деген жарнагына карабай, Бакиевдин учурунда анын командасына жанталаша аралашпай, кийин Алмазбек Атамбаев бийликке келгени гана анын маалымат саясатына колкабыш кылып” ушу тапта УКМК төрагасынын кызматын аткарып жаткан Абдил Сегизбаевдин “айгайы менен көйгөйүнө” арналган макаланы басты. Анда 120 депутаттан тартынбай так жоопторун берген коопсуздук кызмат жетекчиси коррупциянын алдында алсыздыгын көрсөтүп жатканы айтылат. Жемкорлукка аралашып алган таасирдүү күчтөрдү жолдон тазалай албай, буга “Белизгейт” чыры кошулуп, “бүгүн болбосо да эртең Абдил Сегизбаев кызматтан алынышы мүмкүн” экендиги болжолдонот.
Ушул эле басылмада Азимбек Бекназаров арак-шарап бизнесине өткөнү, балдары менен 1 миллион АКШ долларын ишке салып, баасы арзан бирок өтүмдүү “Той”, “Тамаша”, “Бажалар”, “Өкүл бала”, “Эски достор” деген арактарды чыгарып Кыргызстанга таратып жатканы маалымдалды.
Окумуштуу Муратбек Садыровдун “Бабалардын изи жана Монголиядагы кыргыздар” деген макаласында ушу тапта Монголиянын Байан-Өлгий аймагында кыргыздар жашарын, Аскар Акаевдин учурунан бери алар Кыргызстанга көчүп келүү ниетин билдирип, бирок ага эмдигиче жооп алалбай келатканын, Казакстандын президенти 78 миң улутташын жерине көчүрүп алганын, ал эми кыргыздар эмдигиче жооп алалбай жүрүшкөнүн жазды. Монголиядагы кыргыздардын жашоо-турмушу жакшы, алар тарыхый Мекени менен маданий байланыштарын күчөтүп, балдары бул жерде илим-билим алышына, эне тилинде окушуна кызыкдар.
Белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Төрт тарыхый тасманын сценарийи жазылып тартылбай турат” деген маеги да гезиттин ушул санына басылган. Абдыжапаровдун айтуусунда, Саякбай манасчы тууралуу тасма тартылып бүткөн. Ал эми Шабдан баатыр тууралуу тасманын сценарийи бекилип, бирок тартылбай турат. Ага 20 миллион сом бөлүнүп, ал да толук иштетиле элек. Ошондой эле Тайлак баатыр, Алымбек датка, Жусуп Баласагын тууралуу тасмалардын тартылышына 1 миллион сомдон бөлүнүп, бирок каражаттын жетишсиздигинен баары тең ишин баштай албай отурушат.
Кино демекчи, айтылуу кинорежиссер, оператор Нуртай Борбиевдин “Учурда кино тасма дүйнөсү жандануу жолунда” деген маеги да гезиттин ушул санында. “Кожожаш” фильмин тарткан кино чебери Кантеңир, Жеңиш мөңгүлөрүнүн түбүндө 10 күндөн ашык түнөп, 30 – 40 метр калыңдыктагы муздун үстүндө жүрүп тасманы тартып келгенден кийин аябай катуу ооруп, үйүндө жатып калганын, жаш кезде кино деп ден соолукка анча карабаганын эскерген. Гезиттеги Майрамбек Деркенбаевдин “Кочкор кыштагы Кыргызстандын борбору болгон” деген макаласында 1922-жылы Тоолуу Кыргыз облусун түзүү боюнча курултай чакыруу, облустун борбору деп Кочкор кыштагын бекитүү жөнүндө демилге көтөрүлүп, бирок ал айрым улутчулдардын айынан ишке ашпай калганы тууралуу кеп болот.
“Вечерний Бишкек” гезити ушу тапта сасык тумоо илдети күчөп баратканын, “Кыргызтелеком” ишинде жаңы жагдайлар чыга баштаганын маалымдады.
Кыргызстандын Баш мыйзамынын эмнелери өзгөртүлүп жатканы, добуш берүүнүн эреже тартиби “Кыргыз туусу” гезитинде берилди. Басылмада ошондой эле биртоп гезит окурмандарынын эмне үчүн Баш мыйзамды өзгөртүүгө макул болгондугу тууралуу пикирлери жарыяланды. Ошондой пикирлер топтомунда парламент депутаты Элвира Сурабалдиева: “Мен ишенем, Атамбаевге тарыхка Конституцияны тийбеген ажо катары киргени ыңгайлуу болмок. Бирок, ал анте албады”, деп жазат.
Басылмада айтылуу ишкер Табылды Эгемебердиевдин жаркын элесине арналган “Атабыздын арабызда жок экенине азыр деле ишенбей келем” деген “Супара” этнокомплексинин башкы директору Жаңылсынзат Турганбаеванын маеги жарыяланган. Табылды “жер үй сатып алып, мен деле кенен бассам, короомду бакча кылсам, алма-алчаларды эксем,- деп кыялданчу. Бирок ага такыр мүмкүнчүлүк болгон жок. “Супара” салынып калды. Ошол багбанчылык кыялдарыын баарын “Супарада” иш жүзүнө ашырды”,- дейт Жаңылсынзат Турганбаева.
Кыргыз улуттук илимдер академиясындагы кыскартууларга карата гезит баяндамачысы Болотбек Таштаналиевдин “Илимден акчаны аядык, ага макул дейли, бирок балдардан билимди аяган туура эмес” деген макаласы жарыяланды. Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондунда Омор Сооронов деген илим дыйканы иштейт. Эч кандай илимий даражасы жок чыныгы илим дыйканы опол тоодой эмгектерди унчукпай эле жаратып келатат, дейт макала автору.
“Эркин тоо” гезити президент Атамбаевдин “Чет элдик базаларга эмес, өз армиябызга ишенишибиз керек” деген журналисттер үчүн уюшулган маалымат жыйынында айтылган пикирине Атай Алтымышев үн кошуп кенен ой толгоосун жарыялаган. Гезитте 11-декабрда өтчү референдумду колдогондордун пикирлерине да кенен орун берилген.
Окумуштуу Омор Соороновдун “Манас” тарыхый инсанбы?” деген маеги да гезиттин ушул санында жарыяланды. Анда илимпоз 16-кылымда жазылган Молдо Сайпидиндин “Маджму-ат таварих” китебине таянып, Манас Чыңгызхандан кийин Темирлан заманына чейинки доордогу тарыхый инсан болгондугун белгилеген. Басылмада коомдук ишмер Орозбек Дүйшеевдин “Кыргызстандагы тоокен өндүрүшү Сүлүктүдөн башталган” деген маегине, Токторбек Өмүрбековдун “Тайлак баатыр – көз карандысыздык үчүн күрөшкөн улуттук баатыр” деген макаласына да орун берилген.