Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:36

Өзгөрүлмө Баш мыйзам


Баш мыйзам.
Баш мыйзам.

Бүгүн “Республика”, “Новые лица”, “Ачык сөз”, ПолитКлиника”, “Азия нюс”, “Асман+” гезиттери жарыкка чыкты.

Атамбаевдин кызматтан кетишине 326 күн калганын “Республика” гезити жазды. Басылмада Сөз эркиндигин коргоо комитетинин “Бизди басынта албайт!” деген билдирүүсү, Махинур Ниязованын “Менин тилим- анын душманы” макаласы жарыяланды. Махинур Ниязова кийинки кездери социалдык тармакта Атамбаевге сын айткандарды суракка чакыруу, ар кандай кысым-басымдар күчөп жатканына токтолгон. Назгүл Түлееванын “Менин да айта тургандарым бар” деген маеги да ушул гезитте. Анын ырасташынча, Данияр Нарынбаев камакка алынганы менен сот бийлигин 7-кабаттан башкаруу токтолгон жок. Журналист Рина Приживойттун гезитте жарыяланган эки макаласы “Өлкө оорулуу. Аны дарылай турган бирөө жок”, “Кемпайдан биз коргоно албайбыз” деп аталат.

“Аябай өзгөрүлмө Конституция” тууралуу “Новые лица” гезити да жазды. Басылманын ырасташынча, чейрек кылымга толгон өз алдынчалык тушунда Баш мыйзам 8 ирет өзгөрүлдү. Аны абдан көп өзгөрткөндөрдүн алдында Аскар Акаев турат. Анын бийлиги тушунда Конституция беш ирет, Курманбек Бакиевдин кезинде эки ирет, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн демилгеси менен сегизинчи ирет өзгөрүлдү.

Президент Атамбаевдин артта калган беш жылында эмне иштер жасалып, эмнелер жасалбай калганына “ПолитКлиника” гезитинде Айгүл Бакеева токтолду. Ушул эле басылмада Акылбек Чынтемировдун “Таскагы катуу Сариев” деген макаласында алдыда болчу президенттикке талапкерлердин бири тууралуу кеп болот. Бийлик билермандары тарабынан ойлоп табылган “Балыкчы – Корумду” ортосундагы “жол боюнча чыгарылган ызы-чуу жөн гана таскагы катуу чыгып бараткан Сариевди садага чабуу үчүн жасалган иш экени ачыкталып турган чагы”, деп жазат макала автору.

“Азия нюс” гезити Кыргызстандын айыл чарба министри болуп дайындалган Нурбек Мурашев тууралуу пикирлер топтомун жарыялады. Мурашевдин бийликке келишине таңданыштын кажаты деле жоктугун экс-депутат Бегаалы Наргозуев ырастап, “Балык башынан сасыйт” дегендей, азыр бийликтин бийик эшелонунда дээрлик бүтүндөй компетентсиз кишилер отурбайбы” деп, Төлөгөн Келдибаев: “талкаланган тармакка бир күн бул тармакта иштебеген, силер сөз кылып жаткан Нурбек Мурашевге министрликти кармата койгону – кыргыз элине кылган кыянаттык, кыргыз элин сыйлабагандык деп эсептейм” деп, Жылдызкан Жолдошева “өз ордунда татыктуу иштей алат” деп жооп беришкен.

Гезитте академик Миталип Мамытовдун “Хулиган” деген спорт даражам бар” деген маеги, жеке ишкер Раимбек Бердибаевдин “Конституция жол берген каргашалуу коррупцияны кантип токтотууга болот?” деген ой толгоосу, Автандил Кадыркуловдун “Алмазбек Шаршенович, “реформаторлоруңуз” мамлекеттүүлүккө сокку урушууда” деген кайрылуусу да жарыяланган.

Оппозициядагы үч саясатчынын биримдиги тууралуу бүгүнкү “Ачык сөз” гезитинде Жора Сулайманов токтолду. Ушул эле теманы улаган Улукшер деген автордун макаласы “Өлкөнүн тагдырын чечкенге көсөм адам табылабы?” деп аталат. “Мамлекеттин тагдырын татыктуу шайланган, келечекти көрө алган, жаратмандык касиети бар президент гана чечүүгө жарайт. Капчыгынын кубаты менен ажо болууну көздөгөндөр же аксымдардын колдоосу менен бийликти жеңем дегендер эч убакта падышанын тактысына отурбайт”, деп жазат макала автору.

Гезитте белгилүү журналист Алымжан Молорбаев кыргыз балдар-кыздарына ат коюу, наристеге ысым берүүнүн күңгөй-тескейине токтолгон. Мурда орусчага ыкташтырып ат коюу басымдуулук кылып келсе кийинки кездери арабча аттар арбып баратканына токтолгон автор адам ысымдарын туура эмес жазуу кадам сайын жолугарын жазат. “Батиров, Божоков, Довлатов, Давлесов, Доулов, Жанбулатов, Ирсалиев, Игамбердиев, Кыштобаев, Момбеков, Примкулов, Суеркулов, Соурбеков, Таирбеков, Тулегенов, Умматов, Чииров сыяктуу фамилиялар атуулдук абалдын актыларын жазуу органдарында иштегендер кыргыз тилин мыкты билсе Баатыров, Бөжөков, Дөөлөтов, Дөөлөсов, Добулов, Жанболотов, Ырысалиев, Эгембердиев, Кыштообаев, Момунбеков, Пиримкулов, Сүйөркулов, Собурбеков, Дайырбеков, Төлөгөнов, Үмөтов, Чыйыров деп жазышмак, деп белгилейт автор. Молорбаевдин ырасташынча, кыргызча адам аттарын расмий документтерге каттоону иретке салуу, бул жаатта мамлекеттик денгээлдеги иш-чаралар жасалышы керек.

“Асман+” гезитиндеги маегинде экс-депутат Акматбек Келдибеков “Оппозиция, позиция дебей мамлекетибизди кырдаалдан чыгарып кетүүнүн жолун издейли” деген чакырык таштады. “Мамлекеттин экономикалык абалы начар, элдин турмушу оор болсо да, акыйкат башкаруу орун алса эл менен бийлик бири-бирине жакын болот”,- дейт Акматбек Келдибеков.

Ушул эле гезиттеги маегинде саясий серепчи Токтогул Какчекеев “Текебаев жазган Конституцияда орчундуу кылмыш иши аныкталмайын президентке импичмент жарыяланбасы жазылып турат”, дейт. Президент Атамбаевдин Албек Ибраимовдон жер алып үй салышына токтолгон Какчекеев “Текебаев президентти баскынчы кылып көрсөтүп, Бакиевдин жерин алып, ага там салып жатат деген коомдук пикир жаратты. Чынында ал жер заводдун жери болчу да. Кыргызстанда жер эмес заводдор да сатылып кетти го”, дейт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG