Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:56

Зуураканга иштеген мыйзам “кууракандар...” үчүн да иштесе кана?


Кара-Балта.
Кара-Балта.

Бүгүн “Эркин тоо”, “Кыргыз туусу”, “Фабула” жана “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Эркин тоо” гезити жаңы санын “Индия Кыргызстандын ишенимдүү досу” деген баш макала менен ачты. Ахан Алишеровдун макаласы “Назарбаевдин модели” деп аталып, Назарбаевдин президенттик доорундагы Казакстан тууралуу сөз кылды. Атай Алтымышевдин макаласы “Кыргыздар “Манасы”, индустар “Махабхаратасы” менен сыймыктанат” деп аталды. Акын Карбалас Бакиров жаш акын Мырзалы Жанчаровдун “Каректеги аалам” атуу ырлар жыйнагына жакшы пикирин билдирип, ак жол каалады. Сымбат Максүтованын макаласы “Ошту оболоткон обондорго” арналды. “Эркин тоо” гезити ошондойле бүгүнкү жылдын мыктыларын аныктап, аларды сүрөттөрү менен жарыя кылды.

“Кыргыз туусу” гезити да жыл мыктыларын аныктап, сүрөттөрүн басты. Шабдан Абылгазы уулунун “Туризмден түшкөн каражатпы же коопсуздукпу?” деген, Болотбек Таштаналиевдин “Чолок көчөгө бучук молдо” деген макалалары жарык көрдү.

“Вечерний Бишкек” гезити “Майрамдык маанайдагы шаар” аттуу баштема менен жаңы санын ачып, Ала-Тоо аянтына орнотулган жаңы жылдык балаты жөнүндө кеп кылды. Гезит кабарчысы Александр Тузовдун макаласы “Индиялык маршрут” деген ат менен басылып, президент Алмазбек Атамбаевдин Индия сапары тууралуу баяндады.

Аталган гезит Улуттук Онкология борборунун чыдамы кетип бүткөн 73 кызматкери дагы бир жолу бийликке кайрылып, институтта шайлоо деги болуп өттү, ишке чекит коюп, Онкология борборунун директорун дайындап берсеңер болбойбу же ушинтип эле “Ай караган текедей” болуп жогор жакты карап олтура беребизби деген талапты коюшканын кабарлады.

Шаардын жаңы жылга даярдыгы тууралуу Сергей Швецтин макалаларынан окуп алсаңыздар болот. “Кыргызстандын 2005-жылдагы жоогазын революциясын мен каржылагам” деп кабар учурган казак саясатчысы Мухтар Аблязовдун айткандарынын баары карандай калп экенин, Аблязовдун ошол кездеги кыргыз оппозиционерлери менен эч кандай байланышы да болбогонун, болсо капчыктуу көпөс Данияр Үсөнов менен байланышы болушу мүмкүндүгүн, анткени Бишкекте ошол жылдары ачылган БТА банк дегендин директорлор кеңешинин төрагасы так ошол Мухтар Аблязов болгонун бүгүн жарык көргөн “Вечерний Бишкек” гезити жазып чыкты.

“Фабула” гезити “Тил комиссиясы тил укту” деген кабарында Жогорку Кеңештин Социалдык саясат, илим, билим берүү комитети Мамлекеттик тил комиссиясынын ишин караганын, анда парламенттеги комитеттин мурдагы төрагасы Садык Шернияз сөз алып, президенттин алдындагы деп аталган тил комиссиясы жарытылуу иш жасабай, өкмөттүн эрке баласындай эле миллиондорду чыгашага жазып коюп, чындап иштөөдөн качып олтурганын айтып чыкканын, Кыргызстанда айлык акы азайып олтуруп мындан беш жыл мурдагы абалына келгенин, Кара-Балта шаарындагы “Азия-2” базарынын башчысы Зууракан Сегизбаева аттуу акчалуу аял баласы менен кызын депутат кылчумун деп кол алдындагыларды добуш берүүгө үгүттөгөнү, тиешелүү добуш чогултпасаңар ижара акыңарды кымбаттатам, буга макул болбосоңор айдап чыгам деп коркутканынын карап, иликтеп, “эй, эжекеси, акчадан да кымбат мыйзам деген бар, обуңуз менен чакчаңдаңыз!” деп тизгинин тартып кое турган Жайыл райондук прокурору Алтынбек Намазалиев, райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси иштен алынып, Чүй облпрокурору Азат Өскөналиев менен облустук милициянын башчысына катуу сөгүш берилгенин, ал эми базаркомдун баласын өткөрө койчубуз деп чырдын себепкери болгон “Жаңы шаар” партиясынын алган добуштарынын баары жокко чыгарылганын жазып чыкты. Атаганат, мыйзам бардык учурда дал ушундай иштесе Кыргызстан эмдигиче кыйла өлкөгө үлгү болбойт беле дегиң келет. “Фабула” гезити бүгүнкү санына Тимур Термечиков аттуу автордун “Баштан бак тайып, бут алдынан жер көчүүдө... Текебаевдин айласы неге кетти?” деген макаласын да басып чыкты.

XS
SM
MD
LG