Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Кыргыз тарыхынын кыйласы Монголияда


Монголия.
Монголия.

Бүгүн “Эркин тоо”, “Кыргыз туусу”, “Вечерний Бишкек”, “Супер инфо” гезиттери жарык көрдү.

“Эркин тоо” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин “Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн, элибиздин ынтымагын, биримдигин сактайлы!” деген сөзүн баштема кылуу менен анын Жаңы жылдык куттуктоосун басты. Президенттин жардыгы менен үстүбүздөгү жыл –“Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп аталганын, бир катар ырасмий маалыматтарды, Жазгүл Кенжетаеванын “Бишкек гүлдөгөн шаарга айланат” аттуу макаласын, Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлангандардын тизмесин жана башкаларды ушул “Эркин тоо” гезитинен окуп алсаңыздар болот.

“Кыргыз туусу” гезитине филология илимдеринин доктору Ибраим Абдувалиевдин “Монголияда эмне бар? Тарыхыбыз бар” деген макаласы жарыяланды. Анда өткөн жылы Айтматов атындагы Тил жана адабият институнунун окумуштуулары Монголияда болгонун, элдин жашоо-турмушу менен таанышканын, байыркы түрк доорунун, анын ичинде кыргыздын өткөн доорлорунун табылгыс байлыгы дал ушул монгол жергесинде жатканын, өзүлөрүн “хотондукпуз” дегендердин 12 миңдейи Монголияда жашап турарын, булардын ДНКсын анализге алганда көбү кыргыз болуп чыкканын, бирок кыргыздыгын жоготуп монголго айланып кеткенин кеп кылып, монгол жери бүгүн кыргыз тараптан лингвоэтнографиялык, фольклордук, археологиялык экспедицияларды күтүп жатканын, кыргыз илимпоздору эми Бишкекте эле жата бербей, намысына келип, Монголияда калган тарыхыбызды, этнографиябызды, географиялык ордубузду, тилибизди иликтеп берет го деген акыйкат маселени көтөрүп чыкты.

2018-жыл айтылуу залкар манасчылардын бири Жүсүп Мамайдын 100 жылдыгы, буга байланыштуу жазуучу Чолпон Субакожоеванын Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдон алган маеги, журналист Болотбек Таштаналиевдин “Келме кезек: "Эл депутаттарды шайлады эле, эми депутаттар мэрди тандайт, “Аккан арыктын суулары” кандай агар экен?” деген макаласы бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезитинде.

“Супер инфо” гезити биздин “Азаттык” радиосунун “Азаттык +” аттуу телеберүүсүнүн алып баруучусу Айгерим Акылбекованын “Түндүк-түштүктү бириктирген жубайлардан болобуз” деген аталыштагы чакан маегине орун берди. Айгерим аттуу татынакай кызыбыз Караколдук Эркин аттуу жигитке турмушка чыгып жатканын, болочок жубайы менен кантип таанышканын айтып бергенин жарыялап, эки жаштын үйлөнүү үлпөтү ушул айда болорун кабарлады. Айгеримдин төркүнү болгон “Азаттыктын” атынан биз эки жашка бактылуу үй-бүлө болушун чын жүрөгүбүздөн каалай кетели.

Аталган “Супер инфонун” жаңы санынан ырчылар Ильяз Андаштын “Сейдакматтын ыры” менен жакшы акча таптым” деген, Кайрат Пиримбердиевдин “Орусиянын сахнасынан ордумду табууга аракет кылам” деген маектерин, “Валентина Шевченко рейтингде биринчи сапта” деген макаланы, сериал аңгемелердиин кезектеги үзүндүлөрүн жана башка маалыматтарды окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезитинен филология илимдеринин доктору Кубан Мамбеталиевдин “Республиканын эң чоң жогорку окуу жайынын ректору эмне жөнүндө ойлонот?” деген аталышта Ош мамлекеттик университетинин ректору, филология илимдеринин доктору Каныбек Исаков менен маеги басылып чыкты. Гезиттен ошондой эле Ольга Дядюченконун “Стамбулдун “Рейна” клубунда ок аткан ким болгон?” деген, Надежда Хохлованын “Сырдуу периштелер” деген, Нина Ничипорованын “Күткүлө! Биз дагы келебиз” деген макалалары, маектер, көптөгөн башка маалыматтар менен таанышасыздар.

XS
SM
MD
LG