Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Врачтардын саны кыскарган менен оорулардын саны кыскарбады


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бүгүн “Азия ньюс” гезити гана жарык көрдү.

Аталган гезит “Акматбек Келдибеков соттолуп калганы үчүн президенттик шайлоого катыша албайт” деген чакан кабар менен жаңы санын ачып, Акматбек Келдибеков президенттик жарышка түшчүмүн деп өлкөнүн түштүгүнө Улукбек Ормоновду, түндүгүнө Таштемир Айтбаевди тейлетип, саясый оюнга киргени жатканын, бирок Келдибековго коррупцияга байланыштуу кылмыш иш козголуп, Жогорку сот тарабынан 10 млн. сом айып тартып, аны мамлекетке төлөп бергенин белгилеп, демек мындай мандемдүү жаранды “Борбордук шайлоо космиссиясы тизмеге каттабай тургандыгын, андыктан Акматбек Келдибеков бош олтурбай, кайсыл бир күчтөр менен биригип оюн кылгысы келип жаткан болушу керек, башка айласы деле жок”, деп жазды.

Ийгилик Болсунбаев аттуу автордун “Садыркуловду өлтүргөн канкорлор эркиндикке чыкканы турат” деген макаласы, саясатчы Эдил Байсаловдун “Сирияда согушуп жүргөн кыргыздардын саны миңден ашты” деген маеги басылды. Эдил маегинде бийликтин бүгүнкү аракетин, Улуттук коопсуздук кызматын, партиялык парламентаризмди сынга алды. Жума Казыбеков макаласын “Абдылдаев, Жолдошева, Кулов, Малиев бириксе саясый кырдаалга таасир этеби?“ деген суроого жооп издеди. Уролог доктур Жаныбек Мамбетов “Тукумсуздукка туш болгон эркектер көбөйдү, бизге аялдарды жетелеп келишет” деп маек куруп, өспүрүм балдар арасында варикоцеле деген оорулар көп кездеше баштаганын, бул дарттын көбөйүшүнө экологиянын бузулушу, ден соолукка зыян келтирчү тамак-аш азык-түлүктөрүнүн көбөйүшү аябай таасир этип жатканын айтты. Маселен, кытайдын “адам санын көбөйтпөш керек” деген программасы бар экенин угуп жүргөнүбүздү, бирок биз алардын ошондой тукумсуздукка алып келчү тамак-аштарын кабагым-кашым дебей жеп келатканыбызды, анын үстүнө азыркы жаштар түнкү клуб дегендерге барышарын, тамеки чегерин, кальян тартышарын, клей жытташарын, энергетикалык ар кандай суусундуктарды ичишерин, түнкүсүн уктабай, күндүзү солуп жатышарын, мына ушулардын баары азыркы жаштарды тукумсуздукка алып барып жатканын билдирди. Уролог Жаныбек Мамбетов андан ары реформа деп айылдарда врачтардын санын кыскартып салышканын, бирок врачтардын саны кыскарган менен оорулардын саны кыскарбаганын, ушул жол менен жүрүп олтурса элибиздин келечеги өтө коркунучта экендигин, айылдардан келгендерде бөйрөктөгү таш оорулары көптүгүн, таңгалычтуусу Баткен облусунда бөйрөгүнө таш толгондор арбын болуп жатканын, бүгүн “Эмне үчүн Баткенде мындай оорулар көп?” деген суроо менен илимий изилдөөлөр жүрүп жатканын, көр түйшүк, жанбагуу деп атып, адамдар өздөрүнүн ден соолугуна көңүл бурбай калганын кейиш менен кеп кылды.

Коомдук ишмер Кемел Ашыралиев маегин “Темир Сариевге алкыш айтсак жарашат” деп атаса, жакында эле Америкага барып, андагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзүп, ал жерде жашап, иштеп жүргөн кыргыздарга жолугуп кайткан журналист Эркинбек Өкүмалиев Сурат Жылкычиевге берген маегин ”Америкада программист айтишниктер эң жогорку айлык алышат” деп атады. Эркинбек Америкага барып жөн эле саякаттап жүрбөй, корейлердин кафесине идиш жуугуч болуп орношуп, түнкү саат 10до 90 доллар акы алып чыкканын, семиз жылкы 600 доллар, килейген ириктер 200 доллардан ашпасын, баса Америкада жылкыны сойгонго француздар менен монголдорго гана уруксат берерин, эми кыргыздар да ошондой уруксат кагаз алганы чуркап жүргөнүн, дагы толгон-токой кызыктарга күбө болгонун баяндап берди.

Белгилүү юрист Бекибай Мамытовдун окурмандардын берген суроолоруна жооптору да ушул гезитте.

XS
SM
MD
LG