Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Президентке кимиси чыгарын үчөө тең чече элек


Келдибеков, Мадумаров, Ташиев.
Келдибеков, Мадумаров, Ташиев.

Бүгүн “Майдан”, “Багыт”, “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

Кыргыздын таланттуу акыны, өмүрүн жалаң жакшылыкка, ыйман менен ынтымакка арнап жүрүп өткөн, өзү да ырларындай алпейим, назик, ак көңүл адам Эгемберди Эрматовдун сөөгү бүгүн тууган жерине, туулуп өскөн айлына жерге берилет. Эгембердинин үй-бүлөсүнө, тууган-туушкандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болушун Кудайдан тилейбиз.

“Багыт” гезитинин атынан журналист Нургазы Мусаев Эгемберди акесине сөз менен гүлчамбар коюп, редакция жамаатынын атынан көңүл айтты. “Бешилик” рубрикасынан кадимки Анапияевдин бир тууган иниси Калмамат Анапияев Дача-СУдагы кырсыктан ата-энеси, бир туугандары жок жалгыз калган 7 жашар Жакшылыкка үй тартуулаганын, өздөрүн пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз деп эсептеген “Йакын инкар” деген диний топтун 10 мүчөсү Аксынын Кызыл-Туу деген айылынан кармалып, бирок буларга тыюу салуунун ордуна ар бирине 100 сомдон айып салып коё бергенин белгилеп: “Демейде социалдык тармактардан душман издемейди өнөр көргөн күч органдары динге жамынып алып бүтүндөй мамлекетке коркунуч келтирип жаткандарды эмне үчүн ооздуктабайт?” деп суроо койду.

“Майдан” гезитине Акматбек Келдибеков “Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев үчөөбүздүн кимибиз президенттик жарышка чыгарыбызды чече элекпиз” деген аталыш менен кенен маек куруп, окурмандардын бүйрүн кызыткан бир катар суроолорго жооп берип, аягында “Кыргыздар бири-бирибизди сыйлабасак, бири бирибизди көтөрбөсөк башка эч ким сыйлабайт, эчким көтөрбөйт, түндүкпү, түштүкпү, батышпы, чыгышпы, баарыбыз бир элбиз, бир улутпуз, бир атадан тараган урпактарбыз. Ушул жыл жакшылыктардын жылы болсун”, деп айтты.

Ушул эле “Майдан” гезитинде саясатчы Равшан Жээнбековдун “Биздин бийликте бандиттик психология бар” деген, депутат Тынчтык Шайназаровдун “Бакиевдердин кеткенине 7 жыл болду, эми баарын эле ага шылтаганды токтотолу да” деген, 8-телеканалдын жетекчиси Алмазбек Каримовдун “Кландык капитализм өзүн коргош үчүн элди алдап, бийликке келип жатат” деген, ишкер Кадырбек Жакшыбаевдин “Ишиңди канчалык таза кылсаң, ошончолук жакшы жүрөт” деген, Алишер Токсонбаевдин “Төпө-Коргон кантип миллионерге айланды?” деген макалалары жана маектери бар.

“Багыт” гезити Баратбай Аракеевдин “Кадр саясатын тамырынан оңдош керек” деген макаласын басты. Жекшенбек Абдысатаровдун макаласы “Текебаевдин учак кырсыгы боюнча калпы чыкты, уялган жок” деген ат менен жарыяланды. Журналист Айбек Шамшыкеев макаласын “Мамлекет кайгысын мазакташкан “Маңкурттар” жазасыз калбасын!”деп атап, бүтүндөй эл-журтка жаман жагы менен көрүнүп, өз абийирлерин өздөрү төгүп жаткан кыргыз кыздары тууралуу, мисалы, дөөрүп сүйлөп алып кызматынан айдалган Дөөталиеваны, кыргыз болуп калганына өкүнүп, көрүнгөн менен айтышып жаткан Эльзат Жедигер деген кыздын улуу Айтматов жазып кеткендей маңкурт болуп калышканын жазып чыкты. Айбек Шамшыкеев андан ары: “Эми Дөөталиеванын укугун өмүр бою түрмөгө кесилген Азимжан Аскаровдун адвокаттары Азиза Абдрасулова, Нурбек Токтакунов, Төлөйкан Исмаилова дегендер коргойбуз деп чыгышыптыр. Эми бул үчөөнө баары бир. Мамлекеттин бүтүндүгүн ойлобой, ынтымагын ыдыратууга ык койгондорго бийлик жумшак мамиле кылбай, катуу чара көрүп, абакка аз эмес мөөнөткө салуусу зарыл. Керек болсо элди экиге бөлгөндөрдүн жазасын атайын мыйзамдар менен күчөтүү зарыл” деп жазды. Баратбай Аракеев дагы бир макаласын “Чыныгы баатырлар кайда?” деп атады.

“Вечерний Бишкек” гезити Дача СУдагы кырсык жөнүндөгү макалалар менен жаңы санын ачты. Александра Василькова “Кулап түшкөн "Боингдеги" жүктүн сыры“ деген чакан макаласында Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин комиссиясы кырсыкка кабылган “Боинг-747” учагындагы 85 тонна жүк: андагы планшеттер, смартфондор, мобилдик телефондор жана башка техникалык каражаттардын баары түрктөргө таандык экендигин далилдеген документти алгандыгын, бул тууралуу МАКтын төрагасы Леонид Каширский ырасмий билдирүү жасаганын, комиссия белгилеген документтер эми “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жүк Бишкектеги бирөөнүкү болушу мүмкүн дегендерин биротоло жокко чыгарганын жазып чыкты. Бермет Маликованын макаласы “Омбудсмендин ролун күчтөндүрүүнү каалап жатат” деген ат менен жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG