Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:12

Бүгүн “Фабула”, “Жаңы ордо”, ”Супер инфо”, “Эркин тоо”, “Кыргыз туусу”, “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Фабула” гезити бүгүнкү санын “Үтүктү сайсаң да Текебаев көрүнөт...” деген баштема менен ачты. Гезит Бабанов тууралуу “Суу жүрөк эл башкара албайт” деп, “Самаковго 19 жыл сурашты, бул акылга сыйбаган көрүнүш” деп, “Батыралиевди кетсин” деп чыгышууда” деп, “Чет өлкөлүк маалымат булактарында айтылгандай Текебаев Кипрден кыргыздын он гүлүнүн бир гүлү ачылалек, кырчындай 100 баласынын канын төгүп кеткен Бакиевге жолукканы аныгына чыкчу болсо, Өмүрбек Текебаев дегендин доору бүткөнү ошол” деп кабарлады.

Журналист Бөкөнбай Боркеевдин азыркы оппозициянын эң көрүнүктүүсүн катуу сынга алган “Үтүктү сайсаң да Текебаев көрүнөт” деген макаласы жарык көрдү.

Чолпон-Ата автобекетинин директору Керимбек Кожобаевдин “Өкмөт көңүл бурбаса, автобекеттердин келечеги күмөн” деген, жазуучу Зулпукаар Сапановдун “Кыдыр санжырасы” алтын доордун ачкычы” деген маектерин, Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Батырбековдун үй-бүлөлүк турмушу тууралуу айтып бергендерин, ырчы Анара Шаимкулованын чыгармачылык сырын, белгилүү акын Өмүрбек Дөлөевдин “Фабулага” арнап жазган ырын жана башкаларды окуйсуздар.

“Жаңы ордо” гезити “Чубак ажы намаз окуган депутаттарга нааразы” деп, “Бабанов өзүнө ишенбей Мадумаров менен чогуу болгусу келет экен” деп, “Кызыкчылык үчүн Келдибековду өөп жиберген Текебаев” деп, “Кремлдин мураскери Сариев болобу?” деп, “Талашка түшкөн жерлерден мародерлордун кулагы көрүнөбү?” деп кабарлады.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева “Атамбаев Текебаевди мураскерликке даярдап жатабы деп" ойлоп кетерин айтып кенен маек куруп, президент менен Текебаевдин ортосундагы тиреш ойлонуп табылган оюнбу деген күмөн саноосу бардыгын, анткени чындап эле Текебаевди сындыргысы келип, камай турган болсо ага козгой турган иштер толтура болчу” деп билдирди.

Мурдагы билим министри, профессор Каныбек Осмоналиев “Билим берүү министрлиги эң алсыз, таасири жок министрлик” деп министрликтин жүргүзүп келаткан иштерин сынга алды. Электр энергиясындагы ызы-чуулар боюнча окурмандардын ойлору жарыяланды. “Темир дүйнө” деген теманын алдында акын Фатима Абдалованын жаңы ырлары жарык көрдү.

“Супер инфо” гезитинен ырчылардын маектерин, пайдалуу кеп-кеңештердин топтомдорун окуйсуздар. Адаттагыдай эле телепрограммалар да бар.

“Кыргыз туусу” гезити “Президенттин Европага болгон сапары” деген теманын алдында фото сүрөттөр менен коштолгон маалыматтарды тартуулады. Гезиттен каракулжалык акын Исматулла Парпиевдин Орусияга арналган “Путиндин ыры” деген ырын, Нарынкүл Назаралиеванын “Кафелерден “чалынган” погончондор...” деген, генерал Курсан Асановдун “Видеокамералар орнотулуп жатат” деген, Курманкул Зулушевдин “Убактылуу кармоочу жайды министрликтен алуу керек” деген, Кенжебек Бокоевдин “Тергөө системасы көз каранды болбошу керек” деген макалалары менен таанышасыздар.

“Эркин тоо” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин иш сапарын “Европа биримдиги менен мамилелер тереңдөөдө” деген теманын алдындагы макалалар, сүрөттөр аркылуу чагылдырды. Мээрим Бактыбек кызынын макаласы “Тайырбек Сарпашев ак жеринен караланып жатабы?” деп аталды. Мындан тышкары Ыйман, адеп, маданият жылына байланыштуу ой-пикирлер, кандай президент керектиги жөнүндө үмүт-тилектер жарык көрдү.

“Вечерний Бишкек” гезити президенттин Европадагы сапарын “Европа күнү” деп атап, ал тууралуу Александр Тузовдун макаласын басты. Бермет Маликова макаласын “Жазгы шайлоонун жана жазгы айдап себүүнүн алдында” деп атаса, Александра Василькова макаласын “Сарпашев англистерче коштошту, балким биротоло кетти” деп атады. Азамат Касыбековдун макаласы “Жардыргычы бар жалган интим” деген ат менен, орусиялык белгилүү укук коргоочу, педагог жана коомдук ишмер Светлана Ганнушкинанын маеги “Билимсиз мигранттар кулдан да жаман” деген ат менен жарык көрдү. Гезитте булардан тышкары окуй турган материалдар арбын.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG