Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

“Атамбаевдин сөзүнө Казакстан катуу таарынды”


Атамбаевдин Европа сапары.
Атамбаевдин Европа сапары.

“Багыт” гезити “Сынчынын сыңар өтүгү майрык” деген макала менен жаңы санын ачып, кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Европадагы иш сапарын Батыштын журналисттери, анын ичинен “Азаттык” радиосунун Брюсcелдеги кабарчысы Рикард Жозвиак жана башкалар Борбор Азиянын бир да президенти Европада мындай баркталбай турганын айтып, таң калганын кабарлап чыкканын, ал эми Кыргызстандагы жылуу үйлөрүндө олтуруп алып, кыктаганынан бери кынтык издеп, эптеп каралоого аракет кылгандар аман эле болсун, бу дагы адамдык мадниятыбыздын мандемдүүлүгү деп жазды.

“Багыт” гезитинен “Кырсык болгон жерден казактар 300 тонна көмүрдү талап, ташып кетишкен” деген, Дача СУдагы кырсыктан жабыр тарткандар үчүн чогулган акча 91 млн. сом болгонун, Иса Өмүркулов президенттикке көрсөтүлүп, колдоо тапканын кабарлады. Баратбай Аракеевдин кыргыздын белгилүү коррупционерлери жөнүндө макаласы “Кимиси ыймансыз?” деген ат менен жарык көрдү, автор жемкорлордо ыйман да, маданият да, бет да жоктугун кеп кылды. Жекшенбек Абдысатаровдун эки макаласы жарык көрүп, биринчиси “Коррупционер министр Равшан Жээнбеков “Асыл-Ташты” арзан менчиктештиргенин мойнуна алды” деп аталса, экинчиси Өмүрбек Текебаев жөнүндө “Бакиевдин табигый жүзү ушундайбы?” деп аталды. “Ас-Салам” эл аралык кайрымдуулук фонддун жетекчиси Нурмухаммед Миңбаев “3 млн. долларга медициналык жабдуу алып келип, мамлекетке өткөрүп бердик” деп маек курду. Профессор Кайрат Осмоналиевдин, саясат таануучу Эдил Осмонбетовдун, Максимдин жерин басып алды деген Баткен Шерниязовдун маектери бар. Баткен мырза бул жерге анын эч кандай тиешеси жоктугун айтып берди. Азамат Кангелдиевдин макаласы “Кызалаковдун өзү да, кыздары да алдамчылык менен оокат кылышабы?” деген ат менен тартууланды. Тарых илимдеринин кандидаты Жеңиш Коёналиеванын “Айылдан шаардык Шакеме кат!” деген мага жазган каты жарык көрдү. Ошондой эле бул санда жазуучу Эркалы Өскөналынын “Куйручук” романынан үзүндү, Сагын Ишеновдун “Жүкөш мерген баяны”, балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова тууралуу макала, пайдалуу кеңештер бар.

“Майдан” гезити журналист Алишер Токсонбаевдин “Оштук милийсалар 8 кишинин өмүрүн сактап калды” деген жакшы кабарын таратты. Бул сандан “Карганбек Самаковду Салянованы күнөөгө тартыш үчүн акташабы?” деген, “Атамбаевдин сөзүнө Казакстан катуу таарынды” деген, “Максим Бакиевге таандык болгон НТС эмнеге улутташтырылган эмес” деген, Сабыр Муканбетовдун “Илим Карыпбековду бийлик колдонуп бүткөндөн кийин баары бир кетирет” деген макала, маектерди, “Президент “демократиянын архитектору” болууга татыктуубу?” деген алты адамдын ой-пикири, президенттикке мураскер издеген макала, депутат Аида Салянованын “Бул чабуул жеке эле “атамекенчилерге” эмес, өзүнчө пикири бар, башкалардан айырмаланган көз карашы бар адамдарга эскертүү” деген маеги басылды. “Майдандын” бүгүнкү санында “Атамекенчилер” кезектеги эл билбеген мародерчулугун кантип жаап-жашырып жатат?” деген макала тартууланды. Коомдук ишмер Марат Кайыпов маегин “Кыйраган учактагы жүк Кыргызстандын эң жогорку бийлик жетекчилерине тийиштүү” деп атады. Гезиттен булардан тышкары Дастан Сарыгуловду колдогондор митингге чыкканын, муфтийлик орунга бир талапкер катталганын, Атамбаев Орусияга барарын, Назарбаевдин Ошко салдырган мектеби сапатсыз курулганын, “Ата Мекен” президенттен өч алып жатканын, журналист Амирбек Азам уулунун белгилүү жазуучу Султан Раевдин “Жанжаза” романы тууралуу жазган пикирин, филология илимдеринин доктору Советбек Байгазиевдин Кошой баатыр тууралуу макаласынын уландысын, Равшан Жээнбековдун өлкө башчысы тууралуу айткандарын окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезити “Мекенди коргоп” деген баш макала менен жаңы санын ачып, эртең Мекенди коргоочулардын күнү экенин эске салып, Виктор Мурзовдун ооганчылар тууралуу “Алар биздин жалпы Мекенди коргошкон” деген макаласын сунуш кылды. Кырсыктын зыяны 195 млн. болсо, 91 млн. сом чогулганын да “Вечерний Бишкек” жазган макала аркылуу билесиздер. Вячеслав Аникиндин азык-түлүк коопсуздугyна арналган макаласы да гезиттин ушул санында.

XS
SM
MD
LG