Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Кыргызстанга “Дэн Сяопин” келеби?


Оппозиция лидери Өмүрбек Текебаев.
Оппозиция лидери Өмүрбек Текебаев.

Бүгүн “Азия ньюс”, “ПолитКлиника”, “Ачык сөз” гезиттери жарык көрдү.

“Азия ньюс” гезити бүгүнкү санын “Мэр Ибраимовдун күркөлөргө көзү түштүбү?” деген, “Абдил Сегизбаевдин кадыры өсүүдө” деген, “Атасынын коргоочусу Айданек Текебаева” деген, “Сапар Исаковдун секирик жасашы–мураскер болуунун коңгуроосубу?” деген баштемалар менен ачты. Тайлак Назымов аттуу автор Сапар Исаковдун айланасында сөз кылып, ал Кочкор жергесинен болорун, бул өрөөн тегин жер эместигин, эзелтен хандар чыккан жер болорун, Ормон хан, кийинки эле совет доорунда Кыргызстанды 25 жыл башкарган Турдакун Усубалиев сыяктуу чыгаандар чыкканын эске салып, кезинде айтылуу Калыгул олуя: “Бизден экөө катар жүрбөс, бирөө үзүлбөс...” деп айткан сөзү ойлондурбай койбостугун, Сапар Исаков быйыл 40 жашка толорун эске салып, президенттикке ушул жигит тапталып жатат окшойт деген божомолун билдирди, муну менен бирге эле мураскер катары Сооронбай Жээнбековдун, Иса Өмүркуловдун, Калыкбек Султановдун аттары аталып келатканын да кеп кылды. Бир катар саясый маалыматтардан кийин белгилүү публицист Кубан Мамбеталиевдин “Темир Сариев менен Дэн Сяопиндин окшоштугу” деген макаласы жарык көрдү. Автор президент болот деген саясатчылардын бир тобуна мүнөздөмө берип келип, “Сариев Дэн Сяопин сыяктуу чекене бойлуу. Мындай бой менен караңгы бөлмөдө мышык кармаган оңой. Ал аренага ачык чыкты, “эми ким-кимди кармайт” деген суроо туулат? Ал кармайбы же алар аны “жеп” коюшабы? Башкача айтканда, президенттик жарышта талапкерлердин арасынан жеңишке жетчүсү ушул киши болуп турат” деп жазды.

Гезиттен “Сынды жалаа деп ыргыштай беришеби?” деген саясый илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков “Кемелдин “галошу” же дагы бир жолу түндүк-түштүк маселеси” деген макаласын “Эл бөлүнбөсүн” деген рубриканын алдында жарыялады. Макала “Рахат Ачылованын диссертациясы”, “Жер басып алуу”, “Маселенин мыйзамдык жагы”, Эми эмне кылабыз? “Республикачылар”, “Демократтар” деген бөлүмдөрдөн турат. Белгилүү окумуштуу элди түндүк-түштүккө бөлүп-жаруу жакшылыкка алып келбестигин айтат.

“Азия ньюстан” ошондой эле Кыргыз Республикасынын баатыры Миталип Мамытовдун “Жетигенге ак бата” деген каалоо-тилегин, Арстан Алгырбековдун Өмүрбек Бабанов тууралуу “Дандуу лидер” аттуу макаласын, белгилүү публицист Эсенбай Нурушевдин “Элибизге чынчыл, туурачыл автократтын келиши зарыл” деген маегин жана башкаларды окуйсуздар.

“ПолитКлиника” гезити бул санын экс-президент Роза Отунбаеванын “Баарыңарды кыраакылыкка жана сабырдуулукка чакырам” деген, Бакыт Орунбековдун “Эртеңки президентте кандай сапаттар болушу керек?” деген жана “Өмүрбек Текебаевдин камалышынын чоо-жайы” деген, “Айтматовдун арзуусуна татыган” деген макалалардын баштемалары менен ачты. Айгүл Бакееванын макаласы “Евразиялык биримдикке киргенден кийин “Дордой” жаңы дем менен иштөөдө” деп аталды. Гезитте сандан-санга коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин “Референдум сабактары же өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө” деген эмгеги жарык көрүүдө.

Экс-президент Роза Отунбаева кайрылуусунда Өмүрбек Текебаев эркин Кыргызстандын калыптанышына жана өнүгүшүнө эбегейсиз зор салым кошкон, акыйкаттык үчүн күрөшкөн инсан катары эл билген, эл сыйлаган саясатчы экенин белгилеп, 2002-жылы Аксыдагы, 2010-жылкы “Ала-Тоо” аянтындагы мекенчил жарандарыбыз Кыргызстанда кайрадан полициялык өзүм билемдик, саясый оппоненттерди күч менен басуу өнөкөтү орносун деп өз жандарын кыйбаганын эске салып, Акаев менен Бакиевдин өзүм билемдик доорундагы заман кайталанбашы үчүн эркиндиктерди коргоп калууга чакырык таштады. Текебаев боюнча саясатчылар Темир Сариевдин, Аликбек Жекшенкуловдун, депутат Каныбек Иманалиевдин айткандары да жарык көрдү.

“Ачык сөз” гезити бул санын “Оруска келген оомат кыргызга да келет” , “Эл тынчтыкты каалайт” деген ой-тилектер менен ачты. Каныбек Иманалиев жөнүндө “Капаштын баласы эмнени мээлеп жатат?” деген, Роза Отунбаева жөнүндө “Апчебиздин таарынычы кетпептир” деген, “Тамада” Адил кыйын чыкты” деген кер какшыктар жана “Акматбектин айтар кеби бар” деген чакан кабар, “Азыркы партиялардын деги тазасы барбы?” деген суроого жооп бар. Өмүрбек Текебаев жөнүндөгү макала “Ийри таяктын көлөкөсү түзөлбөйт” деген, Төлөнбай Абдыразаковдун “Малды идентификациялоо маанилүү маселе” деген, жазуучу Абдиламит Матисаковдун баш сөзү менен анын шакирттери болгон эки жаш жазуучу Мээрим Маликова менен Акмарал Анарбекованын тунгуч аңгемелери, Зулхабира Ажыматованын “Турар Кожомбердиевдин кыргыз балдар адабиятындагы орду” деген макаласы, белгилүү романчы Тойчубай Субанбековдун жаңы романынан үзүндү, “Айкөл” фольклордук эстрадалык ансамблдин жетекчиси Советжан Асанкадырдын “Элдин баасы биз үчүн бийик” деген маеги, айтылуу обончу, маркум Жолдошбек Мамажанов тууралуу журналист Адылжан Жажановдун “Кайталангыс талант” деген макаласы жана Мамажанов тууралуу замандаштарынын ойлору орун алды.

XS
SM
MD
LG