Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Жазуучуларга берилген акчанын чоо-жайы


Бүгүн "Де-факто", "Жаңы ордо", "Фабула", "Супер инфо", "Вечерний Бишкек" гезиттери жарык көрдү.

"Де-факто" гезитинен жалаң саясатка байланышкан бир байлам майда кабарлардан кийин саясат таануучу Айнура Арзыматованын "Парламентти таратуу боюнча демилгени колдошубуз керек" деген, коомдук ишмер Адилет Калыгуловдун "Кээ бир депутаттар эртең мамлекетти дүңүнөн сатып кетүүдөн кайра тартышпайт" деген маектерин, "Иса Өмүркуловго 60 жыл" аттуу сүрөт баянды, Каныбек Кадыралиевдин "Аида Салянованын бейнеси: "апакай" көрүнгүсү келген коррупционерби?" деген макалаларды окуйсуздар.

Ушул эле "Де-фактого" "Аскар Акаевдин ашынган жалганы же Жазуучулар союзуна бөлүнгөн 60 млн. рублдин таржымалы" деген ат менен Нурлан Жукеевдин макаласы жарык көрдү. Макалада академик Аскар Акаев президент Атамбаевга жалган жалаа жаап, карандай калп айтканы Кудайга жакпай тургандыгын автор ырастап: "Жалпы Жазуучулар союзунун атынан Асан Жакшылыков 1992-жылдын сентябрь айында ошол кездеги финансы министри Амангелди Муралиевге кайрылып, бюджеттин эсебинен 50 млн. рублдик үстөк пайызсыз ссуда сурап, анан ошол эле жылдын ноябрь айында колуна алганын тастыктаган эл жазуучулары Т. Касымбеков, Ж. Садыков, Б. Жакиев, А. Стамов жана Жазуучулар союзунун секретарлары А. Атамбаев, А. Ивановдор кол койгон ошол кездеги президент А. Акаевдин, өкмөт башчысы А. Жумагуловдун атына жазылган кайрылуу кат барын академик Акаев эң сонун билиши керек эле" деп жазды. Сиздер андан ары ал акчанын кантип жок болгонун, кимдер жок кылганын, кийин текшерилип, кайдан табылганын эл унуткан менен ал кездеги жазуучулардын баарынын эсинде экенин кенен жазып чыкты.

"Жаңы ордо" гезитинен Темир Сариевдин "Сариев трайбалист" деген сөздү таратып жүргөндөр чоң жаңылышат" деген эки беттен турган маегин, Иманак Сагынбековдун "Мамлекеттик тилдин кендирин кескен жети көйгөй" деген макаласын, окумуштуу Кыяс Молдокасымовдун "Мамлекет башчысынын ата-тегине байланыштуу изилдөө менин изилдөөлөрүмдүн бир күкүмү гана" деген, саясатчы Жусупжан Жээнбековдун "Атамбаевдин жанында чын дили менен күйгөн кадр жок" деген, Нурсейит Бектурсуновдун "Мадылбековдун баласы Эльдар "Элитдомстройдун" башында турганын кийин прокуратурадан билдик" деген маектерин окуйсуздар.

"Фабула" гезити жаңы санына майда маалыматтарды, Тилек Рыскуловдун "Президент КСДПнын катарын тазалайбы?" деген макаласын, "Күздөгү президенттик шайлоого Ө. Текебаев катышабы жана утуп чыгууга мүмкүнчүлүгү канчалык?" деген, "Президенттин Жогорку Кеңеш жөнүндөгү айтканында негиз барбы же курулай сөзбү?" деген суроолорго жооп берген адамдардын ойлорун, коомдук ишмер Жумагул Сааданбековдун "Ушул жыл биригүүнүн жылы болсун!" деген макаласын басты. Сааданбеков макаласында: "Президент болом дегендердин ар бири менен жолугушалы, сүйлөшөлү, кеп-кеңешибизди берели, ал эми кимди тандап, кимди шайлап алышты эл өзү билет. Мамлекет жок болсо эл да жок, демократия да жок, эчтеке жок. Мамлекетибизди көздүн карегиндей сактайлы!" деп айтты.

"Супер-инфо" гезитинен өнөрлүү кыздар менен жигиттердин кызыктуу маектерин окуйсуздар.

"Вечерний Бишкек" гезитинде Александра Василькованын "Ата Мекен" - сасыбаган партиябы?" деген, Бермет Маликованын "Ушак үчүн ким жоопко тартылат?" деген, укук таануучу Айбек Султановдун "Атамбаев реалдуулукту карай бурулду" деген, Азамат Касыбековдун "Курманбек Бакиевдин чиркейлери менен мантылары" деген, профессор Валерий Киютиндин "Атеист сен кайдасың? Тирүүсүңбү?" деген макалалары жана башка материалдар бар.

XS
SM
MD
LG