Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Парламенттин таркаш-таркабашы талашка "жем" таштоодо


Кыргыз гезиттери.
Кыргыз гезиттери.

Бүгүн "ПолитКлиника", "Ачык сөз", "Азия ньюс" гезиттери жарык көрдү.

"ПолитКлиника" гезитиндеги журналист Айгүл Бакеева "Чыга турган көз эле..." деген макаласында Жогорку Кеңештин 1-марттагы жыйынында "Өнүгүү" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышына байланыштуу сүйлөп жатып: "Эгер биз эч нерсени чече албасак, анда Жогорку Кеңешти таратып, жаңы шайлоо жарыялоо керек" дегенин мисалга тартуу менен парламент тагдырына байланышкан ушу талылуу маселени талдоого алды. Гезитте буга улай эле Кымбат Турдубекованын ой топтому аркылуу "Парламент таркашы керекпи же жокпу?" деп суроо салды.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев:- Негизинен бул парламент мага жагып атат. Эгер булар тараса кайра эле баягы байлар келет. Анын эмне кереги бар?- деп,

Экс-министр Нурлан Шакиев:- Парламентти токтоосуз түрдө таратыш керек. Мындай алсыз, коркок, демилгеси жок, элдин камын ойлобогон, саясый интригалардын ордосуна айланган, Атамбаев айткандай "мыйзам чыгаруучу эмес, ушак чыгаруучу" органга айланган парламенттин бир да күн жашаганга акысы жок,- деп,

Депутат Максат Сабиров:- Парламент тарабашы керек. Себеби жергиликтүү шайлоолор бүтпөй жатса, кайра шайлоо болсо мамлекет эмне болот?- деп,

Депутат Дастан Бекешов:- Атамбаев сөзсүз парламентти таратыш керек деп айткан жок. Парламентти таратпашыбыз керек. Анын үстүнө бюджеттен 700 млн. сом керектелет шайлоого. Чындыгында күз, жаз айларында дайыма ушундай маселе көтөрүлүп чыга берет. Биз буга көнүп калганбыз,- деп,

Экс-депутат Назарали Арипов:- Тарар-тарабасын депутаттар өздөрү гана чечиши керек,- деп,

Экс-депутат Абдыжапар Бекматов:- Таркатууга эч кандай негизди көргөн жокмун,- деп жооп беришти.

"ПолитКлиника" гезитиндеги "Президентке кат!" рубрикасынан Алмазбек Атамбаевге Түркиянын жараны Алтан Жанберк Созер аттуу адамдын "Кыргызстанда инвесторлорду чакыргандын ордуна кордой беришеби?" деген каты, журналист Бабырбек Жээнбековдун "Алиби" жана көк чөп" деген эссеси, Темир Сариевдин мектеп-интернаттагы тарбиячысы Аскан Масадыкованын "Темир кичинесинде Усубалиев болом дечү эле" деген баяны, саясатчы Эмилбек Каптагаевдин сандан санга жарыяланп келаткан "Референдум сабактары" макаласынын уландысы, Айгүл Бакееванын жогорку окуу жайлары боюнча өткөргөн "тегерек үстөлү", белгилүү журналист Султан Жумагуловдун энелердин майрамына арналган макаласы жана башкалар жарык көрдү.

"Ачык сөз" гезити бул санына кыргыз элин алдыда келаткан Жаңы жылы менен куттуктап "Жакшылык менен ыймандын жарчысы бол, Нооруз!" деген тилектүү макаласын тартуулады. Ушул эле бетке Акаев менен Бакиевдин сүрөттөрүн басып, буга дейре Кыргызстандын жакшылыгы жөнүндө бир ооз сөз айткылары келбеген эки качкын, бири Маскөөдөн, бири Беларус токоюнан үн катканына "Акаев менен Бакиевди кимдер ойготушту?" деген макала арнады.

Улуттук университеттин ректору Чынара Адамкулованын реформатордук ишине ичи күйгөндөр такыр эле ооздугун тарталбай, күрөшкө тойбогондор ар кайсы маалымат каражаттарына чымындын канатындай тетири маалымат берип келатканын жазды. Ошондой эле Жора Сулаймановдун "Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү талапкерликке көрсөтүлбөсүн" деген, Адылбек Жажановдун "Неге көчүп жатышат?" деген, Абдил-ахат Курбан уулунун "Нооруз кандай майрам?" деген, Бактыгүл Чотурованын "Кыргыз туусу" гезитинин легендарлуу редакторлорунун бири Абдиламит Матисаков тууралуу "Редактор Мурзаевич" деген, профессор Айнура Арзыматованын "Кызматтан куулгандар реформага жолтоо болушууда" деген жана башка макалаларды окуйсуздар.

"Азия ньюс" гезити Чүйдүн губернатору Бактыбек Кудайбергеновдун "Чүйдөгү дыйкандарыбыз өсүмдүктөрүн Казакстан, Россияга чейин экспорттошууда" деген, "Токмокто Темир Сариевди эл жылуу кабыл алды" деген, "Аза" аттуу агенттиктин жетекчиси Болот Карамуратовдун "Адам өлгөндө сөөгүн өрттөп салуу - мезгил талабы" деген, депутат Рыскелди Момбековдун "Мурда бир эле "кошелекту" билчүбүз, азыр болсо "кошелектордон" баш адашат" деген, мурдагы аткаминер Пайзулла Рахмановдун "Түрмөдө Камчы Көлбаев, Равшан Сабиров баштаган жигиттер менен жазамды өтөп чыктым" деген, илимдин доктору Дүйшөнбек Камчыбековдун "Барган сайын тоо-кен тармагынын абалы оорлошууда" деген маектери, журналист Жеңишбек Эдигеевдин "Күн чыгат кайра-кайра, мен чыкпаймын" деген эссеси жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG