Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Гезиттер: эски шайлоону эңсегендер


Бүгүн "Майдан", "Багыт", "Вечерний Бишкек" гезиттери жарык көрдү.

Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковдо президенттик дымак жоктугун "Майдан" гезити жаңы санында маалымдады. Басылманын ырасташынча, "Таза коом" долбоору "пайда болгон күндөн баштап Сапар Исаковдун авторлугуна жазышып, "сүймөнчүктүү баланын" президенттик шайлоого карата программа-платформасы катары тааный башташкан. Качан гана экс-президент Роза Отунбаева: "булардын "Таза коому" шайлоодо бийликтин партиясы чыгарган талапкердин үгүт материалы болуп калбашы керек",- деп айтканда бийликте отурган башкы адамдардын башына муздак суу куюп жибергендей чочуп ойгонушуп, актанып жатып калышты. Актанышканын ушундан көр, буга чейин Алмазбек Атамбаевдин бирден-бир "мураскери" катары калың журтка тааныла баштаган Сапар Исаков "мен президенттикке барбайм" - деп айтып алып, бийликтин бир планын талкалап алды",- деп белгилейт гезит.

Басылмада экс-депутат Эркингүл Иманкожоеванын "Өкмөт өз элине чыккынчылык кылды" деген маеги да басылган. "Мурунку бийликте да оппозиция өкүлдөрүнө коркутуу, үркүтүү, куугунтуктоо болгон, бирок азыркыдай темп менен болчу эмес. Ал кезде мамлекеттик орундарды, бала бакча жетекчисин, пол жуугучуна чейин бийликтин партиясынын сабатсыз адамдары ээлеген эмес",- дейт Иманкожоева.

Гезиттеги "Абдылда Капаров мектепте өзбек гимни ойнолгонуна каршы чыкканы үчүн 3,5 жыл кара жумушка соттолдубу?" деген абактагы оппозиционердин кызы Эльвира Капарованын макаласында улут аралык мамилелерди козутту деген айып менен Абдылда Капаров Ош шаардык сотунун чечими менен үч жарым жылга кара жумушка тартыларын маалымдаган. Абдылда Капаров мындан үч жыл илгери Араван районундагы Тепе-Коргон айыл округундагы Маткасымов атындагы орто мектептин 90 жылдык мааракесинде жаңылыштан өзбек гимни коюлуп кеткенин айтып, ага күбө болгон мамлекеттик кызматкерлер иштен кетиши керектигин билдирген.

"Майдан" гезитинде түндүк-түштүк альтернативдик жол курулушу тууралуу "Президенттин саясий долбоорубу же ажонун ашынган амбициясыбы?" деген макала да жарыяланган. Анда Кытайда бир чакырым жол курууга 65 000 доллар керек болсо, Кыргызстанда бул сумма 1,5 эсе жогору экендиги белгиленип, "эмне үчүн?" деген суроо коюлган.

Ушул эле басылмада укук коргоочу Акин Токталиевдин "Бийлик күндүр-түндүр адам укугун бузганын токтотпосо, террорчу өзүнөн-өзү жаралат" деген маеги чыкты. Анда Токталиев: "Эгер сакалчан хулиган же бандит, рэкет же каракчы болуп калса, аны бийлик дароо эле террорист-экстремист кылып коёт. Ал эми ошол сыяктуу атеист кармалып калса, аны хулиган же бандит, рэкет же каракчы катары соттоп коюшат. Сакалчандарды коомго радикал террорист деп оңой эле көрсөтүшөт. Ал эми сакалчандар атайын сакал коюшат, кой терисин жамынгансып, "биз мусулманбыз" деп бандиттик иш жасаш үчүн",- дейт Акин Токталиев.

"Багыт" гезитинин жаңы санында Мурат Мусакеевдин "Премьердин жеңиштүү иштеринен", Айнура Арзыматованын "Биометрикага каршы чыгып жаткандар - эски шайлоого куса болуп жаткандар" деген маеги, Айбек Шамшыкеевдин "Айыл чарба министринин жерин, имаратын менчиктеп алышкан "коррупционерлер" эмнеге жоопко тартылышпайт" деген макаласы жарыяланды. Кийинки макалада Аламүдүн райондук суу чарба департаментине караштуу үйлөр кантип менчик колго өтүп кеткени иликтенген.

Ушул эле гезиттеги "Күрөшпөй жеңилүү жана алдын ала актануунун "бормуласы" деген макаласында Жекшенбек Абдысатаров "өз күчүнө, калк ичиндеги салмагына анчейин ишене албагандар алдын ала эле чагымчылыкты уюштурууга аракет жасап жатышкандай. Кыргыз бийлиги 2010-жылдан бери карай шайлоолорду таза жана акыйкат өткөрүүгө аракет жасап келет. Бул чыныгы реалдуулукта көзгө көрүнүп калды", деп жазды. Басылмада академик Мамбет Мамакеевдин "Карылык" деген сандан-санга уланып жарыяланып келаткан эскерүүсү да басылган.

"Вечерний Бишкек" соопкерчилик иш менен Бишкекке орусиялык белгилүү ырчы Вера Брежнева келгенин кабарлады. Басылмада Вячеслав Аникиндин "Фермер болуп эле кетмекмин. Бирок мени ким үйрөтөт?" деген макаласында элетте жашап, айыл чарбасын көтөрүүгө кызыккандар кийинки кездери арбып баратканы тууралуу кеп болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG