Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:51

ИМге кандай адам азгырылат?


"Ислам мамлекети" тобу
"Ислам мамлекети" тобу

Бейшембидеги гезиттерде Сирияга кетип бөтөн жерде азап көргөндөр, исламчыл жанкечтилердин катарына кандай адамдар кошулары, жазуучулар акчасынын чоо-жайы сындуу маселелер козголду.

“ПолитКлиника” гезити бул санын Каракөл шаарынын тургуну Уулкан Мамбетованын кайрылуу каты менен ачты. Каттын ээси “Кызымдын өлүмүнө тиешеси барлар жазасын алышсын” деген ат менен кызы Динара Шекербекованын Орусияга кетип, сүйлөшүп жүргөн жигитине турмушка чыкканын, анын өлүмүн ошол күйөө баласынан көрүп жатканын баяндоо менен иштин аныгына жетүү жагын көзөмөлгө алуу өтүнүчүн президент Алмазбек Атамбаевге жолдогон.

Журналист Айгүл Бакеева даярдаган атайын бет “Коррупцияга эң көп малынган тармак кайсы?” деп аталып, аларды бирден санады. Биз дагы коррупциялашкан мекемелерди ээлеген орду боюнча тааныштыра кетели. 1-Ички иштер министрлиги, 2-Коргоо министрлиги. 3-прокуратура, 4 - Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, 5 - Юстиция министрлиги, 6 - Жаза аткаруу кызматы, 7 - Чек ара кызматы, 8 - Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, 9 - Баңги затты көзөмөлдөөчү мамлекеттик кызмат, 10-Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, 11-Энергетика тармагы, 12 - Салык кызматы, 13 - Бажы кызматы.

Президент Алмазбек Атамбаев коррупция менен күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда Кыргызстан азыр күрөштүн башталышында гана турарын, мурдагы эки бийликтен үмүтү үзүлгөн эл мындан ары мамлекеттин байлыгына кол салган кылмышкерлер ээлеген кызматына карабастан жооп берерин, “кол тийгис” чиновниктер деген жок экендигине ишене баштаганын айтканын мисалга тартты.

Гезит “Дүйнөнү титиреткен ИГИЛ” деген макала тартуулап, “Ислам мамлекети” же арабча “Даиш” деп аталган баш кесерлер өз тобуна жаш жана билимсиз адамдарды, соода тармагында иштеп жүрүп күйүп кетип, акча таппай карайлап калгандарды, карызга батып же кырсыкка чалдыгып, айласын таппай тургандарды тартарын, айрым учурда мээси айнып отуруп радикалдык диний агымга кирип кеткендер, эч иш кылбастан баарын Алла берет деп Кудайдын мойнуна минип алып, түшпөй жүргөндөр, өз позициясы жок адамдар оңой азгырыларын, "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу мындай жаштарды бири-бирине үйлөнтүп, өз катарын бекемдеп, ал эми согушта күйөөсү каза болгон жесир милдеттүү түрдө алардын башка мүчөсүнө аял болуп тийерин айтты.

“ПолитКлиника” гезити булардан тышкары ырчы Гүлбүбү Ороскул кызынын “Мен жашоодо жалгыз эмесмин” деген маегин, кытайлык кыргыздардагы Айтматовду иликтеген журналист Мамбеттурган Курмандын “Кытайда “Айтматов окутуу” жана анын өзгөчөлүктөрү” деген макаласын, тоок багып үй-бүлөсүн багып келаткан Кубатбек Байсеркеевдин жана анын аялы Назгүл Мазиеванын айтып бергендерин басты. Маселен, миң тоогу бар киши орто эсеп менен күнүнө 750 жумуртка табарын, анын ар бирин 5 сомдон сатса, орточо 3750 сом болорун, демек 1000 тоок баксаң чыгымын алып салгандан кийин күнүнө 1000 сомдон таза киреше түшүп турарын эсептеп берди.

“Азия ньюс” гезитиндеги журналист Сурат Жылкычиевдин Сабыр Муканбетов менен маеги “Кара жашик” жөнүндө” болду. Экс-министр Нурланбек Шакиевдин маеги “Балдарынын жакшылыгын көрсөтпөй каргандырган тексттин автору Бабанов” деген ат менен жарыяланды. Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун “Кыйын кезде Жазуучулар союзун багып, ак ниет иш кылгам” деген маеги жарык көрүп, өткөндө бир гезит “1992-жылы Жазуучулар союзуна берилген 60 млн. рублди ошол убактагы 1-катчы Асан Жакшылыков кымырып алган” деп жазганын эсине салган кабарчынын суроосуна ал акчага кенен токтолду. Ортодогу документтерди далилге тартты, акырында үй курууга 15 млн. рубль каралганы чын экенин, бирок үйдү кура турган “Славянский базар” деген уюм курулушту же баштабай, же акчаны албай арабөк калтырып олтуруп, ортодо инфляция күч алып, акчанын күчү кеткенден кете берип, аягында күйүп кетпесин деп каражатты басмага техника сатып алууга жумшаганын, ошондуктан “жеп кетти” деген сөз жалгандыгын, ал эми ал ишке президенттер Аскар Акаев менен Алмазбек Атамбаевдин эч кандай тиешелери жоктугун айтып чыкты.

Бул санда фольклорчу окумуштуу Гүлбара Орозованын “Кызы атасына, аялы күйөөсүнө кошок айтпай кокуй болдук” деген макаласы басылды. Орозова макаласында акыркы 30 жылдан бери фольклордук экспедиция деген такыр токтоп калганын белгилеп, быйыл президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен иш кайрадан жанданып, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын кыдырган илимий экспедиция уюштурулганын, көңүл түштүктөгү ичкилик урууларына бурулганын, иш маалында көптөгөн асыл дөөлөттөр жыйналганын сөз кылды.

XS
SM
MD
LG