Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Ош: Лениндин айкели аянттан алынабы?


Оштогу Лениндин эстелиги
Оштогу Лениндин эстелиги

Шаршембидеги кыргыз басылмаларында уча турган жүргүнчүлөрдөн өкмөттүн 15 доллар өөнөп алуусу элде нааразылыктар жаратканы, Ошто Лениндин эстелигин алып салуу талабын көтөрүп чыккандарга каршы пикирлер, башкалаада жолбун иттер көбөйүп кеткени жарыяланды.

“Майдан” гезити биринчи бетин “Ошто Лениндин эстелигин сүрдүрүү аракети күч алды, артында ким турат?” деген, “100 миң сом айлыкты депутаттар, министрлер деле албайт” деген, “Салымбековдун "Дордойдон” саясатка жасаган жортуулу жемишин бердиби?” деген, “Бийликтен эч ким өз ыктыяры менен кеткен эмес” деген жана Азимбек Бекназаровдун “Бул - Акаев, Бакиевдердин жолу. Бул үчүнчү революцияга алып келүүчү жол” деген баш темалар менен ачты. Эми гезиттин ичин барактайлы.

“Бешилик” деген теманын алдында болсо Сооронбай Жээнбеков, Феликс Кулов, Турсунбек Акун жана муфтий тууралуу сын баяндама менен таанышасыздар. Ушунун эле катарына Оштун Кара-Суу районунда жана Ат-Башынын Бирлик айылында айыл башчылары менен жаштардын демилгеси колдоого алынып, айылдын дүкөндөрүндө ичкилик сатууга тыюу салынганы тууралуу кабарды окуйсуздар.

Турусбекованын макаласы “Акыйкатчы тандоону саясый оюнга айлантып, ааламга шылдыңы чыккан парламент” деп аталды.

Ош шаарындагы “Эл уулдары” деп аталган коомдук бирикме Кыргызстандын түштүк калаасынын борбордук аянтындагы Лениндин эстелигин токтоосуз алып салуу талабы менен Ош шаар бийлиги менен шаар кеңешине кайрылуу жолдогонун кабарлаган “Майдан” гезити бул боюнча айрым адамдардын ойлоруна орун берди.

Ош шаарынын тургуну Мырзали Исаков: - Ленин болбогондо, эгер Улуу Октябрь революциясы жеңбегенде, Кыргызстанда совет бийлиги орнобогондо биз бүгүнкү таалайлуу күндү көрмөк эмеспиз, - деп,

Жалал-Абаддын тургуну Бөкөнбай Атабаев: - Кыргыздарды кулчулуктан куткарып калгандыгы үчүн биз ага өмүр бою карыздарбыз. Лениндин өзүнө гана эмес, эстелигине да тийишпегиле! - деп,

Ош шаарынын 1-вице-мэри Замирбек Аскаров: - Ленин бул бүтүндөй тарых! Анын кыргыз эли үчүн жасаган жакшылыгын түк унутууга акыбыз жок. Анын үстүнө Лениндин эстелигин жылдырууга оңбогондой каражат кетет, - деп жооп беришкен.

“Майдан” гезитинин “Эгемендүүлүгүбүздүн 25 жылдыгына карата “100 саясый портрет” аттуу рубрикасынын алдында жазуучу Чолпонбек Абыкеевдин “Аскар Салымбеков” тууралуу жазган “портрети” жарык көрдү.

“Искра” гезити журналист Дайырбек Орунбековдун кайрылуусун басты. Кайрылууда мындан ары Эл аралык “Манас” аэропорту аркылуу учкан жүргүнчүлөрдүн ар биринен 15 доллар же 1140 сом салык төлөмөй буйругуна өкмөт башчысы кол койгонун, бул буйрук ансыз деле жүргүнчүлөргө финансылык оорчулук алып келерин жазып чыкты.

Руслан Калматовдун “Селсаяктар үйүн байырлагандар” аттуу макаласы, Султан Акторпоктун 1992-жылы жарык көргөн “Асмандан акча жааган күнү” аттуу сатиралык аңгемеси да “Искранын" бүгүнкү санында.

“Вечерний Бишкек” гезити Бишкек мэриясынын Билим башкармалыгы борбордогу бардык окуу жайларында жана мектептерде башталгыч класста окуган балдарын окууга алып барып, тарары менен кайра үйүнө алып кетип туруу боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү буйругун чыгарганын, буйрукка ылайык эми ата-энелер келишимге колдорун коюшарын кабарлады. Мындай буйрук Ак-Босого конушунан кылмышкер аял коңшусунун эркек баласын уурдап кетип, кайра апасына 150 миң сомго сатмакчы болгонун, кийин сокко димедрол кошуп ичирип, 1-класстагы ал бала каза болуп калганын, бирок мойнунда жиптин издери да бар экени байкалганын, балким ал муунтуп өлтүрүлгөн деген шек туулуп жатканын, эми мунун баары соттук-медициналык экспертизадан өткөндөн кийин анык болорун, ошондуктан ата-энелер балдарына өтө сак болуулары керектигин дагы бир ирет эскертти.

Шаардык гезит ошондой эле борборго жолбун иттер толуп баратканын, “Тазалык” ишканасы “Бул жылы 10 миңдей ит атылды, азырынча атып салгандан башка жол жок” деп рапорт бергени менен, каңгып жүргөн, дарыланбаган жолбун иттер азайбаганын, ал эми активисттердин “Жашоого укугу бар” аттуу коомдук фонду иттерди атуу гумандуулукка жатпай тургандыгын, демек жолбун иттерди өзүнчө бага турган атайын жай куруу керектигин айтып чыкканын жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG