Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Бабановдун президент болуу дымагы


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

Бүгүнкү кыргыз гезиттеринде саясий-экономикалык темадагы материалдарга арбын орун берилди.

“Дело №...” гезити “Кыргызстандын президенти адам органдарын трансплантациялоо боюнча мыйзамга кол койгон жок” деген чакан кабар менен жаңы санын ачты. Басылма президент Алмазбек Атамбаев аталган мыйзамды майда-чүйдөсүнө чейин дыкаттык менен карап чыгуу үчүн Жогорку Кеңешке кайра жөнөткөнүн кабарлады.

“Дело №...” ошондой эле “Саясий астробожомол” деген рубриканын алдында “Оңой жыл эмес, татаал жыл... Бирок Кыргызстан аман-эсен болот!” деген көлөмдүү макалага орун берди.

Гороскоптун божомолу боюнча, Кыргызстанда быйылкы жылы өтө чоң окуялар, айрымдар каалагандай чаң-тополоң, ызы-чуу же 3-революцияга алып келе турган толкундоолор болбойт. Көз караштардын талаш-тартышы, партиялык кызыкчылыктардын айланасындагы мамиле-пикирлердин кагылышуусу болот, бирок мындайлар Кыргызстандын кылын кыйшайта албайт.

Гезит андан ары дүйнө лидерлеринин саясаттагы тагдырына божомол салып, бул жылы Түркия президенти Режеп Эрдоган менен Германиянын канцлери Ангела Меркель кызматынан кол жуурун, ал эми миллиардер Дональд Трамптын Америка Кошмо Штаттарынын кезектеги президенти болуп калышына мүмкүнчүлүк бар экенин айтты.

Гезит: Сариевди күчтүү премьер-министр деп атоого болобу?

Астролог Нина Криницкая: Сөзсүз ошентип атоого болот. Гороскоп боюнча учурдагы өкмөттө жагымдуу жагдайлар бар. Эми кеп ушулардын учугун улап кетүүдө турат. Буга Сариевдин кудурети жетеби же жетпей калабы, баары анын аракетине жараша болот. Болгону баш көтөрбөй иштеши керек.

Гезит: Бул жылы президенттик орун үчүн күрөш башталабы? Атамбаев эмне кылат?

Астролог: Атамбаевди президенттиктен мурда Кыргызстандын тагдыры түйшөлдүрүүдө. Аны президенттиктен мурда өлкөнү олку-солку кылбай, сазга чөктүрбөй, туруктуу сактап калуу тууралуу маселелер көбүрөөк ойлонтууда. Мунун ичинде Орусия менен Түркиянын ортосундагы мамилелер да бар.

Гезит: Саясатчылардын ичинен кимиси президенттик жарышка даярданып жатат?

Астролог: Өмүрбек Бабанов президент болуу амбициясын жашырбай келаткандардын бири. Жылдыз белгиси боюнча букачар. Мындай адамдар максатына жетүү үчүн ката кетирсе да карабай кете берет. Бабанов сөз жок президенттик кармашка түшөт. Ал эми чоң саясатчылардын бири Өмүрбек Текебаев үчүн 2016-жыл өтө чоң нерселерди алып келбейт. Андыктан ал буга чейинки позициясын жоготпой кармап туруусу керек. Ал үчүн келерки жыл жакшы болот. Текебаевдин саясаттагы карьерасы бүттү дегендер жаңылышат. Ал өзүн дагы көрсөтөт, анын саясаттагы тагдыры башынан эле оңой жол менен келген жок, ал чиеленишкен, эң эле татаал деген жерлерден да чыгып кетүүгө жөндөмдүү.

Гезит: Атамбаев жөнүндө эмне айтаар элениз?

Астролог: Атамбаевдин гороскобу аябай чарчаган адамды көрсөтүп жатат. Президент экинчи мөөнөткө барбай тургандыгы боюнча жашырып-жаппай эле, кылтың-мылтыңы жок эле экинчи мөөнткө барбайм деп чынын айтууда.

Гезит: Атамбаев өз ордуна мураскер даярдап жатабы?

Астролог: Жок.

Гезит:- Кандайдыр бир күтүүсүз саясий финт жасашы мүмкүнбү?

Асролог: Мисалы?

Гезит: Мисалы, өкмөт башчысы же парламенттин спикери болуп алып өлкөнү башкара берип, Кыргызстан толугу менен парламенттик өлкө болуп, президент деген жөн эле декоративдик фигура болуп калсачы?

Астролгог: Буга минтип жооп берер элем. Алмазбек Атамбаев деген Роза Отунбаева сыяктуу кетип калбайт. Анын гороскобунда өтө күчтүү лидерлик, харизматикалык белгилер бар. Ал али жаш, болгону 59да. Демек дагы иштей турган маалы. Атамбаев лидерлик энергетикасын башка сапатта дагы далайга пайдаланат. Бул адамдан жакынкы жылдарда тынчып олтуруп калуу дегенди көрбөй турам. Ал астында эмес, дайыма үстүндө жүрөт. Мындан биздин өлкөгө эч кандай жаман болбойт, жакшы гана болот, - деп жооп берди.

“Вечерний Бишкек” гезити жаңы санын “Аты-жөнү билинбей калгысы келген бизнесмен көп балалуу эне менен майып жигитке курулуп жаткан тамдан квартира алып берди” деген, “Өлкөнүн экономикасына көмөк болсун деп түзгүсү келген мамлекеттик лотерея боюнча өкмөттүн кезектеги долбооруна коомчулуктун ичи чыккан жок” деген, “Кыргызстанда “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун ишмердиги башталды” деген баш темалар менен ачты.

Аталган гезит андан ары өкмөт башчысы Темир Сариев энергосектордогу электр энергиясынын техникалык жоготууларын 13% чейин кыскартуу тапшырмасын бергенин, кечээ Эркиндик проспектисинде, илим жана маданияттын, Орус борборунда республиканын бардык аймактарынан орус тилин жана орус адабиятын окутуучу 50дөн ашуун мугалим келип, бир күндүк окуу программасына катышканын, бул иш-чара ойлогондон да жакшы болгонун жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG