Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:26

Үркүн ар кимдин эрмеги эмес


Үркүндүн курмандыктарын эскерүү. 2-август, 2014-жыл
Үркүндүн курмандыктарын эскерүү. 2-август, 2014-жыл

Апта соңундагы кыргыз гезиттеринде соттук териштирүүлөр, парламенттин иши, Улуу Үркүндү эскерген макалалар арбын жарыяланды.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санына президент Алмазбек Атамбаев кечээ Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын директору Бөкөнбай Казаковду кабыл алып, коррупция менен күрөштү күчөтүү зарылдыгын баса белгилегенин, Токтогул ГЭСи реконструкцияланмай болгонун, президент улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңешти түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгонун, бүгүн мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында кеңештин биринчи жыйналышы өтөрүн, ошондойле президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязов республиканын Маалымат саясат концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик топ түзүү жөнүндө буйрукка кол койгонун маалымдады.

“Кыргыз туусунан” булардан тышкары президенттин жубайы Раиса Атамбаева кечээ аутист-балдар тарткан сүрөт көргөзмөсүнө катышып, ошол балдардын ата-энелеринин “Колмо кол” деген коомдук уюмуна 1 миллион сомдун сертификатын тапшырганын кабарлады.

“Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирбегенде экономикалык блокадада калмак беле?” Гезит ушул суроого карата айрым адистердин ойлоруна орун берди.

Журналист Чолпон Орозобекованын маеги “Президентти парламент эмес, эл гана шайлашы керек” деген ат менен жарык көрдү.

“Де-факто” гезитинде журналист Асел Оторбаеванын “Нарынбаев-Коркмазов. Соттук иши: кылмышты кыл жип менен буумай эрөөлү” деген макаласы басылып чыкты. Мунун катарындагы журналист Назгүл Осмонованын макаласы “Нарынбаев-Коркмазов” сот ишиндеги бурмалоо ачык эле көрүнүп турат” деп аталды. Автор Нарынбаевдин иши боюнча: “Биз көз карандысыз адис алып келип текшертсек, Ольга Плотникова 2015-жылдын 7-майында Жогорку Кеңештен саат 4.50дө сыртка чыкпаптыр. 4.54тө ичине да кирбептир. Мамлекеттик айыптоочулар буга чейинки соттук жыйындарда “Бизде Ольга Плотникованын канчада имараттан чыкканы тууралуу Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын адистеринен алынган маалыматтар бар” деп какшап келишкен экен. Бул жерде бурмалоо ачык эле көрүнүп турат. Ал эми маалыматты бурмалаган тергөөчүнү болсо токтоосуз кылмыш жообуна тартуу керек” деп айткан депутаттык комиссиянын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин сөзүн келтирди.

Бул окуя бир кездеги Бакиевдин бийлиги Жаныш Бакиевдин буйругу менен Польшага бараткан жеринен Текебаевдин багажына маңзат тыга салып, кийин аны Болот Шер баштаган депутаттык комиссия текшерип, башкасын өчүрткөн менен сервердин тереңинде катылган архивден видеону таап чыгып, матрешка-гейт окуясы жалган жана атайылап уюштурулганы ачыкка чыгып, дүйнөгө дүң болгонун, Нарынбаев менен болгон окуя да ушул “матрешка-гейтке” окшошуп баратканын жазып чыкты.

“Жаңы агым” гезити журналист Темирбек Алымбековдун “Маани берилбеген мамлекеттик маалымат каражаттары” жана “Мамлекеттик ветеринардык инспекциясынын мааниси кандай?” деген, Болотбек Батиловдун “ИГИЛ немис депутатынын көзү менен” деген макалаларын басты. Гезиттин дагы бир козгогон маселеси “Үркүн темасы ар кимдин эрмеги эмес” деген ат менен жарык көрүп, талкууга тарых илимдеринин докторлору Тынчболот Жуманалиев, Тынчтыкбек Чоротегин, Жаныбек Жакыпбеков, Турдубек Шейшеканов, Шайырбүбү Батырбаева, коомдук ишмер Жумакадыр Акенеев жана Орусиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Алексей Мзареулов катышканын баяндады.

“Вечерний Бишкек” гезити Ленинграддын фашисттик блокададан бошотулгандыгынын 72 жылдыгына карата Советтер Союзунун баатыры Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында митинг-эскерүү болуп өткөнүн Александр Тузовдун репортажынан окуйсуздар.

Эльвира Темирдин парламент тууралуу макаласы тартууланды. Автор Жогорку Кеңешке келген депутаттардын кийинкиси дайыма мурункусу менен салыштырыларын, элдин ою боюнча, азыркылар профессионалдык жактан мурункудан начар болуп калганын, саясат таануучулар менен эксперттердин айтымында, азыркы депутаттардын өз парттөбөлдөрүнүн гана диктовкасы менен иштери белгилүү болгонун, тилекке каршы, жарк этип көзгө түшө калган аял депутаттар да жоктугун, мисалы, өткөн чакырылыштагы депутат Жылдызкан Жолдошева мен деген эркектерди жакасынан силкип “ойготуп”, ныксыраган далай жигиттерди безине тийгизе сындап келгени жетишпей жатканын жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG