Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Алмашпаган элита...


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Бейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“ПолитКлиника” гезити “Искра строй” курулуш компаниясынын директору Нарынбек Сариевдин аялы Анара Сариеванын күйөөсү экөөнүн ортосундагы чыр-чатак боюнча президент Алмазбек Атамбаевге жазган кайрылуусу “Акчага азгырылып, менин арызымды четке кагышууда” деген ат менен жарык көрдү.

Премьер-министр Темир Сариев электр энергиясындагы жоготууларды кыскартпаган мекеме-ишканаларга мындан ары катуу чара көрүлөрүн айтып, тиешелүү тапшырмаларды бергенин кабарлады.

“Бир Бол” фракциясынын депутаты Алмазбек Акматовдун “Улам жазда революцияга чыга берсек, анда мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алабыз”, деген маеги басылды. Журналист Айгүл Бакееванын макаласы 30 миң сом пара алды деген шек менен кармаганда каза болуп калган Абдыкерим Гапаровдун өлүмүн иликтөөгө арналган. Белгилүү ырчы Сыймык Бейшекеевдин “Мен көргөн Европа же кыргызды кыйырга тааныткан эр-азаматтар жөнүндө эки ооз сөз” деген сапар баянын “ПолитКлиника” гезити сандан-санга жарыялоодо.

“Жаз. Сүйүү. Кыздар” деген теманын алдында акын кыздарыбыз Айнагүл Базарбаева, Бурулкан Карагулова, Назгүл Осмонова, Афина Бакирова, Жамила Таштанбекованын ырлары жарык көрдү.

“Азия ньюс” гезитиндеги макаласын журналист Сурат Жылкычиев “Аликбек мырза оппозициянын көчбашы болгон” деген ат менен тартуулады. “Прогресс" фондунун төрагасы Адил Турдукулов маек берип, саясий күрөштүн ыкмалары эски бойдон калганын, керек болсо Акаев, Бакиев убагындагы оппозицияга салыштырмалуу азыркы оппозицияны ким деп аташтын өзү да кыйынга турарын, биринчиден, эки революциядан тең эл тажаганы себеп болсо, экинчиден, саясий элитанын алмашпаганы, мурдагылардын эле айлампасы, маселен, оппозициядагылары бийликке келсе, бийликтегилери оппозицияга кетип, бул көрүнүш тынбай кайталанып келатканы элдин бүгүн “кимдин ким” экендигин алардын атын айта электе, керек болсо өздөрүнөн да жакшы билерин айтты.

Адил Турдукулов ошондой эле Алмазбек Атамбаев анын устаты экенин, анткени оппозиция убагында кандай гана коркутуу-үркүтүү болбосун өжөрдүктү, тайманбастыкты, принципиалдуулукту көрсөткөнүн, 20 жыл бою авторитардык бийлик менен күрөшүп келгенин, кезинде анын жакындары кордолуп, КТРдан тынымсыз шыбай берип, муну көтөрө албай апасы каза болуп, кызына бычак сайышканын айтып берди. Бирок Атамбаевдин айланасында баягы эле шылуундар жүргөнүн, ошондуктан сындалып келатканын, ал эми өзүнүн ага жеке таарынычы жок экендигин кошумчалады.

“Асман плюс” гезити журналист Жаз-Айым Айдекова “Кыргыздын тарыхын, маданиятын билбесек, кыргыз экенибиз жалган” деген макаласында Ак үйгө кирип бараткандагы байкоолорун баяндады. Президентке жана депутаттарга кат, арыз кабыл ала турган бөлүмдө иш алып барган кызматкерлердин кишилерди кабыл алуу мамилеси, сүйлөө маданияты начардыгын, ким кандай суроо менен кайрылбасын, эзелтен берки кеги бар адамдай мамиле кылышарын, депутаттардын айрым кеңешчилери сырттан караганда баш көтөрбөй иштегенсип көрүнгөнү менен, жакшылап карасаң интернетке кирип алып карта ойноп отурганын көрүүгө болорун жазды. Журналист ошолордун он үчүнөн кыргыз тарыхы менен маданияты тууралуу сураганда Касым Тыныстанов баштаган акын-жазуучулардан көбүнүн кабары жоктугун, атургай бирөө "Ташым Байжиев деген кыргыздын актеру Мар Байжиев дегендин бир тууганы болсо керек” деп жооп бергенин, Мар Байжиев деген Кыргыз эл жазуучусу, драматургу экенин, Ташым Байжиев деген анын атасы экендиги, ал сталиндик репрессиянын курмандыгы болгондугу тууралуу таптакыр кабары жоктугун, кеңешчилери тургай кээ бир депутатмын дегендер Тайлак баатырды билбестигин, Байжиев деген ысымды укпаганын, Чыңгыздын атасы Төрөкул Айтматовду “жазуучу” дешкенин, көбү кыргыздын маданияты, тарыхынан маалыматы жоктугу берген жоопторунан эле көрүнгөнүн, ушулардын деңгээлин карап туруп, кирдеп, түңүлүп чыкканын айтып берди.

XS
SM
MD
LG