Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Эмнеге Шайлообек Дүйшеевди сындай беришет?


Шайлообек Дүйшеев - Топчубек Тургуналиев.
Шайлообек Дүйшеев - Топчубек Тургуналиев.

Бейшембидеги кыргыз гезиттеринде өкмөт шайлоо, чек ара, башка коомдук-социалдык маселелер козголду.

Бүгүн жарык көргөн “Азия ньюс” гезити “Аргынбек Малабаев жоопкерчиликке тартылбайт” деген, “Эмнеге Шайлообек Дүйшеевди сындай беришет?” деген, “Бакиевдин “сүтүн эмген” Бакыт Төрөбаев” деген, “Мухаммедкалый Абылгазиевдин эмгеги кайтты” деген, “Адил Турдукулов президенттик жарышка аттанды” деген, “Абдил Сегизбаев багын ачууда” деген баштемалар менен ачты.

Ийгилик Болсунбаев “Серепчилер Бакыт Төрөбаевди спикерлик кызматта көрүшүүдө” деген ат менен үч серепчинин пикирин басты. Үчөө тең Бакыт Төрөбаевдин спикер болууга татыктуу экендигин билдиришти. Журналист Асланбек Сартбаевдин макаласы “Президент, премьер, Жогорку сот, Башкы прокурор – баары түштүктүк, спикерчи?” деп аталды. Эстебес Жоомартов “Жаңы премьер эски курам менен иштейт” деп аталса, Сакен Бөрүбаевдин макаласы “Төө куштун позициясы” деген ат менен тартууланып, өкмөт башчысынын атаандашсыз шайланышын сынга алды.

“Независимая газетадан” которулуп басылган Виктория Панфилованын макаласы “Атамбаев командасын тазалай баштадыбы?” деген аталыш менен жарык көрдү. Кенжебек Арыкбаевдин “Алтын ачкыч кимдин колунда?” деген макаласы аркылуу бийлик бутактарындагы абалды талдоого алды. Илимпоз Жолборс Жоробековдун “Кыргызстан качан оңолот? Ким оңдойт?” деген макаласы аягына чыкыты. Саясатчы Аликбек Жекшенкулов макаласын “Калп канчалык мокочо болсо ошончолук көп эл ишенет” деп аталса, Саламат Аламановдун макаласы “Унгар-Тоонун тагдыры Сүйөркулов менен Кулатовдун убагында чечилген” деп аталды. Ички иштер министри Мелис Турганбаев маегин “Жаныш Бакиевге сөзсүз жооп болот” деп атап, Бакиевдер боюнча кылмыш иштери кантип ачылганына токтолуп келип: Алманбет Анапияевге байланышып, бизнесмендер менен скайп аркылуу сүйлөшүшүп, 100 миңдеген долларды Кыргызстандан чыгарып турушканын билбей, “кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюшуп, Алманбеттин өлүмүн бизге шылтап атышпайбы. Айта турган сөздөрүн айтып бүтсүн. Көрөбүз анан. Жаныш Бакиевге сөзсүз жооп болот”, деп айтты.

“ПолитКлиника” гезити “Президентке кат!” деген рубриканын алдында Базар-Коргондун Арстанбап айылынын тургуну Алина Хажикулованын “Ажыга барууга табылган акча балдарын багууга табылбай калабы?” деген, “Тазалык” ишканасынын жумушчусу Кенжебек Абдалиевдин “Бишкек шаарынын тазалыгы үчүн күрөшкүм келет!" деген аталыштагы кайрылуу каттары жарык көрдү. “ПолитКлиниканын” эки бети “Темир Сариевдин кетиши, бир тууган Жээнбековдордун жүрүшү, спикерлик так талаш”, “Сооронбай Жээнбеков эмнеси менен жакты?” деген темалардын алдында кеткен премьер-министр жана жаңы келген премьер-министр тууралуу айрым адамдардын, саясатчылар менен депутаттардын ой-пикирлери басылып чыкты. Мындан кийинки макалалар “Төрөбаевдин ташы өйдө кулайбы?” деген жана “Канатбек Исаевге спикерлик оомат ооп турабы?” деген макалалар жарыяланды. Кинорежиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” фильми тууралуу жакшы ойлордун топтому да ушул санда.

Россиялык журналист, саясый эксперт Аркадий Дубнов “Атамбаев Россия менен болгон алакада Кыргызстандын кызыкчылыгын акылдуулук менен коргоодо” деген макаласында: “Атамбаев Россия жана Кытай менен болгон мамилесин чеберчилик менен тең салмактап келет. Мамлекет экономикасы, анын айтымында, бүгүнкү күндө 30 пайызга кытай кредиттеринен көз каранды экендигин айтсак эле жетишет. Кыргызстандын президенти бул үлүштү көбөйтүүгө аракет кылган жок. Андан көрө башка булактардан, анын ичинде Россиядан алууну туура көрүүдө. Москва практика жүзүндө жыл сайын Кыргызстандын бюджетин пайыздык үстөгү жок кредиттер менен колдоп келет. Жакында эле кыргыз бюджетин колдоо үчүн кезектеги 30 млн. доллар жөнөтүлдү”, деп жазды

“Асман плюс” гезитинин кабарчысы Жаз-Айым Айдекова Жогорку Кеңештин депутаттарынын маданий маалыматын, бул багыттагы билим деңгээлин текшерип көрүш үчүн суроо салса Исках Масалиевдин кеңешчиси Нуртаз аттуу жигит мектепти орусча бүткөнүн, “Ажар” повестин Чыңгыз Айтматов жазганын, Мукай Элебаев, Түгөлбай Сыдыкбековду, Мар Байжиевди билбей тургандыгын, депутат Тынчтык Шайназаровдун кеңешчиси Аида Тайлак баатыр аксылык болорун айтса, Тазабек Икрамовдун кеңешчиси Нурсултан “Ажарды” Айтматов жазганын, Түгөлбай Сыдыкбеков ким экенин билбестигин айтканын бүгүнкү санга жазып чыкты. Акын жана журналист Лариса Асанбекованын “Америка сапары” баяны менен Чолпон Субакожоеванын “Манас-Асман” деген сандан санга жарыяланып келаткан эмгеги уланууда.

XS
SM
MD
LG