Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:39

Болот Бейшеналиевге ким бут тоскон?


Болот Бейшеналиев
Болот Бейшеналиев

Апта аягындагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Супер инфо” гезити белгилүү диктор Гүлшан Молдоеванын, “Азаттыктын” Бишкек бюросунун директору Султан Каназаровдун маектерин басты. Гезиттен ырчы Адилет Азимов “Урал Моңо-2016” сынагынан 1-орунду алганын, бийчи Атай Өмүрзаковдун тобу Лондондо 3-орунга татыганын, буту менен жаа аткан цирк артисти, 16 жаштагы Чынара Мажимкулова бир жарым миң доллар табалбай Румынияда өтчү сынакка баралбай калганын, 32 жаштагы Калысбек аттуу киши 5-класстагы кызды зордуктады деп камакка алынганын, ал эми өткөн жылы Чүйдүн Эфиронос айлындагы 11 жана 5 жаштагы эже-сиңди эки кызды ээн талаага алпарып, улуусун зөөкүрлүк менен зордуктаган Нуразиз Кулманов аттуу айбан өмүр бою эркинен ажыратылганын кабарлады.

“Де-факто” гезитине Тилек Мураталиевдин “Болот Бейшеналиевдин Голливудга барышына кимдер бут тоскон?” деген, Нургазы Айтмырзаевдин “Талкаланган айыл чарба, жоголгон миллиондор, “дирижерлук” кылган Талгарбеков” деген макалалары жана саясатчы Шамшыбек Медетбековдун маеги басылды.

“Жаңы ордо” гезити куттуу орозо айы келгенин кабарлап, “Сары Өзөн” командасынын улакчысы Улан Масакеевдин “Көкбөрүнү” көтөрүү үчүн айла жок баарына макул болуп жатабыз” деген маегин, Делегат Турдукожоевдин жазуучу Султанкулов Дүйшөналынын чыгармачылыгы боюнча жакшы ойлорун ортого салган “Карагердин дүбүртү” аттуу макаласын, жазуучу Нуржан Иманбаеванын “Кечиккен махабат” аттуу аңгемесинин аягын, саясатчы Равшан Жээнбековдун “Экономикалык өсүшү ар кандай, башкаруу системасы такыр башка мамлекеттер экономикалык биримдик түзө албайт, бул мүмкүн эмес” деген маегин, “Көмүргө көмүлгөн “Бел-Алма” же чындык талашкан “Майдан эли” деген айыл тургундарынын ойлорун, Улуттук университеттин профессору Абдисатар Эргешовдун “Ырыскулбек агайдын муңайым элеси” аттуу эскерүүсүн окурмандарга тартуулады.

“Жаңы агым” гезитинен “Кой терисин жамынган казинолор” деген баштема менен бүгүнкү санын ачты. Айтылуу актриса, Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматованын “Атамдын алтынчы аялынан көргөн эрке кызы элем” деген, белгилүү ырчы Сыймык Бейшекеевдин “Элден алганды эле эмес, бергенди да билиш керек” деген маектерин окуйсуздар.

“Фабула” гезити Асан Акматовдун “Жеке таз менен жети таз” аттуу макаласы, милийсанын “Бетме-бет” гезитинин башкы редактору Нарынбек Жамангуловдун жаңы ырлары, Замир Өсөровдун “Бири бирибизди жамандоону токтотпойлубу?” деген макаласы, академик Сабыр Жумабековдун “Ысык-Көлдө 5-Евразиялык ортопед-травматологдордун конгрессин өткөрөбүз” деген маеги, журналист Тынчтык Алтымышевдин “Мелис Турганбаевдин ийгилиги жана кемчилиги эмнеде?” аттуу макаласы бар.

“Эркин Тоо” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин “Биримдиктин келечегине баарыбыз жооптуубуз” деген сөзүн басты. Президент ошондой эле АКШ конгрессинин өкүлдөрү менен, 1-июнда Бишкектин онкология борборуна барып оорулуу балдар менен жолугуп, алардын көңүлүн көтөргөнүн, ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Чүйдүн балдар үчүн уюштурулган 7 мекемесине 200 миң сом берип, балдар менен жолукканын кабарлады. Абдимухтар Абиловдун Кыргыз эл артисти Муратбек Бегалиев жөнүндө “Муратбектин музыка мунарасы” деген, Виктория Айдарованын “Кыргыз элин биригүүгө чакырам” деген макалаларын басты.

“Кыргыз туусу” гезити Жайыл Руслановдун “Өспүрүмдөрдүн өзүнө өзү кол салуусу - өлкөнүн трагедиясы” деген, юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаевдин Кыргыз республикасынын Жарандык кодекси боюнча оюн билдирген “Эл муктаждыгы, эл кызыкчылыгы эске алынган” деген макалаларын тартуулады. 31-майдан 5-июнга чейин бизде Кувейт маданиятынын күндөрү өтүп жатканын туралуу Вера Беделбек кызынын баянынан окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезити үч айлык Альбакир аттуу ымыркайды үч жолку татаал операциядан кийин кайрадан жашоого апкелген таланттуу хирург, илимдин доктору, профессор Талант Өмүрбековдун жана анын шакирттеринин эмгеги тууралуу кеп кылды. Евгений Денисенко макаласын “Бишкек КМШ өлкө башчыларын, ал эми ВДНХ–бизнесмендерди күтөт” деген ат менен жарыялады.

XS
SM
MD
LG