Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Хоменюктун көрсөтмөлөрү көптөрдү чочулатууда


Алтын.
Алтын.

Шейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Фабула” гезити Дастан Сарыгуловду Улуттук коопсуздук комитети камаганын, ал бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо тууралуу кылмыш иштин негизинде, ошондойле “Камеко”, “Кумтороперейтинг”, “Кумтор голд”, “Центерра голд” компанияларынын мурдагы президенти Леонорд Хоменюктун Сарыгулов “Кыргызалтындын” башчысы болуп турганда коррупциялык иштерге барганы тууралуу көрсөтмөлөрүнүн негизинде шектелип камакка алынганын кабарлады. Журналист Тынчтык Алтымышевдин “Амбиция, атаандаштык, ажонун табышмагы” деген макаласы басылды.

Президент Алмазбек Атамбаев 10-июнь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максат ажы Токтомушевди, Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармасынын аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовду, журналист Алия Суранованы, эксперт Нурлан Исмаиловду кабыл алган учурунда: “Бай тарыхый мурасы, маданияты жана салттары бар кыргыздар сырттан таңууланган жашоо образын, дүйнө таанымды ээрчип мурасыбызды унутуп, маңкурт болууга акыбыз жок. Диний чөйрөдө таңуулоо дегендерге жол берилгис, бирок одоно тыюуларга да жол берилбейт. Ошону менен бирге биздин мамлекеттин светтик мүнөзүнүн конституциялык принцибин бузууга жол берилгис деп эсептейм. Бардык иште аша чапкандык жарабайт. Диний догмаларды сокур ээрчүүнүн арты айрым араб өлкөлөрүн эмне кесепеттерге алып келгенин көрүп жатабыз. Мындай аракеттер түптүз ИГИЛге жол ачат”, деп айтканын жарыялады.

Журналист, акын Меңдибек Асылбековдун “От дегенден ооз күйбөйт” деген макаласында Салижан Жигитовдун чыгармачылыгы тууралуу кеп кылды. Сапарбаева Айганыш Керим кызынын “Чыңгыз Айтматовду улуу махабаттын, чыныгы достуктун жана олуялыктын пирлери жылоологон” деген макаласынын корутунду бөлүгү басылды.

“Кыргыз туусу” гезити “Венгрияда “Манас” эпосу которулуп чыкты” деген макаласында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Венгрияга жасаган сапары учурунда Венгриянын жогорку окуу жайларына кыргызстандык студенттер үчүн 25 орун берилгенине ыраазылыгын билдиргенин жана кыргыз-венгер кызматташтыгы боюнча бир катар иштиктүү сунуштарын айтканын жазып чыкты. Ушул эле гезитке журналист Болотбек Таштаналиевдин “Азамат Алтай азаттыктын жарчысы болсо, Чолпонбай Түлөбердиев жан кечтиби?” деген макаласы жарык көрдү.

“Эркин тоо” гезити бул санын “Кыргызстанда диний ишмерлердин саясатка кийлигишүүсүнө жол берүүгө болбойт” деген баштема менен жаңы санын ачты. Журналист Таалайбек Темировдун “Эстен кеткис таасирлер” аттуу жол баяны да ушул санда. Журналист Жазгүл Кенжетаеванын макаласы жана медиктердин пикири “Жакын туугандардын баш кошуусу майыптыкка алып келет” деген ат менен тартууланды. Бактыбек Имамадиев макаласын “Эркин Тоонун” да өз орду, айтчу сөзү бар” деп атады.

“Вечерний Бишкек” гезити 29 жаштагы Тилек уулу Алибек конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы чыккан жана Кадыр Маликовдун өмүрүнө кол салган кылмышы үчүн өмүр бою түрмөгө кесилгенин, ал эми анын качып жүргөн өнөктөшү Бейшеналиев изделип жатканын жазып чыкты.

Ушул эле гезит Александр Тузовдун “Биз светтик мамлекетпиз” деген, Бермет Маликованын “Экстремисттик үчүн жооп бересиң” деген макалалары басылды. Журналисттер Зинаида Сорокинанын макаласы “Сот айлампасы” деп аталса, Азамат Касыбековдун макаласы “Кыргызчылык, “алма быш, оозума түш” деген аталыш менен окурмандарга тартууланды.

XS
SM
MD
LG