Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:13

Биз өзүбүз көп маселеге тар караган элбиз


Паспорт.
Паспорт.

Шаршембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Багыт” гезити “Паспорттогу “улуту кыргыз” деген жазууну алып салуу маселесине көз карашыңыз кандай?” деген суроо менен кайрылганда, экономист Айылчы Сарыбаев: - Мен паспортко “кыргызстандык” деп жазабыз деп жатышканына каршы эмесмин. Ошонун өзү эле Кыргызстандын атын чыгарат. Айрымдар муну трагедия катары кабыл алышууда. Эч кандай трагедия эмес. Биз өзүбүз көп маселеге тар караган элбиз. Машина көбөйүп кетсе азайтыш керек деп чыгабыз, бул деген балабыз көбөйүп кетти азайталы дегендейле кеп. Анчалык каршылык көрсөтсөк, анда паспортко ар ким өз уруусун жаздырып алышсын, сарбагыш, саяк деп... Акырындык менен башка улуттар “кыргызстандык” деп жазылып, эл элге сиңе бергени керек,-деп,

Токтогул Какчекеев:- Менин оюмча, кыргыз паспортунда “кыргыз” деген аталышы болушу зарыл,-деп,

Саясат иликтөөчү Марс Сариев:- Мен бул маселени анчалык деле трагедия катары көрбөйм. Эгер паспортко “кыргызстандык” деп жазып койсок, биздин өлкөдө жашаган башка улуттардын баары өзүн кыргызстандыкпыз деп ишенимдүү сезе баштайт,- деп жооп беришти.

Баратбай Аракеев бир макаласын депутаттардын шайлоого чейинки убадалары тууралуу жазса, дагы бир макаласында орустар менен мамилебиз тууралуу кеп кылды. Жумгалдык мугалим Касымаалы Осмоновдун макаласы “Репрессия курмандыгы Элчибек Дулатовду эскерүү” деген ат менен жарык көрдү.

“Багыт” гезити бүгүнкү санына “Имарат Строй” компаниясынын жетекчиси Бейшенбек Иманалиев менен кенен маек курду. Курулуштун күңгөй-тескейине кенен токтолгон Бейшенбек Иманалиев өткөн жылы салыкка 43 млн. сом төгүп, 600дөн кем эмес адамга жумуш таап бергенин, өткөн жылы ошондойле 1млн. 300 миң сомдук ар кандай жардам бергенин, жыл башынан бери кайрымдуулуктун суммасы 400 миң сомдон ашканын, 2-3 жылдан бери жардам сурагандарга арыз жаздырып калганын, анткени жардамга муктаж болбогондор да келип, алчусун алып, алдап кеткен учурлар болгонун, шаар бүгүн туурасынан өсө албастыгын, демек бир гана жол, шаар асманды карай гана өсөрүн, бул деген азыр дүйнөлүк проблемага айланып турганын айтты.

Ушул эле гезит “Паспорт көйгөйү” деген баштеманын алдында тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегиндин “Фейсбук” аркылуу жазгандарын жана ага келген башкалардын жоопторун жарыялады.

Күчтүү прозаик Сейит Жетимишов барган сайын күчтүү ырларды жаза баштады. Сейит агабыздын жаңы ырларын бүгүн ушул гезит да окурмандарына тартуулады.

“Майдан” гезити “Айтматовдун” “Жамилайсы", уландысы “Майданда” деп жар салып, жазуучу Музапар Үсөндүн Чыңгыз Айтматовдун өзүнүн айтып бергендери боюнча жазган “Сейит” аттуу повести жарык көрөрүн, ал гезиттин эмдиги санынан баштап жарыяланарын кабарлады. Акматбек Келдибеков “Бул Акүйдөгү айрым адамдардын тапшырмасы” деп маек берип, Акматбековдун Болгарияда фирмалары бар дегендин баары карандай калп экенин, ал тизмеси бар деген 80ге жакын кыргызстандыктардын “тизмесин” карап чыкканын, анан ошолордун ичинен Мелис Турганбаев экөөнүкүн сууруп чыгып каралоо Кудайга жакпай турган иш экендигин, ошол каралаган фирмада автомашина тургай бир мотоцикл да жоктугун, бул жөн гана бала-чаканы окутуш үчүн ачылган эсеп экенин, ошол тизмени интернеттен таап чыккан баладан, "каяктагы 500 автомашинаны айтып атасың?” десем, “Байке, анын мага тиешеси жок, 500 автомашинаны өздөрү токуп чыгарып атышат” деп айтканын, ошондуктан ал КТРК менен 5-каналды сотко берейин деп атканын белгилеп: “мыйзам баарына бирдей экени чын болсо, анда калп жерден каралагандыгы үчүн жооп беришсин” деп айтты. Дариха Ишанованын “Кыргыз качан кыздарын бөлөк улутка тебелеткен? Же жалпы кыргыздын эркектерине кайрылуу” деген ат менен каты жарык көрдү. “Эч бир доордо кыргыздын кыздары бүгүнкүдөй кор болгон эмес!” деген Дариха жүрөктү титиреткен сөздөрү менен кыргызмын деген эркектерди кыздарды коргоп алууга чакырык таштап, калайык калкка коңгуроо какты. “Майдандын” “Бешилигинин” бул жолку меймандары Сапар Исаков, “Имам”, Аида Салянова, “120” кой жана “Л. Хоменюк” болду.

“Вечерний Бишкек” гезити Акүйдүн алдында күнүгө эле пикет болуп турарын эске салып, Бишкек шаардык прокуратуранын бөлүм башчысы Залкар Акназаровго суроо салганда, акыркы маалымат боюнча 5 айдын ичинде борбор шаарда 97 тынч жыйын өтүп, анын 60ы социалдык-экономикалык маселелерге байланыштуу болгонун жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG