Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Битиреп жүрүп биркасыз калдык


Койчу.
Койчу.

Бейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп

“Азия ньюс” гезити “Евразиялык экономикалык биримдиктин эксперттеринин текшерүүсүнөн өтө алабызбы?” деген суроо менен академик Жамин Акималиевге кайрылганда ал:

-Мен адис катары бул тармактан эч бир алга жылууларды көрө албай жатам. Республика боюнча бардык талаптарга жооп берген 2 гана лаборатория бар. Бири Ошто, экинчиси борбордо. Бизге кеминде 20 лаборатория керек. Жаңы премьер 26 млн. сом бөлүп долбоорду ишке ашырабыз деп жатат. Өкмөт акча бөлүп, иштерди аткарып чыкканча качан? Комиссия 10 күндөн кийин келгени жатса,-деп жооп берген.

Академиктин айтуусунда, келе турган комиссия биринчи иретте малды идентификация кылбаганыбызга доомат коерун, быйыл 6 млн. кой-эчки, 1 жарым млн. кара мал, 0,5 млн. жылкы, 7 млн. тоок барын, демек ушунун баарын идентификациялоо оңой эместигин, азыр малдын 99 пайызы менчик экенин, андыктан “биркаларга акчаны мал ээси өзү төлөсүн” деп атканын, ошондо 1 койго 20-30 сомдон болсо, бодо малдын ар бирине 100 сомдон болорун, бирок элдин биринде болгон менен экинчисинде жоктугун өкмөт деле эң сонун билерин, ошон үчүн өкмөт элге муну туура түшүндүрүп, анын үстүнө баары шашылыш болуп аткан соң, мамлекеттен биркага бөлүнгөн 40 млн. сомду азыр ошого жумшап, элден кийин деле жыйнап алса болорун белгиледи.

“Азия ньюстун” жаңы санына Жогорку Кеңеш жөнүндө пикирлер, “Айкөл Ала-Тоо” коомунун мүчөсү Марийпа Алыйкулованын “Мискенбаев мамлекетке зыяндуу иштерди жасап, байып алууну көздөдү” деген маеги, журналист Сабыр Муканбетовдун сөз эркиндиги жана Кыргызстандагы жеке менчик гезиттердин позициясы, кара пиар, бир беткей каралоо жана башкалар тууралуу жазган макаласы басылды.

Журналист Сурат Жылкычиев “Көчмөндөр оюунуна” карата Ысык-Көлдө курулуп жаткан ат майдандын абалы тууралуу жазып, ат майданды дүйнөлүк стандартка ылайыктап, бардык талапка жооп бергидей кылып француздар салып жатканын, августтун аягына чейин бүткөрүлүп, пайдаланууга берилерин, бирок жолдун курулушу оор экенин баяндады.

Журналист Кенжебек Арыкбаев “Барсыңарбы, “Тандалгандар?” деген макаласы аркылуу паспорттон “улуту кыргыз” дегенди алып салса эле телегейибиз тегиз болуп жатып калбастыгыбызды, эгер бул долбоор кабыл алынса “кыргыз жараны” деген ат менен кытайы болобу, башкасы болобу, каптап кетерин, “кыргыз жараны” болуп алган ошолор, дароо эле “эми биз кыргыз жараны болдук” деп кыргыз салты менен жашап, эми кыргыз бололу, ынтымакта жашайлы деп эле автоматтык түрдө кыргызча сүйлөп кетпестигин кенен жазып, мындай мыйзамга каршылыгын билдирди.

“ПолитКлиника” гезити Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Калык Мамбетакуновдун “Коомдун тагдыры–бул миңдеген азиздер менен дүлөйлөрдүн тагдыры” деген макаласы менен жаңы санын ачты. Макаласында ал жадагалса кээ бир ач көз, шылуун, митаамдар азиздер менен дүлөйлөрдүн шыбагасына Кудай тартуу кылган материалдык-техникалык базаны жок кылып, оокат-мүлкүн талап алууну көздөп, төрагасын жаманатты кылып, “батирлер мыйзамсыз” берилген деп чуу салып келатканын, алардын чыныгы жүзү азыр белгилүү боло баштаганын кеп кылды. Кыргыздын мыкты акыны Турар Кожомбердиевдин 75 жылдыгына арналган кече бүгүн кечинде Токтогул атындагы Улуттук филармонияда өтөрүн макаласында Айгүл Бакеева баяндады.

Депутат Мээрбек Мискенбаев “ПолитКлиника” гезитине “Кыргызкөмүр” ишканасындагы коррупциялык иштер боюнча акырына чейин күрөшөм” деген маегинде, аны күнөөлөп жаткан Марипа Алыйкулова “Кыргызкөмүр” ишканасынан ири суммадагы акчаны уурдаган деп учурда соттолуп жаткан Канат Аширбаев жана анын жубайы менен жакшы мамиледе экендигин, ооба ал апрель революциясынын катышуучусу болгонун, бирок апрелде жаракат алгандарга бөлүнгөн акчаны өз кызыкчылыгына пайдаланып, отчет бере албагандыгы үчүн “Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин” мүчөлүгүнөн чыгарылып, бирикменин ынтымагын ыдыратканы үчүн кызматынан түшүрүлгөнүн айтуу менен, бул жердеги коррупциялык иштер менен акыр аягына чейин күрөшөрүн белгиледи.

Бул санда америкалык миллиардер Жорж Соростун “Кыргызстан Атамбаевдей президенти менен сыймыктанышы керек” деп айтканы басылды. Аталган гезитке “Аталган жагдай боюнча Ички иштер министрлигинин өздүк коопсуздук кызматы жана прокуратура органдары өз бааларын беришкен” деген ат менен “ПолитКлиника” гезитинин 23-июндагы санына жарык көргөн “Уулум жанын жөн жерден кыйган жок. Ал окуяга кесиптешинин тиешеси бар” деген катка министрликтин басма сөз кызматынын түшүндүрмөсү жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG