Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

“Кыргыз деп жашап, кыргыз бойдон калалычы”


Кыргыз спортчулары Рио-де-Жанейродо.
Кыргыз спортчулары Рио-де-Жанейродо.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 25 күн калганын эскерткен “Кыргыз туусу” гезити жаңы санын атбашылык таланттуу акын Жекшенбай Курмановдун “Батектетип кое берип сакалын, башка улуттун кийип алып чапанын, мотурайып жүргөн жаштар кечээ эле, молдолордун көбөйтүүдө катарын” деген ыры менен ачты. Гезит андан ары президент Ысык-Көлдүн губернатору Асхат Акибаевди кабыл алганын, Акибаев президентке Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат бергенин, Үркүнгө арналган “Өмүр көчү-100” автожүрүшү сапарга чыкканын, Түркияга иштөө үчүн кетип, бирок кулакты ушалаган жылуу сөзгө алданып калып денесин сатып иштеп жүргөн кыргыз кызы түрк жараны Муаммер Башакты муунтуп өлтүргөн деген шек менен камакка алынганын, Көчмөндөр оюнуна Араб эмирлигинин мүнүшкөрлөрү да катышмакчы болушканын, тажик бийлиги өз өлкөсүнүн аймагындагы каттоодо турган медреселердин баарын жапканын, анткени салттуу исламды окутуунун ордуна башка агымдарга баш уруп кеткен өспүрүмдөр көбөйүп кеткендиги менен түшүндүрүлгөнүн кабарлады. Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин ректору, профессор Төлөбек Абдрахмановдун “Жетишкендиктер, кемчиликтер бар, бирок келечек жаркын” деген, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу, тарыхчы Нуржамал Мырзабаеванын “Үркүндү геноцид деп атоо туура эмес” деген маектери, жазуучу Мурзапар Үсөндүн кетментөбөлүк эмес, баткендик Токтогул ырчы жөнүндө “Токтогулдай ырчы бол” деген, Салбурун федерациясынын жетекчиси Алмаз Акуновдун “Бабалардын көпчүлүккө таанылып келе жаткан салты” деген макалалары жарык көрдү.

“Эркин тоо” гезити журналист Таалайбек Темировдун “Кыргызстандын жараны” болсок жарашпайбы?” деген макаласы менен ачты. Үркүн жөнүндө Кубан Мамбетовдун “Кандуу көтөрүлүш 1916” деген эки томдук китеби жарык көргөнүн, Тоңдун Манжыл-Ата аймагында “Кызыл өрүк” фестивалы кызыктуу өткөнүн маалымдады. Профессор Тилектеш Ишемкуловдун “Таанымал илимпоз, татыктуу тарбиячы” аттуу макаласы К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин тил илими кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Таалайбек Токоевдин чыгармачылык ийгиликтерине жана илимий иштерине арналды. Ишемкулов окумуштуунун илимдеги эмгектери көп багыттуулугу жана көп кырдуулугу менен айырмаланарын берилип кеп кылды. Айтылуу композитор Муратбек Бегалиев Европаны кыдырып келгенден кийинки чыгармачылык сапары тууралуу ой бөлүштү.

“Эркин тоо” гезитинин бүгүнкү санында карабалталык жеке ишкер Сайракан Абдукаимованын “Кыргыз деп жашап, кыргыз бойдон калалычы” деген макаласы жарыяланды. Автор биз менен дунган, уйгур, күрт жана башка элдердин өкүлдөрү чогуу жашарын, бирок бул элдердин бири дагы өз элинин каада-салтын жоготпостон сактап келатышканы сыйга татырын, ал эми биз кыргыздар эзелтен ата-бабаларыбыз көздүн карегиндей сактап келип бизге мурастап кеткен кийимдерибизди жерип, эзели түшкө кирбеген бөлөк-бөтөн элдин кийим-кечесин кийип, бөлөк-бөтөн элдин салтын, тилин таңуулап жүргөндүгүнө кыжыры келип, итатайы тутуларын, кыргыз эли Кыргызстандын башкы эли болуш үчүн дал ушул өз каада-салттарын бекем сактоосу керектигин дагы бир жолу элинин эсине салды.

“Вечерний Бишкек” гезити “референдум” деген рубриканын алдында “Парламенттин ролун тарытууда” деген ат менен “Бир бол” фракциясынын депутаты Чолпон Жакупованын ойлоруна орун берди. Чолпон депутат мыйзам долбоору талкууга бир катар процедураларды бузуу менен коюлганын, экинчиден, ал парламентаризмден артка чегингендик катары, алтургай авторитаризмге алып бара турган мыйзам деп санарын, анын ою боюнча бийлик бутактарынын тең салмагы бузуларын айтты. Надежда Хохлованын макаласы “Эмне себептен урганын билбейм” деген ат менен жарык көрдү. Мас болуп алып 15 жаштагы өспүрүмдү сабап койгон балдардын ким экендиктерин милийса билерин, бирок айткылары келбей турганын жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG