Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:38

Гезиттер: өлкөнү ойлогондор барбы?


Апта соңундагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Кыргыз туусу” гезити расмий маалыматтардан кийинки беттерин жалаң Баш мыйзам маселесине арнап, журналист Болотбек Таштаналиевдин “Мамлекеттин бүтүндүгү, өлкөнүн көз карандысыздыгы ыйык болсо, анда Конституцияны өзгөртүүгө барышыбыз керек” деген макаласы менен ачты.

Ушул эле автордун буга удаалаш макаласы депутат Өмүрбек Текебаевдин президент Алмазбек Атамбаев Ибраимовадан 27,5 гектар жер участогун сатып алган дегени далилденбегенин документтер аркылуу ырастап жазганы жарыяланды.

Юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев 41-берене соттордун чечими менен жазылбагандыгын, ошондуктан Кадыржан Батыровго окшогондор дал ушул беренени өз кызыкчылыктарына пайдаланып кетиши мүмкүндүгүн, анткени Азимжан Аскаровго караганда Батыров бир топ билимдүү экенин, 41-беренеде ушул коркунуч барын айтса, саясат таануучу Марат Казакпаев: “Конституцияга каршы чыгып жаткандар менен Кадыржан Батыровдун ортосунда байланыш болушу мүмкүн” деп айтты.

Депутат Карамат Орозова, илим доктору Бекбосун Бөрүбашев, генерал Аширбек Бакаев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгына ойлорун билдиришти. Журналист Нарынкүл Назаралиева макаласын Мамлекеттик материалдык резервден чыккан чууну баяндаган “Куртту капка каталбайсың” деп атады. “Жылдын мыкты мугалими” лейлектик Бегайым Бегалиева” деген макала да бар.

“Эркин тоо” гезити таланттуу аңгемечи, “Эркин тоо” гезитинин бир кездеги кызматкери Мамат Раимжанов узакка созулган оорунун айынан 63 жашында дүйнө салганын кабарлап, өмүрлүк жарына, уул-кыздарына, жакындарына көңүл айтты.

Аталган гезит “Конституцияны өзгөртүүнү колдойсузбу?” деген ат менен академик Жамин Акималиев, коомдук ишмерлер Жыпар Жекшеев, Өмүрзак Мамаюсупов, Орозбек Дүйшеев, Марат Казакпаевдин ой-пикирлерине орун берди.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев Акаевден бери жабышып келаткан бир оору барын, эл аралык коомчулукка демократиялуу көрүнөбүз деген жагымпоздук Кыргызстанды ушул абалга апкелгенин, өзгөчө эл аралык уюмдардын акчасына азгырылган 20-30 адам өздөрүн жарандык коомдун өкүлдөрүбүз деп эле прокуратуранын, соттордун, ал турсун Жогорку Кеңештин ишине чейин кийлигишкенге чейин жеткенин, Азиза Абдрасулова деген укукчу “Кыргызстанда геноцид саясат жүрүп жатат” деп айтканы эсибизден чыгалектигин дагы бир жолу эске салып:

- Ошондуктан “Жаманды коногу бийлейт” болбойлу, азыр баары эле эксперт, баары эле юрист, бирок өлкөнүн кызыкчылыгын коргогон жок болуп жатат,- деп айтты.

Гезитте президент Алмазбек Атамбаев 5-октябрда билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганын, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков ТүркПАнын башкы катчысы Жандос Асановду, ошондой эле жапон делегациясын кабыл алганын маалымдады.

“Фабула” гезити Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун “Руханий дөөлөт” деген ат менен өзгөчө таланттуу жазуучу, курбусу, досу, көптү самабаган, азга топук кылып, жашоого ыраазы болгон чоң жазуучу Кубатбек Жусубалиев 75 жашка чыкканын, ал 75 жылдыгын өткөрөм деп Бишкекке деле келерин кудай билерин, алыскы Алайда жашаган Кубатбек башкаларчылап өкмөткө, союзга мааракемди өткөр деп доомат кылбасын, сыйлык, наам бергиле деп даттанбасын, ортого арачы салбасын, Эл жазуучу деген наамды деле албай эле Кердегейдин Кызыл-Үңкүрүндөгү өзү салган тамда күн кечирип келатканын кенен кеп кылды.

Жазуучу Меңдибек Асылбековдун “Сабырдын түбү сары алтын” аттуу ой толгоосу, мугалими Лейла Үтүрованын мугалимдик сыры, депутат Аида Салянованын жашоо-турмушу тууралуу сырлары, ичи тар, калпычы адамдар менен келише албастыгы, адамга сабырды да, акылды да мезгил, убакыт дегендер өзү берерин айткандарын басты.

“Супер инфо” бул санын “Түпкү мааниси алыстап кеткен каада-салттар” деген макала менен ачып, артисттердин маегин, референдумга каршы курултай эртең өтөрүн, ага Адил Турдукуловдун айтканы боюнча “Ата Мекен”, “Улуттар биримдиги”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары катышып, депутаттар Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Чолпон Жакуповалар баяндама жасашарын жазды.

“Вечерний Бишкек” гезити “Текебаев, Салянова жана Шыкмаматов “Мегакомдун” иши боюнча Максим Бакиевдин үлүшүнө кантип табакташ болушкан?” деген Марат Искаковдун, Бермет Маликованын “Мегакомдун” айланасындагы далбастоолор” деген жана башка көптөгөн ар кандай материалдар жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG